Өкмөт башына келген Жантөрө Сатыбалдиевдин Министрлер кабинетине ичи чыкпай турат. Депутаттардын алдында жооп берип жатып: «Азыркы өкмөттүн түзүмү мени канааттандырбайт. Сиздер ишеним көрсөтсөңүздөр, өкмөт түзүлгөн соң анын курамын алмаштыруу боюнча атайын комиссия түзүлөт. Эгер иштей албаса, 3 айдан кийин министрлер курамы өзгөрүшү мүмкүн. Азыр убакыт чукул, мен баарын алмаштырам деп экинчи Бабанов болгум келбейт. Эки баскычтуу бюджет ишке киргенден бери вертикалдуу башкаруу мүмкүнчүлүгүн жоготуп алдык. Мен облустарда губернаторлук кызматты калыбына келтирем.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери реформа деп отуруп реформалардын саны боюнча рекорд койдук. Биз жаңы реформаны баштабай, мурда башталгандарын аягына чыгарып, иш менен алек болобуз»,- деди Сатыбалдиев.
Ошондой эле премьер карапайым калкка майдай жаккан кабарды да маалымдады: «Учурда айрым чайкоочулар абалдан пайдаланып, ар кандай сөздөрдү таратышууда. Калк азык-түлүк коопсуздугу боюнча тынчсызданбай эле койсо болот. Жаңы өкмөт мүчөлөрү биринчи кезекте калкты азык-түлүк менен камсыз кылып, кышка даярдык көрөт». Азырынча сөз иретинде. Иш жүзүндө кандай болорун көрөбүз.