Индиялык тасма десе эле биз романтикалуу сүйүүнү, тоо боорунда кубалаша бийлеген кыз-жигитти элестетебиз. Индияда чыныгы жашоо андай эмес. «Жарды аймактан чыккан сулуу» тасмасында дал ушул кадр артында калган турмуштун ак-карасы ачык берилген.
Жанры – Драма
Режиссёру – Майкл Уинтерботтом
Сценаристи – Томас Харди
Ролдордо – Фрида Пинто, Риз Ахмед, Рошан Сет, Калки Коечлин, Анураг Кашьяп, Хэриш Ханна
Узактыгы – 1 саат 57 мүнөт
Өлкөсү – Улуу Британия
Премьерасы – 9-сентябрь, 2011-жыл
Кирешеси – Орусиядан – 28 миң доллар, АКШдан – 240 миң доллар
СҮЙҮҮ АР ДАЙЫМ «HAPPY END» МЕНЕН АЯКТАБАЙТ
Индиянын Раджастан штатындагы кедей айыл. Ал жерде көптүн катарында жакыр, көп балалуу үй-бүлөдө Тришна аттуу кыз жашачу. Бир күнү бул айылга мейманкана бизнеси менен алектенген магнаттын уулу Жей Англиядан келип, Тришнага көз салып, таанышып калат. «Кырсык каш-кабактын ортосунда» демекчи, көп өтпөй кыздын атасы жол кырсыгына кабылат. Атасы ишке жарабай жатса, үйдүн оокатын ким кылмак эле? Чоң жүк Тришнанын моюнуна үйүлөт. Учурдан пайдаланган Жей кызга мейманканада иштегенге сунуш киргизет. Ишенчээк Тришна көп ойлонбой макулдугун берип, Жайпур шаарына багыт алат. Бирок ошол кадамы анын жашоосундагы чоң жаңылыштык экенин Тришна анда билген эмес.
Иштеп жүргөн кезде Жей убакытты көпкө создурбай кызды өзүнө багынтып алган эле. Бирге болгон түндөн кийин эле Тришна намысына чыдабай айылына кетип калат. Айылга барганы менен, атасы кызынын акчасына күн көрүп жатса да, жактырбай, суук кабыл алат. Кийинчерээк Тришнанын боюнда бар экени билинип, келечеги жок наристени бойдон алдырууга туура келет. Көп өтпөй Жей Тришнаны Мумбайга алып барып, экөө чогуу бактылуу көз ирмемдерди өткөрүшөт. Ал бактылуу көз ирмемдер ошону менен бүтпөсө кана?! Жей байдын эрке баласы болгондуктан, бара-бара Тришнага болгон мамилеси өзгөрүп, ага секс-оюнчуктай мамиле кыла баштайт. «Камасутраны» окуп, андагы көрүнүштөрдү Тришна менен жасагысы келчү. Тасмадагы эсте калчу, таасирдүү бир жерин айта кетели.
Жей: – «Камасутрада» сүйүү кумары үчүн аялдын үч тиби бар деп жазылат: абийирдүү таза кыз, көңүлдөш жана жубай. Сен кайсынысына киресиң?
Тришна: – Билбейм...
Жей: – Билбейсиңби? Анда танда. Менимче, сен үчөөнө тең киресиң. Үч сапат тең сенде бар...
Тришна башында абийирдүү кыз болсо, кийин көңүлдөшү, кызматчысы, күңү болду, бирок аялы боло албады. Ошентип, тасманын аягында чыдамы кеткен Тришна Жейди өлтүрүп, акыры өз өмүрүн кыят.
ИНДИЯЛЫКТАРДЫН КЫЖЫРЫН КАЙНАТКАН ЭРОТИКА
Тасмада ачык-айкын тартылган эротикалуу эпизоддор көп кездешет. Бул үчүн индия эли режиссёрго нааразылыгын билдирип, кыжырданып чыккан. А бирок тасма экранга чыгары менен кино сынчылардын көңүл борборуна түшүп, жалаң оң баага татыган. Драма аруу сезим, бактылуу тагдырга ишенүү сыяктуу жерлери менен көпчүлүк сынчылардын көңүлүнөн түнөк алганын айтышат.
АКТРИСА ТУУРАЛУУ
Фрида Селена Пинто 1984-жылы 18-октябрда Бомбейде (азыркы Мумбай) төрөлгөн. Атасы Фредерик Пинто – банктын филиалынын ага менеджери, апасы Сильвия Пинто – мугалим, эжеси Шарон телевидениеде режиссёр болуп иштейт. Мектепти аяктаган соң Фрида англис адабияты жана искусствосу боюнча бакалавр бөлүмүн аяктайт.
2006-2007-жылдары бир нече теледолбоорлорго катышып, жарнамаларга тартылган. Ошондон тарта чырайлуу кыздын багы ачылып, «Жарды аймактан чыккан миллионер» тасмасына кастингге чакырылат. 2008-жылы тасма актрисанын дебюттук кадамы болуп, 2009-жылы 2-пландагы мыкты ролу үчүн «BAFTA» наамына көрсөтүлүп, байгеге татыган.
2011-жылы «Кудайлардын согушу», «Жарды аймактан чыккан сулуу» деген тасмаларда өзүн сынаган. Кошумчалай кетсек, ал – профессионал бийчи.
Жеке жашоосу: Актриса 2001-жылдан тартып мумбайлык маркетолог Рохан Антао менен сүйлөшүп, бирок 2009-жылы жигитин таштап кеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, 2009-жылдан тартып «Жарды аймактан чыккан миллионер» тасмасындагы өнөктөшү, өзүнөн 4 жаш кичүү Дев Пател менен ысык мамиледе экени белгилүү. Фрида косметикалык «L’Oreal» компаниясынын жүзү да болгон. Учурда Нью-Йоркто жашайт.
КОШУМЧА МААЛЫМАТТАР
Гүлжамал Бөрүкулова
kino@super.kg