«ЗОРДУКТАДЫҢ, МИЛИЦИЯГА БЕРЕМ!»

Бизнестин жаңы түрү. «Зордуктадың, милицияга берем!» деп айдоочу мырзаларды коркутуп акча таап жүргөн кыз-келиндер болууда. Төмөнкү окуянын бири өз кызын пайдаланып акча талап кылып жүргөн эне жөнүндө болсо, экинчиси кызматына кара санатайлык кылган милиция кызматкери тууралуу болмокчу...

КЫЗЫ МЕНЕН ЭНЕСИНЕН ТУРГАН КЫЛМЫШТУУ ТОП
ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, жакында милицияга жаш жигит кайрылып, кызы менен апасынан турган опузачылардын тузагына кабылганын айтып, жардам сураган. Көрсө, жигит август айынын башында бир кыз менен таанышкан экен. Алгачкы эле жолугушуусунда жигит жаңы таанышын кафеге чакырып, эки жаш түн ортосуна чейин кафеде отурушат. Анан экөө бул жагымдуу кечти Ош шаарындагы менчик мейманканалардын биринде улантууну чечишет. Бирок «тойдун» эртеси да болуп, кийинки күнү жигитке кыздын апасы келип «кызымды зордуктады деп милицияга арыз жазам» деп коркута баштайт. Жигит интимдик байланыш кыз экөөнүн ортосундагы макулдашуудан кийин болгонун айтып түшүндүрсө да, апасы сөз укпайт. Бир аздан кийин жумшарымыш болгон аял эгер 2 миң доллар бере турган болсо бул окуяны унутарын айтып, «курмандыгына» ойлонууга бир нече күн убакыт берет. Ары ойлонуп, бери ойлонуп баш чириткен жигит милицияга кайрылууну чечет.
Көрүлгөн чаралардан кийин милиция кызматкерлери Кара-Суу районунун 2 тургунун 30 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүшөт. Алардын бири мурун эки жолу «алдамчылык» менен соттолгон 50 жаштагы айым болсо, экинчиси анын 19 жаштагы кызы болуп чыккан.
Бул ишти иликтеп жаткан оперлер эне-кыздан турган бул топ мурунку айда да ушинтип бирөөнү опузалашканын аныкташкан. Көрсө, бул айымдардын буюртмасы менен бир үйгө буюм жеткирген жигитке үй ээсинин кызы үйүнө кирүүнү сунуштап, аягында экөө бир төшөктө жатып калышкан. Ошол маалда «кокусунан» апасы келип калып «милицияга берем» деп коркутуп, жигитти 22 миң сомго «сындырган». ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү «опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда алардын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат.

