Башталышы – 19:55 (55 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 250-350 сом
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 50 пайызы (30-август күнү)
Алпаруучулар – Нурзат Токтосунова, Бакыт Букаев
Мыкты номерлер – Мүзүрдүн аккордеон менен ырдаган ырлары жана куудул Жакут Сыдыковдун «13 жашар баланын арманы» ырына пародиясы
Акыркы күндөрү концерттер өз убагында башталып калганын байкап, ич жылыды эле. Бул ирет «Кеңеш» тобу билетте жазылган концерттин убактысын өздөрү унутуп калышканбы, айтор, элди көпкө күттүрүштү. Сыягы, залдын толушун күтүп жатышты окшойт. Концертке «Кеңеш» тобу жакшы эле даярдык көрүптүр. Көпчүлүк сахнаны жасап, жаңы кийимдерди тиктирип убараланбай эле чыгып, созолонтуп концертти бүтүрүп коюшат эмеспи. Бул күнү чыгыш стилинде жасалгаланган сахнага чыгыш стили «жыттанган» «Кеңеш» тобунун ырлары көрк кошуп турду.
Ооба, жеке концерт болгон соң ал майрамга жактырып уккан күйөрмандары гана келет. Бул концерт дал ошондой болуп, эл аз болсо да шаңдуу кол чаап, жандуу отурушту.
Алпаруучулар тыкылдаган Нурзат менен Бакыт Букаев алмак-салмак чыгып, кезек менен конокторду чакырып жатышты. Топту куттуктап келген өкүл кызы Ташкент кызы Гүл, ошондой эле Нурлан Насип, Алина Жетигенова, Ынак Осмоналиев, Гүлжигит Сатибеков өңдүү ырчылар концертти узартып, куудул Жакут Сыдыков жана «Жоролор» тобу өздөрүнүн интермедия, пародиялары менен концертке келгендердин көңүлүн алышты. Топтун концерти жоголуп, көрүнбөй кеткен ырчылардын багын ачты өңдөнөт.
Ии, баса, Мүзүрдүн жубайы, тыкылдаган Гүлмира концерт башталганда «кутмандуу кечиңиздер менен!» деп айткан бойдон бүткүчөктү такыр ооз ачпады. Не балээ, Мүзүр «концертте сүйлөбөй эле койчу?» деп суранганбы же Мүзүрдүн ханышасы болуп эркелегендеги кербезиби, ким билсин?..
Популярдуу «Нике кайып», «Сирень гүлү», «Ханышам», «Ак жамгыр» деген ырлары элди уктаткан жок.
Толик сынчы