Жакында Чолпон-Ата шаарында Балбай баатырдын 220 жылдыгына карата кулатуу боюнча Эл аралык мелдеш өткөрүлдү. 14 чемпиондук кур үчүн болгон мелдеште Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалма мушкерлери күрөш жүргүзүштү. Жыйынтыгында мекендештерибиз триумф жаратып, 14 курдун он бирин жеңип алышты. Мелдеш улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун алдындагы Кулатуу федерациясы тарабынан өткөрүлдү. Анда чемпиондордун тизмеси төмөнкүчө: Чыңгыз Акимов (60 килограмм салмакта, «Чолпон-Ата» клубу), Руслан Ниязакунов, Салмоор Эргешалиев, Рахманжан Муратов, Төлөгөн Сарыков (баары 65, «Стронг»), Мирлан Асеков, Актилек Жумабек уулу (70, «Стронг»), Медер Орунбеков (70, «Жаш-Күч»), Бекназар Кайназар уулу, Төлөгөн Рахманберди уулу (78, «Мухаммед-Умар»), Бакыт Бекбоев (84, «Стронг»).