«50 000 СОМ ТАЛАП КЫЛЫП ЖОЛДОШУМДУ ӨЛТҮРҮШТҮ»
Экинчи окуянын сценарийи да өзгөчө. «Кайдагы бир келин менен милиция кызматкерлери акча өндүрөбүз деп жолдошумду өлтүрүштү»,- дейт Алай районунун тургуну Топчугүл Абдыразакова.
– Жолдошум 20 жылдан бери Гүлчө-Ош каттамында такси менен эл ташычу. Ушул жылдын 28-март күнү аны Оштон Гүлчөгө бир келин 600 сомго жалдап келиптир. Гүлчөгө келгенде «РИИБге айдаңыз, аяшым иштейт, ошондон акча алып берем» деп РИИБге жеткенде уюлдук телефонун жолдошума карматып, «акча алып чыгам» деп кирип кетет. Бир аздан кийин бир милиция кызматкери (Топчубай уулу Адилет) чыгып «сенин үстүңдөн арыз түштү» деп айтат. Көрсө, Тазагүл Айтматова деген жанагы келин «жолдо келатып айдоочу мени күч колдонуп зордуктады» деп арыз жазыптыр. «Мени жөн эле каралай бербегиле» деп жолдошум үйгө келе берет. Анан телефон чалып милицияга чакырганда экөөбүз бардык. Менин көзүмчө жолдошума түшүнүк кат жаздырганда ал «менин күнөөм жок, бул куру доомат» деп жазып берди эле, күйөөмдү түрткүлөп, уруп, 4 ирет жаздырышты түшүнүк катты. Милиция кызматкерлерине «үйгө барып тамактанып келсин» десем, бир милиция кызматкерин кошуп беришти. Үйгө келип тамактанып кайра кетти. Тынч отура албай кайра барсам, экспертизага алып кетишиптир. Келгенде Эргешбаев Алмаз деген тергөөчү «жолдошуң камалды» деп келин экөөнү киргизип кетти. Таңкы 5терде жолдошум чалып, «милиция кызматкерлери барып машинаны алып кетебиз деп жатышат» деди. Алар бир убакта келип дарбазаны каккылашты эле, ачпай койдум. 29-март күнү түштө чалсам «мени моюнуңа аласың деп уруп, тепкилеп жатышат» деп кайра кечки 5-6ларда өзү чалып, «мени коё беришти, баратам үйгө» деди. Араң басып келди, токмоктоп салышыптыр. «Машинаны сатабыз, 50 миң сом сурап жатышат. Берип кутулбасак жанды коюшпайт окшойт» деп паспортун алып чыгып кетти. Ошол бойдон дайыны жок болгондуктан, дагы камап койгон турбайбы деп кайнатамдарга кабарладым. 30-март күнү эртең менен милиция кызматкерлеринин бирөөсү чалып, «Токтогул муунуп алды» деп айтты. Күйөөм төрт баласын таштап асынып ала турган адам эмес эле. Жетекчиси Кайназаров денесиндеги көк ала тактарды көрүп иштин аягына чыгып берем деп коюп, тескерисинче ишти жаап, кызматкерлерин коргоп жатат. Булар уруп жатып өлтүрүп, анан асып коюшкан да, «өзү асынып алдыга» чыгарышкан. Топчубай уулу Адилетти жумуштан айдап гана кутулуп кетишти.
Арыз жазган Тазагүл Айтматова деген келиндин кайнатасы келининин кылык-жоруктарын айтып, «күнөө келинимде» десе да анын үстүнөн иш козголбоду. «Качып кетиптир, таппай жатабыз» дешти оперлер. Угушума караганда Тазагүл милиция кызматкерлери менен биригип, ушундай жол аркылуу акча таап турушчу экен. Тазагүл Айтматова менен Топчубай уулу Адилеттин акча өндүрүү максатында кылган иши жолдошумдун өлүмүнө алып келип, мен төрт бала менен жесир калдым.

«АРЫЗДЫ БУРМАЛАГАН»
Бул окуя боюнча Ош ОИИБинин маалымат кызматкери Жеңиш Аширбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2012-жылдын 28-март күнү Тазагүл Айтматова аттуу айым Алай РИИБине Ош-Эркечтам жолунун Чыйырчык ашуусунда айдоочу Токтогул Назарматов аны зордуктап, уюлдук телефонун тартып алгандыгы тууралуу арыз жазган. Арызды Алай РИИБинин Жошолу айыл округунун аймактык тергөөчүсү Топчубай уулу Адилет караган. Тергөө жүрүп жаткан учурда белгисиз себептерден улам кылмышка шектүү делинип жаткан Токтогул Назарматов «сыртка чыгып келейин» деп чыгып, өзүн өзү асып алган. Бул иш боюнча Ош ОИИБинин жетекчилигинин жана ИИМдин ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, арызды туура эмес карап, бурмалагандыгы, мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн бир катар кызматкерлер жазага тартылышкан. Кээ бири «кызматына толук эмес ыйгарым укуктуу» деген тартипте иштеп жатышат.

Жадакалса бир же эки күнгө болсо да зордуктоо кылмышына шектүү болуу адамды психологиялык жактан жабыр тартууга алып келет. Чагымдан жапа чеккен эркек айыпсыздыгы билинсе да көбүнчө акчасыз, жумушсуз, үй-бүлөсүз, кадыр-барксыз калып, жакындары да андан жүз буруп кетиши мүмкүн. Куру жалаанын айынан бир үй-бүлөнүн кожоюну каза болгону өкүнүчтүү. Ушундай жол менен акча таап жүргөн адамдар бул окуядан улам эсине келишер...

Нурбек Абдыкадыров, Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

МИЛИЦИЯГА ИШЕНЕСИЗБИ?

Орозбек Шарабидин уулу,
студент:
– Милиция кызматкерлерине ишенсе болот. Бирок 100 пайызга эмес. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, арасында мыйзам бузгандары да жок эмес.

Света Жунушова,
сатуучу:
– Ишенбейм. Ми­ли­­циялар мыйзам бузган адамдар акча берип коюшса, кылмышына көз жумуп бошотуп жи­беришет. Билишимче, азыр көпчүлүк милициялар кылмышкерлерге «крыша» болуп беришет.

Тынчтык Жусупов,
ашпозчу:
– Милицияга такыр ишенбейм. Алар көпчүлүк учурда күнөөсүз эле адамды күнөөлүү кылып, жалаа жаап коюшат. Бизде милиция кызматкерлери мыйзам үчүн эмес, акча үчүн иштешет.

