Дүйнөлүк тамеки индустриясы – дүйнөлүк экономиканын эң ири тармагы. Жылдык акча жүгүртүү 400 миллиард долларды түзөт. Дүйнөлүк тамеки рыногунун 70 пайызын 4 компания көзөмөлдөйт. Тамекилердин 30 пайызы контрабандалык жол менен ташылат.
Тамеки тартуу боюнча кайсы өлкө канчанчы орунда?
Тарыхынан
Биздин доорго чейинки I кылымда америкалык индеецтер тамекини медициналык жана диний багытта колдоно башташкан.
Тамеки жалбырагын ооруну басуучу каражат катары жараларга таңышкан, тиш ооруганда басышкан.
1492-жылы Христофер Колумбга америкалык индеецтер тамекини белек катары беришкен. Ошондон көп өтпөй тамеки Европага алынып келинип, тарай баштаган.
1596-жылы Европада тамеки баш ооруну айыктыруу үчүн колдонулууга өткөн. Ал үчүн жыттоо керек эле. Эл тамекинин дарылык касиетине ишенишкендиктен, тамеки бат эле популярдуу болуп кеткен. XVI кылымда тамеки бүтүндөй Европага жайылган.
Ал эми Кыргызстанга орустар келе баштагандан кийин таркаган.
1977-1978-жылдары СССРде тамеки кутуларынын сыртында “Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Тамеки тартуу ден соолугуңузга зыян” деген жазуулар жазыла баштаган.
Дүйнөлүк маркалар
Алдыңкы бешилик: «Винстон», «L&M», «Кент», «Бонд Стрит», «Мальборо». Кийинки орундагылар: «Альянс», «Балканская звезда», «Ява», «Тройка», «Оптима», «Парламент», «Петр Первый», «Палл Малл», «21 век», «Camel», «Честерфилд», «Вирджиния», «Ява Золотая», «Дукат», «Vogue», «Море», «LD», «Mild Seven», «Salem».
Дөйнөлүк ири компаниялар жылына орточо эсеп менен, мисалы, “British American Tobacco» 922 миллиард, “Philip Morris” 945 миллиард даана тамеки, ал эми “JTI” (“Japan Tobacco Inc”) жылына 451 миллиард даана тамеки чыгарат жана жылдык таза кирешеси 1,77 миллиард долларды түзөт. Жүздөгөн өлкөлөргө продукциясын саткан бул 3 компания жылына салыкка 40 миллиард доллар төлөйт.
“Никотин” сөзү кайдан чыккан?
Европада тамекини уругунан алгач 1960-жылы француз элчиси Жан Нико өстүргөн. “Никотин” сөзү ушундан улам келип чыккан жана эл аралык тилде колдонууга өткөн.
“Жеңил” жана “күчтүүлөр”
Тамекилердин жеңил же күчтүү деңгээлин алар салынган кутулардын өңдөрүнө карап ажыратса болот:
“Күчтүүлөр” – кутунун сырты кызыл өңдө;
“Жеңилдер” – кутусу адатта көгүш өңдө;
“Өтө жеңилдер” – кутулары көк, же күмүш түстө;
“Экстра-жеңилдер” – кутусу дамамат ак түстө;
“Ментолдуу” – кутусу жашыл.
Жеңил же оор экендиги фильтрдеги тешикчелерге жараша болот. Тешикчелер канчалык көп болсо, тамеки ошончолук жеңил болуп эсептелет.
Тамекинин бөлүнүштөрү
Сигара. Тамеки жалбырагы узунунан кесилип, түрмөктөлүп коюлат. Аппарат менен даярдалса, тамеки жалбырагы кыскараак кыркылып түрмөктөлөт.
“Сигарета” – француз сөзү, бизче “кичине сигара” дегенди билдирет.
Тамекинин калдыгын чогултуп, кагаздын айрындысына ороп тартууну Испаниянын шаардык кедейлери ойлоп табышкан.
Сигарилла – сигарадай эле даярдалат, бирок салмагы 3 граммдан аз, ал эми узундугу 10 сантиметрди түзөт.
Снюс – шведдик тамеки продукциясы. Бул насывай сыяктуу ээкке салынып чегилет.
Кальян – алгач Түркияда ойлонулуп табылып, XIX кылымдын аягында Европага тараган.
Критек – индонезиялыктардын тамеки жалбырагы менен гвоздика (же кофе, ананас) кошуп түрмөктөп, жүгөрү сотосунун кабыгына ороп жасай турган продукциясы.
Биди – Индияда тараган продукция. Тамеки жалбырагынын коромандель кара дарагынын жалбырагына оролуп, жип менен байланып коюлганы. Колдо жасалат.
Папирос – майдаланган тамекинин папирос кагазынан жасалган гильзага салынып коюлганы. Гильзанын аягына калыңыраак кагаз чапталып коюлат. Бул кагаз канжанын ролун аткарат. Фильтр деген болбойт. Чегилүүчү бөлүгү 3-3,5 сантиметрди түзсө, канжанын ролун аткарган бөлүгү 4-7 сантиметрге чейин болот.
Жыттоочу тамеки тамеки чаңынан жасалат.
Чайноочу тамеки (насывай) – тамекинин ийленип, ага тооктун кыгынын же жыгачтын күлүнүн кошулуп, тоголоктолуп жасалганы.
Тамекини ким эмне үчүн чегет?
Атайын сурамжылоодо аялдар жана эркектер тамекини эмне үчүн тарта тургандыгынын себептерин төмөнкүчө көрсөтүшкөн:
Адат боюнча – 50 пайыз
Чыңалуудан арылуу үчүн – 38
Компания үчүн – 34
Рахаттанып эс алуу үчүн – 33
Жаман ойлордон алаксуу максатында – 30
Жумушта дем алуу үчүн – 24
Жөн эле – 24
Чөйрөдөгүлөр чеккен үчүн – 22
Чоңдордой көрүнүү үчүн – 18
Тамекинин жыты, даамы жагат – 13
Кыргызстанда
Кыргызстанда 2009-жылдын 1-апрелинен тартып тамеки продукцияларын жарнамалоого тыюу салынды. Эгер мыйзамды аткаруу бузулса, 50 миң сомго чейин айып салынмакчы.
Кыргызстанда жылына 10 миңге жакын адам тамекинин айынан каза болот.
Өлкөбүздө эң ири тамеки компаниясы болуп “Реемтсма-Кыргызстан” эсептелет. Ал жылына “Полёт”, “West”, “Polo”, “Davidoff”, “Boss” жана башка маркалардагы 3,5 миллиард даана тамеки чыгарат.
Тамеки чыгаруучу компанияларга «Кыргызтамеки» жана «Даймон-Интернешнл-Кыргызстан» да кирет. Буларда жана башка компанияларда «Lambert & Butler», «Embassy», «Regal», «Superkings», «Richmond», «John Player Special» жана башка маркадагы тамекилери чыгарылат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg