ЖКнын 5-сентябрдагы жыйынында Камчыбек Ташиев: «Кыргызстанда экинчи Кадыржан Батыров пайда болду. Арабызда улутчул-сепаратист адам отурат. Биз Коркмазовдон мандатын тапшырышын талап кылабыз. Эгерде ал айткан сөздөрү үчүн жоопко тартылбаса, анда эки улуттун ортосунда чатак чыгып кетиши мүмкүн»,- деди.
Эске салсак, Коркмазов маалымат агенттиктерине маек берип, анда «Ата Журт» партиясына билбестиктен кирип алганын, партия улутчул экендигин, партия мүчөлөрүнүн Ош окуяларына тиешеси бар экендигин айткан. Ташиев «мен ал журналистти чакырып алып сурадым. Сүйлөшүүнүн аудиожазуусу да бар экенин айтып, керек болсо арыз жазып бере турганын айтты» деди. Коркмазовду коалициялык көпчүлүккө кошуп алганы үчүн Чыныбай Турсунбековго да бир сыйра күпүлдөдү. Буга жооп кылып Коркмазов «мен андай сөздөрдү айткан эмесмин. Кимден кеткенин убакыт көрсөтөт» деп кутулду. Коркмазовдун жообуна канааттанбаган Ташиев ордунан тура келип Коркмазовду жыйын залынан жетелеп чыкканда артынан жете келген депутаттар арачалап калышты. Ак үйдүн алдында «Коркмазов – саясий сойку!» деген плакаттар менен «Ата Журттун» колдоочулары митинг уюштуруп турушту.