Астра Бусурманова,
мугалим:
– Ишенбейм. Милиция коррупцияга белчесинен баткан. Кылмыш болгон жерде көбүнчө алар акчалуу адамды коргоп, акчасы жок ак адамдарды каралап коюшат.

Чоюнбек Сагынбаев,
милициянын отставкадагы полковниги:
– Ишенем. Бирок азыр Совет бийлиги учурундагыдай тартипти сакташпайт. Көзөмөл, тарбия деген мурдагыдай эмес. Айлыктары аз. Жаштар келишет, аларды үйрөтүшпөйт.

Салима Алмазова,
студент:
– Милицияга күнүм түшкөн эмес. Бирок, угушумча, Кыргызстанда милиция кызматкерлеринин баары эле таза иштешпейт. Арасында пара алып, өздөрү мыйзам бузгандары көп.

Нурбек Кыргызбаев,
жолчу:
– Ишенем. Тартипти сактап, ууруларды, кылмышкерлерди кармап жатышат. Арасында таза иште­беген бирөө жарым бар да. Бирок көрбөгөн соң кантип пара алат деп айтмак элем?

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
rozaida
2012-09-10 21:44:50
Укук клргоо органы деп аталганы менен. Укукту, намысты тебелеп тепсоо органына айланды окшойт. Мен билгенден элге эмес оз чонтогуно кызмат кылышат. Селсаяк ууруларды, чонтокчуулорду ар бир базарларда (крышавать етишет) коз клруно бошотуп коюшат. ким билбесин ушундай окууяларды баарына малым. иншалла Аала барын
таразалайт. Иштебейм деп уятына чыдабаган чыныгы адистер жумуштан кнтип жатышат.
0
nelli
2012-09-11 02:30:52
биздин милициялар кылмышкерлерди тез эле таба койушат го негедир. тез иштешет делону жабыш учун.
0
solnyshko
2012-09-11 13:06:21
эхххх,мен дагы ишенбейм,менин оюмча баардыгы эмес,бирок 90 % милиция кызматкерлери акча дегенде өлүп эле калышат....лижбы ур-токмокко алып күнөөнү башка адамдын мойнуна коюп,акча өндүрүш...Тиги дүйнөдө албетте аябай жесткий жаза аларына ишенемин...
0
Gul90
2012-09-11 16:27:34
мен дагы вообще ишенбейм алардын жолунан алыс кылсын кокус аларга кайрылып ушундай менин акчап жоголду же башка десен не норм койбойт белен анан ким алмак эле деп кайра керсейишет....
0
AFRODITA-89
2012-09-12 00:30:53
беш кол бирдей эмес арасында жакшысы да, жаманы да бар. Акчы табуунун оной жолун тапкандар эсинер барында этегинерди жапкыла! Уят...
0
Bazis
2012-09-12 02:24:37
Булардын баары бирдей. Мен кой акча албайм, совестим жол бербейт деген милицияны коро элекмин. Справка алганы барсан да кой иним бир пакет таштап кет деп турушат.
0
solnyshko
2012-09-12 11:31:54
акча адамды не гана кылбайт ээ?болгону бир канча см кагаз,колдун кири,а от нее столько проблем.Ата-энен бир туугандарын,досторун менен уруштурат....
0
freedom_9494
2012-09-12 19:05:07
Милицияга Эч ким ишенбейт азыр,формачандар оздорунун эле абыроюна чычып алышты го.
0
Murok
2012-09-12 19:51:50
ваще ишенбейм
0
baxa1980
2012-09-13 14:22:03
мен 99% ишенбеймин
0
kgnur90
2012-09-15 02:58:47
baikap korsok eldin 95% milisiyaga iwenbeit eken
0
raia
2012-09-15 17:53:55
милиция менен болинсадан кудай сактасын деген соз бар.Ошондуктан милицадан кудай озу сактасын.
0
elvir
2012-09-19 19:51:00
биздин милициялар кылмышкерлерди тез эле табышат.себеби куноосуз эле адамды алып келип,томонкудой ур токмок м.н кунону мойнуна алдырат да ишти тез эле жабып коёт
0
kyrgyzstan.777
2012-09-23 19:13:33
бул милицияларды жазалаш керек ур токмокко алып бир адамды олтурушкон оздорунда дал ошондой жол м.н олтуруш керек чочколорду
0
Kialbek
2012-09-28 14:35:22
99,99% Ишенбейм!
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан