СПИКЕР АЛМАШАБЫ?

Парламентте оппозицияда калган эки фракция биригип «Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк» деп аталган оппозициялык коалиция түзүштү. Аны «Ата Журт» фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев жетектейт. Ошондой эле парламенттин кезектеги жыйынында «Ата Журт» фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков «төрага Асылбек Жээнбеков отставкага кетсин» деген талап койду. «Мен спикер болуп турганда КСДП, «Республика», «Ата Журт» фракцияларынан турган коалиция ураган. Ошондо мени «Биримдик» коалициясынын келишиминин негизинде спикерликтен алып түшүшкөн. Азыр эмне үчүн Жээнбеков иштеп жатат? Ал дагы кетсин!»- деди Ахматбек мырза. Анын мындай пикирин Мыктыбек Абдылдаев менен Каныбек Иманалиев да колдошту. Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев спикерди отставкага кетирүү же ордунда калтыруу маселеси өкмөттүн курамы жана программасы бекитилгенден кийин караларын айтты. Эми спикерлик креслону мелжегендердин саясий оюндарына күбө болот өңдөнөбүз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aote
2012-09-10 10:34:25
tawiep spiker bolgusu kelgenbi a?
0
wwwwalmaz
2012-09-10 11:27:54
кетсин тура кылат
0
FERA
2012-09-10 12:23:03
Келдибеков туура талап койгон
0
skatoruk
2012-09-10 13:48:39
Кетиш керек да туура.
0
Sherik200992
2012-09-11 09:22:13
Келдибековту колдойбуз!
0
kgnur90
2012-09-13 04:15:45
baaryn aidap tawievdi gana alyp keliw kerek
0
kg_girl1991
2012-09-13 21:00:07
Ой койгулачы кетсин келсин деп атып эмнени кыйратык. Башкасы келсе эле жыргатмак беле? Бирине бири душман болушуп элди ойлогон бир да жан жок.
0
Sanu
2012-09-14 22:32:58
Келдибеков эле жыргаттыбы? Майлуу жерлеринен тушуп калышып эле оппозиция эле б-п чыга келишет.баарын кууш керек эч ким иштебейт
0
emilkyrshab
2012-09-15 16:59:52
Балдар бакчасындага кичинекей балдарчылап,"сенн кет,мени таарынттын,сенин оордуна мен кичинекей кучугум менен дос болом" деп отура бергиле,коншулаш олколор эмдигиче нанотехнология,онугуу процесстерин,нефть маселелерин чечип жатышат,жадагалса автомобильдердин жаны сапаттарын таап,олконун онугуусу менен бирге оздору да онугуп,жакшы жашоо куруп жатышат,андай нерселер бизидин чиновниктенрдин тушуно да кире элек!!! БАШЫНДА БОЛСО,ТУШУНО КИРЕТ ДА,болбосо кайдан дейсин,байкуш биздин БОБОКТОР!!!
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан