Бир бүркүм... КЫРГЫЗСТАНГА ВЛАДИМИР ПУТИН КЕЛЕТ...

  • 20-сентябрь күнү Кыргызстанга расмий иш сапары менен Орусиянын президенти Владимир Путин келет.
  • 2012-жылдын январь айынан август айына чейин 22,7 миллиард сом өлчөмүндөгү салык чогулганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
  • Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Чек ара аскерлери Улуттук коопсуздук кызматынын катарынан чыгарылып, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматына айланды.
  • ЖКда ар бир фракциядан экиден өкүл кирген депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссия «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Апрель окуясында Бакиевдердин мүлкүн талап-тоногон» деген айыптоолорду текшерип, бир айдын ичинде жыйынтыгын айтат.
  • 5-сентябрда белгисиз эки адам Бишкекте жашаган соодагердин үйүн тоноп, үй ээсинин инисин бычактап кетишти. Үй ээсинин иниси каза болуп, бир тууганы, аялы жана балдары жарадар болушту. Көп өтпөй 1992-жылы жана 1995-жылы туулган балдар кармалып, кылмышты моюнуна алышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
rozaida
2012-09-10 17:47:13
Билимсиз ээнбаш балдар. Негизи оспурум балдарга мектеп олтургучунан укук саатарында ушул койгой боюнча тушундурмо бериш керек да. Укук сабактарында мыйзам жана жаза кодекстерин тушундуруу зарыл. Мыкачылык кайдан келген жапжаш балдарга ойум ойго болунот. Аала таала ыйман ынсап берсин жаштарга, жалпы калайык калка.
0
7909812
2012-09-10 22:45:25
Бизде Европа деп жаш кыздарыбыз деле балдарыбыз деле ыйман деген эмне экенин унутушту . Ушул жаш балдарга мектептерде ыйман сабагы отулуп кичине ыйман жолуна уйротсо жакшы болмок . Кийин менин балдарым кандай болот деп коркомун . Мектептеги кыздар боенуп , пиволорду ичишип , урушса олуп алсам болдубу деп ата энелерин коркутушат экен . Аллах жашына да , карысына , кызына , уулуна ыйман берсин .
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан