Учурда теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген АКШнын чемпиондугу өтүп жатат. Новак Жокович, Рожер Федерер сыяктуу теннисчилердин катарындагы америкалык Энди Роддик мелдештен эрте эле «учуп» кетти. Бул мелдештен соң ал карьерасын жыйынтыктоону чечти.
31 жаштагы теннисчи: «Акырындык менен белден кубат кетип, кортко чыгууга ал жок калды. Мындан башка айла жок»,-деди. Эске салсак, теннисчи Чоң шлем түркүмүнө кирген мелдештерден 2003-жылы АКШнын ачык чемпиондугун жеңген. Ошондой эле теннистеги жетишкендиги 2003-2004-жылдары АТРнын рейтингин 13 апта жетектегени болгон.