КЫЛМЫШТАР жана КЫРСЫКТАР

“ХИЗБУТЧУЛАР” КАРАКЧЫЛЫК КЫЛЫШЫП...
“Акча алмаштыруучу жайды тоногон” деп шектелип, Бишкек ШИИБинин из кубарлары тарабынан 3 киши кармалды. Эске салсак, 30-августта таңкы алты жарымдарда “Дордой” базарында жайгашкан “У Сергея” акча алмаштыруучу жайына автоунаа келип токтоп, ичинен камуфляж кийимчен, куралданган, бет капчан 2 адам чыгып, болжол менен 80 миң доллар акчаны тоноп из жашырышкан.
ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, каракчылар отурган Хонда Степвагон автоунаасына башка автоунаанын уурдалган мамлекеттик номери тагылганы билинген. Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү “каракчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кармоо учурунда алардан 4 комплект камуфляж, милиция формасы, жилеттер, кол каптар, рация, бычак, электрошокер, 2 винчестер жана октор алынган. Кармалгандардын экөө “Хизбут тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү экени аныкталган. Мындан сырткары кылмышкерлер качып кеткен автоунаа да табылган. Каракчылар бул автоунааны таанышынан ижарага алып, кылмыш болгондон кийин ээсине эч нерсе болбогондой алып барып беришкен.
Учурда кылмышка шектелип кармалган 1981-жылы туулган Ш.Т., 1980-жылы туулган С.Б. жана 1979-жылы туулган Б.Д. СИЗОго киргизилип, бул каракчылыкка тийиштиги бар калган мүчөлөрү изделүүдө. Маалыматтарга караганда, бир нече жыл ичинде бул акча алмаштыруучу жай 5 жолу тонолгон.

ПАВЕЛ КОРЧАГИН КАРАКЧЫБЫ?
8инен 9-сентябрга караган түнү саат 4төрдө Бишкек шаарынын Кривоносов көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө белгисиз бир эркек киши кирип, бычак менен коркутуп кассада болгон акчаны, спирт ичимдиктерин жана тамекилерди алып изин сууткан.
Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү эртең менен бул кылмышка шектелип борбор шаарыбыздын 1977-жылы туулган Павел Корчагин аттуу тургуну колго түшүрүлгөн.
Улуу жазуучу Николай Островскийдин “Болот кантип курчуду?” романынын эски бийлик менен күрөшкөн, революционер болгон башкы каарманына аты да, фамилиясы да уйкаш адам учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө жүрүп жатат.

5 МИЛЛИОНДОН АШУУН АКЧАНЫ КАРАКТАП КЕТИШТИ
7-сентябрда саат 16лар чамасында Бишкек шаарынын Мурманск көчөсүндө “Темирлан” ААКсынын инкассатордук автоунаасына каракчылык кол салуу болгон. Курулуш материалдарынын кампалары жайгашкан аталган көчөдө жеке фирманын да кампасы болгон. Бишкек ШИИБинин билдиришинче, кампадан акча алып кетип жатышкан инкассаторлорго 20-25 жаштардагы белгисиз 3 адам кол салган. Травмалык тапанча менен куралданган каракчылар ок чыгарып, 5 миллиондон ашуун сом, 6 миңдей долларды “өңөрүп” кетишкен. Автоунаанын айдоочусу жана инкассация кызматкери жараат алган. “Каракчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда кылмышкерлер кармала элек.

ЖОЛДО ЖҮРСӨҢ АБАЙЛА!
9-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 477-чакырымында Шамалды-Сай шаарчасына жакын жерде Хюндай жана Тойота автоунаалары кагышкан. ӨКМнын маалымат кызматынын билдиришинче, жол кырсыгынан 1 киши каза болуп, 8 киши (арасында жаш балдар да бар) ар кандай жарааттарды алышкан. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.
10-сентябрда да кечки 11лерде Жайыл районунда жол кырсыгы катталган. Ауди А4 автоунаасынын 33 жаштагы айдоочусу Бишкек-Ош багытында бара жатып, каршы тилкеге чыгып Хюндай Портер автоунаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Хюндайдын 38 жаштагы айдоочусу жана анын жүргүнчүсү ошол замат каза болгон. Аудинин айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү ар кандай жарааттар менен аймактык ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгынын келип чыгышы иликтенүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Begim8678
2012-09-24 09:15:11
kyrsyktan, Kudai, saktai kør.
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан