Жакында Бишкек шаарындагы бир үй-бүлөгө кол салуу болуп, анын кесепетинен бир киши каза болсо, дагы үч киши оор абалда ооруканага жеткирилген. Кылмышкерлер 3 жана 11 жаштагы наристелерди да аяшкан эмес. Ошол эле күнү кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлүп, анын биринин жабырлануучуларга туугандыгы бар болуп чыкты...
КОРООСУ КАНГА БОЁЛГОН ҮЙ
5-сентябрда кечки саат 11лерде 102 телефону аркылуу милицияга Бишкек шаарынын Кум-Арык көчөсүндө киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, үйдүн ичи, короосу бүт канга боёлуп жатканын көрүшкөн. Ал эми тепкичте киши колдуу болуп каза болгон эркек кишинин денеси жаткан. Ал үй ээси Кайырбек Акимкановдун иниси, 41 жаштагы Рысбек Акимканов эле (ред.: өткөн саныбыздагы бул окуя тууралуу кабарда "үй ээси каза болгон" деп жаңылыш кетип калган). Мындан башка да 38 жаштагы үйдүн кожойкеси Миргүл Исабекова, 3 жана 11 жаштагы балдары менен бир нече жерлеринен бычактан жараат алышкан. Аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жөнөтүлгөн. Ашканадан кылмышка далил буюм, колдонулуп, кан болгон 3 бычак табылган.
ТУУГАНЫНЫН ҮЙҮНӨ – КАРАКЧЫЛЫККА
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. Үй ээси Кайырбек үй-бүлөсүн кечки саат 8дерде үйүнө алып келип, жумуштары менен үйдөн кайрадан чыгып кетет. Ошол убакта үйдү карактоо үчүн 17 жаштагы Бактыбек Мукашев келгенде эки баласы менен Кайырбектин жубайы Миргүл жана иниси Рысбек болгон. Кимдер бар экендигин байкаштырып кайра чыккан Бактыбек шериги Гүлжигит менен чогуу кирип келет. Алар жаш балдарды бычак такап коркутуп, акча жана баалуу буюмдарды берүүнү талап кылышат. Каршылык көрсөткөн үй ээсинин иниси Рысбек кылмышкерлер сайган бычактан алган жарааттан каза болот. Ал эми үй ээсинин жубайы Миргүл Исабекова, 11 жаштагы кызы Разия жана 3 жаштагы уулу Айдар кылмышкерлердин бычагынан оор жаракат алышат. Тонойбуз деген ойлору ишке ашпай калганын байкап, экөө эч нерсе алганга жетишпей изин суутушат. Ленин РИИБинин кызматкерлери ошол эле күнү эртең менен кылмышка шектүүлөрдү кармап, иликтөө иштерин башташкан. Жыйынтыгында кылмышкерлердин бири Бактыбек Мукашевдин жабырлануучуларга туугандыгы бар болуп чыккан.
Борборубуздагы кесиптик лицейлердин биринде окуган бала тууганын кантип тоноо тууралуу алдын ала Гүлжигит менен сүйлөшүп, экөө кылмышка бир жума мурун даярданышкан. Бул үчүн эргулдар электрошокер, оюнчук тапанча сатып алып, бычак да көтөрө киришет.
Бул окуяда каза болгон Рысбектин сөөгү кичи мекени – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна жеткирилип, жерге берилди. Ал эми Разия менен Айдар шаардык 3-ооруканада дарыланып жатышса, алардын апасы Миргүл абалы оор экенине карабай балдарын кароодо. Бул кырдаал балдардын психикасына катуу таасир этип, жарааттары айыккан соң да аларды реабилитациялоо каралууда.
“ТОНОЙБУЗ ДЕП КИРИП, КИШИ ӨЛТҮРҮШКӨН”
Бишкек шаардык ИИБинин жетекчисинин орун басары Памир Асанов:
– Кылмышка шектелип Нарын облусунда туулган 17 жаштагы Бактыбек Мукашев жана 20 жаштагы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган Абдурашит уулу Гүлжигит аттуу жарандар кармалган. Алар күнөөлөрүн моюнуна алып, эмне максатта, кантип киргендери тууралуу көрсөтмө беришти. Кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат. Аталган кылмыш боюнча соттук-медициналык, соттук-психиатриялык жана башка экспертизалар дайындалган. Кандарында спирт ичимдиги же баңгизаты болгон-болбогону аныкталууда.
Кылмышка шектелип кармалгандар учурда Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Ал жакка киргенибизде экөө Гүлжигит иштеген курулуштун жанында Бактыбек жашагандыгын, ошол жактан таанышканын айтып беришти. Алардын сөзүнө караганда, Бактыбек Гүлжигитке “эжемдин үйүн тонойбуз” деген сунуш киргизген. Тоногон акчага экөө бирден машина алмакчы болушкан.
Тер коротпой арам жол менен, ал тургай наристе жээндерин бычактаганга чейин барып машиналуу болгусу келген эргулдар эми темир тор артына отурууга аргасыз.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg