– Классташым Бекзат мектептен эле кыз жандуу эле. Жактырган кызынын ары жак, бери жагына чыгып жүрүп, жок дегенде бир өөп кайтчу. Өткөндө “Ош базарынан” ошол классташыма жолугуп калдым. Баягысынан жазбаптыр, ары-бери өткөн кыз-келиндерди көз жаздымынан калтырбайт экен, көзүн ойноктотуп. “Чай ичип кет” деп чакырганынан кечээ үйүнө барсам, аялы экөө урушуп жатышыптыр. Бир чыны чай ичкенден кийин эле аяшым баштады, “классташың үйгө кеч келет. Кээде үйгө түнөбөй да калат. Мына, бүгүн эртең менен келди. Кайда жүргөнүн айтпайт...” деп. Байкуш досум башын жерге салып, унчуккан жок. "Ии, күнөөсү тоодой турбайбы" деп карасам, мага көзүн кысып коёт. Экөөбүз сыртка чыкканда сырын ачып жатпайбы.
"Биздикине келе жатканда байкасаң керек, үйүбүздүн тегерегинин баары эле павильон экенин. Соода кылганы дайыма бирөөсүнө кирчүмүн. Ал жерде жаш келин иштейт. Ак жуумал, өзүн караган тың неме. Мен качан кирбейин, дайыма күлүп-жайнап тосуп алат. Кээде “жаным го” деп тийишип коём. Мени көргөндө тимеле көздөрү коюуланып кетет десең. Бир күнү кирсем, “байке, сиз түрк сериалындагы Мурат деген актёрго аябай окшошсуз...” деп мага да бир топ комплименттерди жаадырып жиберди. Анын сөзүнө эрдемсип кеттимби, дароо “мен андан ашсам ашам, бирок кем калышпайм. Кечинде келейинби?” десем, араң эле турган окшойт, башын ийкеди.
Ошентип, кечинде жетип бардым. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп турдук. Өзү көлдүк экен. Таласка турмушка чыгып, күйөөсүнө таарынып баса бериптир. Учурда таежесинин соодасына жардам берип жүрүптүр. Маек учурунда “күйөөмдү сүйбөйм деле. Кечирим сурап, алып кетем деп жатат. Бирок мага сиздей эркектер жагат” дей салбаспы. Араң турган жаным "кой, пайдаланып калайын" деп бал тилге салдым. Кафеге чакырсам, “биздикине эле барбайлыбы, эжемдер көлгө эс алганы кетишкен, үйдө эч ким жок” деди.
Бардык, тамак жасады, дасторкон жайды, сырадан ичтик. Анан жерге төшөктү кенен салып кумарга батып, ойда жыргадык дейсиң. Таң аткыча жаш келиндин жанын койгон жокмун. "Күйөөм менен эч качан төшөк жыргалына баткан эмесмин, мүмкүн болсо бат-баттан жолугуп туралычы" деп жалдырайт кетеримде. Кечээ да ошонукунда болгом. Аялым шекшип, эртеден бери ошого ызы-чуу чыгарып жатат",- деп башын кашыды.
Бир айдан кийин классташым "павильондогу келин күйөөсү менен элдешип, кетип калыптыр. Ага жолуксам дагы бир жыргайт элем, буттары упузун, балтырлары аппак эле" дейт. Ошондо классташыма ичим күйүп кетти. Баягы "өзүңдүн колуңдан келбейт, келгендерге ич тардык кыласың" деген чын экен.
Мирлан
Астра Айдарова
erotika@super.kg