НАРИСТЕНИ ИТ ЖЕЙ БАШТАГАН
Жакында уккан адамдын төбө чачы тик тургудай кылмыш иши борбор калаабыздын тургундарын дүрбөлөңгө салды. Тагыраак айтканда, үстүбүздөгү жылдын август айынын этегинде Аламүдүн райондук ИИБинде дагы бир коркунучтуу киши өлтүрүү катталды. Мындай ишке кандай адамдын колу көтөрүлгөнү түшүнүксүз... Эмесе, сөз башынан болсун.
Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда болжол менен түштөн кийинки саат 16лар чамасында Бишкек шаарынын четиндеги Маевка айылынын Тепличная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан ымыркайдын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Ымыркайдын денесин ит таап алган да, аны тиштеп сүйрөп келген. Андан соң тиштегилеп жей баштаган. Ошол тегеректе ойноп жүргөн кичинекей өспүрүм балдар көрүп калып, ата-энесине айтпаганда бул кылмыш иши билинет беле же ит ымыркайды жеп салып, эч ким билбей калмак беле, белгисиз...
КЫЛМЫШКЕР ДАЛЕ ТАБЫЛА ЭЛЕК
Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар ошол замат милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге тез аранын ичинде жетип барып, үрөй учурган бул ишти иликтей башташкан. Ошол күндөгү медициналык экспертиза тастыктагандай, ымыркайдын төрөлгөнүнө 1 күн гана болгон. Ал азиат улутундагы 3 килограмм 450 грамм салмакта төрөлгөн кыз болуп чыкты. Баарынан коркунучтуусу, кылмышкер наристени аёосуз 21 жолу бычак менен сайгылаган. Киндиги үй шартында кесилгендиги да маалым болду. Аламүдүн РИИБи бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш ишин ачып, наристенин энесине жана аны өлтүргөн мыкаачыга издөө салган. Тилекке каршы, канчалаган аракеттер көрүлсө да, иштин бетин ачууга ушул күнгө чейин мүмкүнчүлүк болбой, кылмышкер колго түшпөй келүүдө. Бул кылмыш жалпы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, аны менен катар көп эмгекти да талап кылууда. Буга чейинки айрым иш тажрыйбалар далилдегендей, мындай оор кылмыштын бетин ачууга жалпы коомчулуктун жардамы керек. Ошол себептен милиция кызматкерлери коомчулукту чогуу иштешүүгө чакырат. Эгерде кимде-ким жогорудагы окуяга тийиштүү маалыматтарды билген болсо, 102 же төмөндөгү телефондор аркылуу кабарласаңыздар болот:
Чүй облустук ИИБинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы: 0312 36-88-94, 0553 35-45-32, 0550 83-83-60, 0772 18-46-57.
Аламүдүн РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмү: 0312 36-35-23, 0312 36-33-66, 0555 25-00-18, 0557 80-61-69.
Маалымат берген кишинин аты-жөнү жашыруун сакталарына кепилдик берилет!
Асхат Субанбеков
koom@super.kg