Адатта актёр же актрисаларды жараткан ролуна байланыштыра берет эмеспизби. Бирок «Ээнсиреген үй» тасмасындагы Марал жашоодо шайыр-шатман, тамаша аралаш сүйлөп боорду эзген, Аселден бир топ айырмаланган кыз экен. Маекте тасма, жеке жашоосу тууралуу кеп козгодук. Анан да Элина Абай кызына болгон таарынычын айтып алды көрүнөт.
Аты-жөнү – Марал Койчукараева
Туулган жылы – 25-январь, 1990-жыл
Туулган жери – Ош шаары
Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 3-курсунун студенти, актриса
– Марал, сени биз азырынча «Ээнсиреген үй» тасмасынын баш каарманынын ролун жаратуучу катары гана тааныйбыз. Андыктан алгачкы суроом, тасма өзүңө жагабы?
– Ооба, мен сценарийди окуганда эле жактырып калгам. Анткени бул тасмада менин жүрөгүмдү өйүгөн маселелер козголгон. Мисалы, мени биздин өлкөнүн жаштарынын көбүнүн билимсиздиги өкүндүрөт. Алардын 10-12 жашында эле ким болгусу келгенин, жашоодон эмнени каалаганын билишин каалайм. Анан да кыргыздардын баарынын татыктуу жашоо издеп чет жакка кетип калгандары жан кейитет. Эл арасында канча деген таланттар жатат? Бирок биздикилер аларды баалабайт. Тасмадагы таланттуу сүрөтчү деле эмнеге ичет? Анткени аны эч ким көрбөйт, билбейт. Мен Орусияда жашап калбадымбы, Кыргызстанды аябай сагынчумун. Бул жакка келгенде жеңилдеп, жөн гана таза абасы менен дем алганыма сүйүнөм. Апамдын Орусияда жашаганы да өкүндүрөт.
– Апам деп калдың, а атаң кайда жашайт?
– Ата-энем мурда эле ажырашып кетишкен. Экөөнүн тең өздөрүнчө үй-бүлөлөрү бар. Баары менен катташып, биринчи, экинчи атам, апам деп атап алгам. «Канча бир туугансың?» деген суроого келгенде гана такалам. Өгөй атам, өгөй апамдын балдарын кошкондо 9 бир тууганмын.
– Тасмага кайтсак, Асел менен Маралда кандай айырмачылык, окшоштуктар бар?
– Окшоштук мүнөзүбүздө болсо керек. Режиссёр Нурбек байке ошончо кыздын ичинен сырткы келбетим ал ойлогон каармандан башкачараак болсо да, мени тандап алганынын себебин «мүнөзү окшош. Менин каарманым Маралдай катуу кыз болушу керек» деп түшүндүргөн. Ал эми жашообузда окшоштуктар жок. Асел билимсиз, анын апасы жок, атасы аракеч. А меники, Кудайга шүгүр, баары жайында.
– Асел сага жагабы?
– Кайсы гана актёр болбосун, каарманы терс каарман болсо да аны жактырат. Асел жагат. Ал – боорукер, жакшы кыз. Бирок адам чөйрөгө жараша өзгөрөт да. Аны да таш боор жашоо ошондой кылып тарбиялап койгон.
– Коомчулукту дүрбөткөн ачык кадрлар тууралуу сурабай койсом болбос. Эротикалуу эпизоддор кандайча ишке ашты?
– Өнөктөштөрүмдүн баары профессионал актёрлор болгондуктан, мага аябай жардам берип, кеңештерин айтып жатышты. Менин ролго киришиме да ошолор түрткү болду. Мисалы, Болот Тентимишев – аябай жакшы адам. Бирок аны Султандын ролун ойноп жатканда жек көрүп да кетип жаттым. Бирок ошонун жардамы менен Аселдин ролуна кире алдым.
– Тасмага карата айтылган сындарга эмне дейсиң?
– Тасмада роль жаратып койсоң, ал сенин ошондой адам экениңден кабар бербейт. Журналист интервью алып жаткан сыяктуу эле бул деле актрисалардын иши да.
– Нурбек байке сага айтылган акчаны бербей, ачык сценаларга алдап тарттырып алган деген сөздөр чыкты...
– Жок. Ачык сцена бар экенин кастингге келген ар бир кыз билчү. Акча жагынан келишилген сумманы алдым. Нурбек байке менен мамилебиз жакшы. Ал мага чалып абалымды сурап турат.
– Тасмага тартылуу менен эмнеге жетиштиң?
– Адамдарды жакшыраак айырмалап калдым, канчалаган тажрыйба алдым, Парижди көрдүм. Анан бул нерселер үчүн акча да алдым.
– Эмне жоготтуң?
– Ар кандай кеп-сөздөргө кабылдым. Ал үчүн туугандарымдын, өзүмдүн канчалаган нервим короду. Андан башка эч кандай жоготуу көргөн жокмун.
– Кийин балдарыңдын ушул тасманы көрүүсүн каалайсыңбы?
– Ага чейин заман өзгөрөт. Балдарыма 16 жашка чейин мындай тасмаларды көргөзбөгөнгө аракет кылам. Кийин көрүп калса, жакшылап айтып түшүндүрөм. Жашоодо андан башка корко турган нерселер толтура. Мисалы, алардын ооруп калуусунан, туура эмес жолго түшүп кетүүсүнөн көбүрөөк коркуш керек.
– Негизи эле турмушта атактуулукка жеткиң келеби?
– Эгер ал атактуулук мага пайда алып келсе.
– Кандай пайда?
– Жан дүйнөмө ырахат жана акча алып келсе. Ким гана акчалуу болууну каалабасын? Мен да жетиштүү жашоодо жашап, балдарымды мыкты окуу жайларга окуткум келет. Мен да бриллианттарды тагынсам дейм.
– Тасма жаатында келечегиңди көрө аласыңбы?
– Бул иш мага жагат. Тасмага тартылып турсам жакшы болот. Андай болбой калса, эч кейибей эле сүйүктүү мал доктур кесибимди аркалап жүрө берем.
– Азыркы биздин атактуу актёр, актрисалар менен мамилең кандай?
– Мен эми бул чөйрөгө жаңы аралашып жатам да. Көп деле тааныбайм аларды.
– Социалдык сайттардын биринен Элина Абай кызынын сенин ролуңа карата терс пикир айтканын окуп калдым...
– Ал адамды сыйлайм. Аны менен социалдык сайттар аркылуу баарлашып калам. Бирок тасмадан кийин мени жаман кыз деп ойлоп калганын байкадым.
– Кептин нугун жеке жашоого буралы...
– Сүйүктүү адамым бар. Акылдуу, дүйнө таанымы кенен, тамашакөй адам. Мени дайыма колдоп турат. Ал тууралуу башка эч нерсе айта албайм.
– Ал адам да сен сыяктуу эл көзүнө көрүнүп калгандардан эмеспи?
– Балким...
– Жашырып койдуң, ээ?.. Мейли, бул тууралуу кийин сүйлөшөлү. Маегиңе рахмат!
Перизат Музуратбекова
(Айрым сүрөттөр Маралдын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg