ТӨШӨКСҮЗ ЖАШОО ЭМНЕГЕ АЛЫП БАРАТ?
АЙЫМДАРДЫН ТӨШӨКСҮЗ ЖАШООСУ
Узакка созулган төшөксүз жашоо алгачкы күндөрдө айымдын сексуалдык каалоосун кескин күчөтүп жибергени менен, бир нече айдан кийин ал каалоо таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн. Кийин аял кайрадан жыныстык жашоого кайтканда жагымсыз сезим коштоп, жыныс кынынан суюктукту аз бөлүп чыгара баштайт. Дүүлүгүү да тез боло койбойт. Мындай учурда "уйкуга кирген" эрогендик чекиттерди "ойготуу" үчүн жарым сааттай убакыт сарп кылынат. Ошондой эле оргазм да бир нече айдан соң кайтып келиши мүмкүн.
СЕКСУАЛДЫК КАРМАНУУДА АЯЛДА:
-
болор-болбос нерсеге кыжырдануу, тез ачуулануу, мүнөзүндө олуттуу өзгөрүүлөр жаралат;
-
"мага баары бир" деген сезим пайда болуп, бардык нерсеге кош көңүл карап калат;
-
айыз келер алдында оорутуу пайда болот;
-
тез-тез чарчоо келип чыгат;
-
жатындан кан агуу жана башка гинекологиялык оорулар күчөйт;
-
жатында залалсыз шишик, башкача айтканда, жатындын рагы пайда болушу мүмкүн
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
- Өзүн-өзү канааттандыруу, тагыраак айтканда, мастурбация жасоо керек. Бул кадимки көрүнүш. Мастурбация жасоо төшөксүз жашоодо жашаган адамга көптөгөн гинекологиялык оорулардын алдын алууга жана психикасын сактап калууга жардам берет.
- Жыныстык катнашсыз жашоодо адам өз денеси менен болгон байланышты сактап калуусу маанилүү. Бий – мындай байланышты жаңылоочу эң биринчи каражат. Андыктан фитнес клубда болобу, үйдө болобу, айтор, жалгыз бой аялдарга көбүрөөк бийлөө сунуш кылынат.
- Дененин "уктап калышына" жол бербөө үчүн физикалык жактан активдүү болуп, көбүрөөк кыймыл-аракет жасоо керек.
- Сексопатологго кайрылып, андан сексуалдык жашоого кайтып келүү тууралуу кеңештерди алыңыз.
АЛ ЭМИ ЭРКЕКТЕРДЕЧИ?
Эркектердин төшөксүз жашоосу эрекциянын бузулуп, бел суунун тез түшүп калуусуна алып келет. Уруктун сапатын начарлатат жана агрессивдүүлүктү жаратат. Анын таасири эркектердин жаш курагына жана төшөксүз жашоонун узактыгына жараша болот. Эгер 25 жаштагы эркек темпераменттүү болсо, ал төшөк кумарысыз эки жума да чыдай албайт. Бирок ал ден соолугуна эч кандай зыян алып келбейт.
Ал эми 30-35 жаштагы эркек бир нече айга чейин жыныстык катнашта болбосо, анда жыныстык жактан шал болуу, бел суунун эрте түшүү маселелери жаралат. Бирок сексуалдык ыргактын калыбына түшүшү менен бул өтүп кетет.
50 жана андан жогорку жаштагы эркектердин 2-3 айлык сексуалдык тыныгуусу аларда өмүр бою жыныстык жашоонун токтошуна алып келиши мүмкүн.
ТӨШӨК ОЮНУНУН ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ
Жыныстык катнаш эркектер үчүн простатиттин, аялдар үчүн гинекологиялык оорулардын алдын алуучу эң жакшы каражат экендиги белгилүү. Орточо эсеп менен 30 жашка чейинкилер жумасына 4-5 жолу, 40 жашка чейинкилер 3-4 жолу, 50 жашка чейинкилер 2-3 жолу төшөк оюну менен алектенүүсү керек дешет. Ошентсе да жыныстык жашоо адамдын темпераментинен, психологиялык өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды. Психологдордун, медиктердин, косметологдордун акыркы изилдөөлөрү далилдегендей, секс – ден соолукту сактоочу эң жакшы каражат.
- Кандагы холестериндин деңгээлин түшүрөт.
- Кан басымды калыпка келтирет.
- Сасык тумоого каршы иммунитетти иштеп чыгарат.
- Оргазм учурундагы аптыга дем алуудан улам кан кычкылтекке каныгат.
- Жүрөктү инфаркттан сактайт. Эркелешүү менен оргазмдын аралыгында жүрөктүн тамырлары алгач кеңейип, анан кайра тарыйт, муну менен жүрөктүн кан айлануусу жакшырат.
- Жыныстык катнаш учурунда мээ кан менен жакшы жабдылып, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртат. Төшөк кумары менен үзгүлтүксүз алектенген адамдын чыгармачыл ой жүгүртүүсү мыкты болорун адистер далилдешкен.
- Аялдардын бел оорусун азайтат.
- Чачты жалтыратып, тырмактын өсүшүн жөнгө салат.
- Беттеги безеткилерден арылтат.
- Беттеги бырыштарды жазат. Эгер аял төшөк оюну менен үзгүлтүксүз алектенсе, ал өзүнүн жашынан 5-10 жылга жаш көрүнөрүн медиктер далилдешкен.
- Депрессиядан арылтып, маанайды көтөрөт.
- Бир нерсени тез кабылдоо жөндөмдүүлүгүн күчөтөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (147)
ox oxx oooooxx kalgan sozdorum oshonun ichinde katylgan!!!
Ажырашып кеткендер эмне кылышат.Никесиз зна болуп калат. Жаш туруп эрте эле карып калышабы.??
baku87, Ошон учун ажырашпай ХХХ ХХХ жашаш керек
chanel11, этика нормаларына туура келбеген билдирүүлөрдү жазбаңыз! Эскертүү!
Бел сууну кобойтуу учун кандай чара корсо болот ?
kazemir, бел суундун коптугу кимге керек болуп калыптыр
kazemir,Бел суусун көбөйтүш үчүн жумуртканы чийки ичиш керек!
Эхееее таң калычтуу го бул жагы.
Супер инфо мен силерден бир суранычым бар эле б а суроо бар эле. Уролог торго дегендей кайсыл жерге жазам сураныч купия калтырып койунуздарчы.
бел суусун кантип узакка кармоо керек
билгендер болсо айткылачы достор аялдар арасында бул жагынды чатына кымчып ырахат алгандарда болобу?заранее рахмат.
jeka85, клиторуна ийкелип суйкосо болот кайф
бары жакшы экен а мен болсо гунуго жатам
аяалым экобуз жашым 45де зыяаны жокпу? ге кундору эки жолу тошок курмарында ырахатанабыз
ийгилик байке еч кандай зыйаны жоок болуш керек
Секстен толуп кеткен айымдар да бар го ал эмнеден болот???