БИЙЛИК БИР ТОПТУН КОЛУНДА

Бул үчилтик Кыргызстанды алга сүйрөп кете алабы?

24-ПРЕМЬЕР
Ошентип, Кыргызстандын 24-премьери болуп Жантөрө Сатыбалдиев дайындалды. Ал «мен эч бир фракциянын кадры эмесмин, мен Кыргызстандын кадрымын» дегенине карабай коомчулук КСДП менен президенттин сунушу менен келген премьер катары кабылдады. Ал өзү белгилеп өткөндөй, Усубалиевдин заманынан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келет. Бул жагынан алганда, албетте, өкмөттүн башына тажрыйбалуу адам келди деп кубансак болор эле. Тилекке каршы, эгемендүү Кыргызстандын турмушунда «тажрыйбалуу» деген сөз кадимки маанисинде эмес, тескери маанисинде көбүрөөк колдонулуп, «демек, жеп-ичкенди кыйын билет» деген түшүнүк менен коштолуп калган. Жантөрө мырза мына ушундай калыптанып калган түшүнүктү өзгөртсө, анда элдин алкышына арзыйт.

АК ҮЙДӨГҮ АЖЫДААР ТУУРАЛУУ...
Азыр өлкө, парламент жана өкмөт башчысы – бир команданын адамдары. Андыктан Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөт башына келиши боюнча үмүттүү жылуу пикирлерге караганда сындар көп айтылууда. Анткени бийлик бир адамдын колуна чогулуп калды. Өлкөнүн кызыкчылыгынан саясий компромисс өйдө өтүп кеткенсиди. «Өкмөт башчылыкка жаш, реформатор, энергиялуу, креативдүү адам керек болчу» деген нааразычылык кызуусунда. Ошентсе да үзүлбөс үмүт бүлбүл жанат. Биз эскертип айтпасак да, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев «Ак үйгө барганда ажыдаарга айланып кеткендер» тууралуу жомокту жакшы билет, ага каршы иммунитети бар деген ойдобуз.

АКЫРЫ ШАДИЕВ ДА КЕТТИ
5-сентябрь күнү Жогорку Кеңеш Жантөрө Сатыбалдиев башында турган Министрлер кабинетин жактырды. Эртеси президент Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөттүн курамын бекитти. Коомчулук өкмөттүн курамы түп-тамырынан өзгөрөт деп деле күткөн эмес. Ошондой эле болду. Коалицияга кирген 3 фракциянын ичинен «Ар-намыс» гана кадрларын алмаштырганы болбосо, «Ата Мекен» менен КСДП буга чейин иштеп келе жаткан министрлерге баштаган иштеринин аягына чыгууга мүмкүнчүлүк берүүнү чечишти. Мындан улам «Бабановду гана кетириш керек болгон экен, андан башкалары ордунда калышты» деген ойлор күчөдү. Болгону, КСДПнын квотасы өстү. Ооба, расмий түрдө эмес. Буга чейин «Республика» партиясынын өкүлдөрү башкарып келген Энергетика жана өнөр жай министри менен Тышкы иштер министрин Жантөрө Сатыбалдиев өзү тандап, сунуштады. Демек, кыйыр түрдө КСДПнын квотасы десек жарашчудай. Муну менен чуулгандуу иштерден кулагы көрүнүп, кылмыш иши козголсо да ордунан былк этип козголбогон Аскарбек Шадиевдин министрлик доору аяктады.

