Кыргызстандын Беларустагы, Латвия, Литва Республикаларындагы жана КМШнын Уставдык органдарына караштуу толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев 3-сентбярь күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечимдин себептери ачык айтылбады. Эрик Асаналиев да кызматтан эмне үчүн бошотулгандыгы тууралуу журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты. Ошентсе да элчинин кызмат ордунан четтетилишине Беларусь тарап Кыргызстандын Жаныш Бакиевди кармап, экстрадициялоо өтүнүчүнө эч кандай реакция кылбагандыгы себеп болгондугун түшүнүү кыйын эмес.
Эсиңиздерде болсо, 24-август күнү Эрик Асаналиев КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Жаныш Бакиевди Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн кеңешмеге чакырылган. КРнын Башкы прокуратурасы Беларустун Башкы прокуратурасына өтүнүч кат жөнөткөн. 5-сентябрь күнү Беларустун Башкы прокуратурасы «бербейбиз» деген маалыматты өздөрүнүн расмий сайтына жазып чыкты.
Бул окуяга байланыштуу Бекназаровго тийишкендер чыгууда. «Азимбек Бекназаров «Бакиевдерди алып келе албай жатат» деп президентке көп сын айтат. Беларуска ушул кишини элчи кылып жөнөтүшсүн. Дайыма эле сындай бербей, кантип иштеш керек экенин да көрсөтүп, Азимбек мырза Бакиевдерди алып келсин» деген пикирлер айтылууда. Чын эле... Акыл айтканды билген, иштегенди да билсе керек, Беларуска Бекназаровду жөнөтүшпөйбү?