«АТА МЕКЕН» НЕГИЗГИ БАГЫТЫНАН ЖАЗБАЙ КЕЛЕТ
«Ата Мекен» 2010-жылдагы парламенттик шайлоо алдында партиянын негизги багытынын бири коррупция менен күрөшүү болорун билдирген эле, ошол багыттан тайбай келе жатат. Буга аталган партиянын атынан Социалдык өнүктүрүү министрлигине барып, «пара алды» деген шек менен кармалган Равшан Сабировдун окуясы, премьер-министр Өмүрбек Бабановго байланыштуу окуялар ачык мисал. «Ата Мекен» башка фракциялар өңдүү коррупцияга айыпталып жаткан партиялашын мандатка жамынып калкалаган жок. «Териштирип, мыйзам чегинде жыйынтык чыгаргыла» деп укук коргоо органдарына кайрылды. Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлигинин башына биздин гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султановду көрсөтүштү. Карапайым калктын көйгөйлөрүн жакындан билген жетекчибиз Кыргызстандын социалдык тармагын кыйын абалдан чыгарып кетет деп үмүттөнүп турган кезибиз.
Дагы бир кызык. Өмүрбек Бабановдун кызматтан кетиши өңгөгө жакпаса да, МАИ кызматкерлерине өзгөчө жакты. Бишкектин көчөлөрүнөн акыркы күндөрү көрүнбөй калышкан эле, Бабанов кетери менен кайрадан жайнап чыга келишти. Баягы жоруктарын карматып, бурч-бурчтан машиналарды тосуп, акча алмайды кайра башташты. Кийинки премьер Бабанов баштаган ушул ишти да аягына чыгарар деген изги тилек бар.

ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗ, ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ КУРАМЫ

Айдай Асанбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Tagaiberdikgiskra89
2012-09-12 13:22:25
Жанторо агабызды жакшы билбейт экенмин. Ал кандай адам озу?
0
Karysh
2012-09-12 21:11:55
Чын жүрөктөн баары бир
0
tokio.kg
2012-09-13 03:57:43
tuura aitasyn chyn jurokton baary bir
0
kgnur90
2012-09-13 04:05:20
mm
0
Toni.ow
2012-09-13 17:23:30
Чынында бул бийлике татыктуу адамдар келбей жатат.
0
Rayimberdi
2012-09-15 09:08:08
Toni.ow, barayin degender bolso kerek tatiktu osholordu bardirbay jatishpaybi bizdin jegichter!
0
cosmopolit
2012-09-13 17:56:53
Кечиресинер...А эмнеге Бабановду кетиришти? жооп жазып койгулачы!
0
BOKESH7777
2012-09-13 19:38:01
Бабанов интригага катуу кабылды. Бирок ото таза киши деп да ойлобойм. Кулук атсыз эле жашай берсе болмок экен, Же жакшы болдубу, эрте.
0
Cyldyzka
2012-09-14 11:55:26
Babanov cakshı ele ıştep atsa kerek ele
0
Kidnessmoon
2012-09-14 16:00:53
Ас саламу алейкум, жердештер! Баягы эле сук коздор. Элди ойлогон эч ким жок, биздинбашкаруучуларда уят калбай калганбы? Чондор байлыкты корго кошо ала кетчудой жанталашпай, Кыргызстанга бир тырмактай жардам берсенер боло? Элди тажатып буттунор.
0
Oimo
2012-09-15 01:13:45
Бийликтегилердиии десе.
0
akumut
2012-09-15 12:28:11
Буларды да королу, курсактары тойгондо оздору кетер же эл кетирет же парламент озу кетирет, бирок ошентсе да умут кылып иштерине ийгилик каалайлы, себеби булар биздин мамлекетти башкарганы олтурушпадыбы креслого!!!
0
Kamalbek
2012-09-15 15:13:20
эчкимисине ишенбейм бийликтегилерге
0
ysymbek
2012-09-15 23:17:47
Kamalbek,адамга ишенбе бир жараткан Аллаага ишен
0
ysymbek
2012-09-15 23:15:35
Э адамзат АЛЛАА озу нысап,ыйман берсин баарыбызга.
0
Take.kg
2012-09-16 13:30:28
Ачыгын айтканда: Бийлике ким келсе да карапайым элге пайда жок, баары озунун тиргилиги менен нан таап жемей, митинг кылабыз дегендер дагы эле баягылар. Умут менен жашап турайлычы Кыргызстаныбыз онолгонун коруп калаар бекенбиз.
0
ruslan1969
2012-09-17 22:02:10
Баягы эле ичип жеп тойбогон союздун калдыктары жаштардан койбойбу партия фракциялар элди эмес оз казандарын толтуруп жатат
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан