ТАМЕКИНИН ЗЫЯНЫН ӨЗ КӨЗҮҢҮЗ МЕНЕН КӨРҮҢҮЗ!

Тамеки 25 түрлүү оорунун келип чыгышына себепкер боло алат. Анын коркунучтуулугу – терс жактары дароо эле байкалбастан, бир нече жылда барып байкала тургандыгында.
Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда эркектердин 60, аялдардын 30 пайызы тамеки тартат. Келип чыгышына тамеки да себепкер боло турган жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунду ээлөөдө.

Тамекиден кайсы органдар зыян тартат?

  • Мээ
  • Омуртка
  • Өпкө
  • Бөйрөк
  • Табарсык
  • Жүрөк
  • Кекиртек
  • Ашказан
  • Жыныстык система
  • Жатын
  • Түйүлдүк
  • Тил
  • Кан тамырлар

Тамекиден өлүм

  • Дүйнөдө ар бир 10 секунд сайын тамекинин айынан 1 адам өлөт.
  • “2020-жылдан баштап ар жылда тамекиден 10 000000 адамдын өлүмү күтүлөт” деген маалымат бар.
  • 1998-жылы тамекиден дүйнөдө 4 000000 адам өлсө, 2008-жылы 49 000000 өлгөн.
  • Тамеки тартуучулардын 10 пайызы рактан көз жумат.

Буларды да билип ал!

  • Тамекиден улам организмдин уулануусу эрте картаюуга алып келет!
  • Бойдо бар кезде тамеки тартуу балдардын салмагына жетпей жана ошондой эле ара төрөлүп калуусунун себепкери (20-30 пайыз) болуп эсептелет.
  • Жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышын шарттайт. Мисалы, кан басым көтөрүлүп, жүрөк кеңейип, иштөөсү бузулат.
  • Тамеки тартуучулар өзү курактуулардан 10-20 жыл мурун эрте көз жумушат.
  • Коңурукту, сөөктө морттукту (ос­теопороз) пайда кылат. Сөөк морт болсо, адам жыгылса эле бир сөөгүнөн жарака кетип же сынышы мүмкүн.
  • Беттин терисине, дегеле денеге бырыш эрте түшкөндүктөн, адам өз курагынан улуу көрүнөт.

Тамеки чегүү рак ооруларына жеткизет!

Тамеки төмөнкү органдарды ракка алып келет: өпкө, колко, кекиртек, ооз, тил, уйку бези, табарсык, бөйрөк.

Өпкөнүн рагын суутектин кычкылы жаратат!

Тамекинин түтүнүндөгү абдан көп сандагы суутектин кычкылы (перекись водорода) өпкөнүн рагына жеткизет. Суутектин перекисинен улам рецептор иштешинен жаңылат да, клеткаларга жаңыланууга «буйрук» берет. Клеткалар чексиз бөлүнө баштайт да, оору келип чыгат.

***

Тамекинин түтүнүндө 12 000ге жакын түр­дүү заттар жана химиялык кошулмалар бар. Алардын 196 – уулуу, ал эми 14 – наркотикалык.

Тамеки тарткан адам эмне үчүн жөтөлөт?

Организмдин дем алуу жолдоруна кирген чоочун затты, башкача айтканда, түтүндү түртүп чыгаруу үчүн кылган аракети.

Тамеки – акырындан өлтүрүүчү уу

  • Фильтрлүү 1 даана сигаретте чайыр 14 миллиграммды, никотин 1,2 миллиграммды түзөт.
  • Фильтрсиз сигаретте чайыр 16 миллиграммды, никотин 1,3 миллиграммды чапчыйт.
  • Никотинди чоң дозада кабыл алуу нерв системасын шалга учуратат (жүрөктүн токтошу, өлүм).

Тамекини кантип таштоо керек?
(адистин кеңеши)

Бишкектеги “Демнур” медициналык борборунун директору Өмүралиев Шайлообек Акматович төмөнкүдөй кеңештерди берет:
1. Алгачкы кадам – тамекини таштоого чечим кабыл алуу.
2. Адам өзүнө “мен эмне үчүн чегем?” деген суроону берүүсү керек. Мисалы, “мен стресстен арылам деп чексем, анда эмне үчүн тамактан кийин деле же жөн эле чегем?” деп анализ жүргүзүүсү зарыл. “Демек, “стресстен арылтат” деген оюм жөн эле өзүмдү алдоо экен” деп чындыкты моюнга алуусу кажет.
3. “Тамекини таштоо – кымбат нерсени таштоо эмес, таштандыны (организмди уулап, ооруга апкелгенден тышкары пайдасы жок болгон соң таштанды эмей эмне?!) таштап жатам” деп саноосу керек.
4. Эмки кадам организмдеги тамекиге каршы рефлексти (биринчи чеккенде кускусу келип окшойт, дал ушундай рефлексти) калыбына келтирүү кажет. Анткени адам тамеки чеге берип, тилинин рецепторунун функциясын жоготуп салат.
Калыпка келтирүү үчүн 3 маал тилди кырып тазалоо кажет. Ал үчүн тилди чыгарып сол кол менен кармап, оң колдогу кашык менен кырып тазалоо туура. Ошондо адам окшуп, рецепторлор кызматын аткара баштайт.
5. Дем алуу көнүгүүлөрү. Тамеки чеккендердин өпкөсү начар иштейт. Анын үстүнө, чеккендер организмине кычкылтектен көрө көмүртекти көп берет. Андыктан адам дем алуусун калыпка келтирүүсү кажет. Ал үчүн терең дем алып, абаны ичте 5-7 секунд кармоо зарыл. Ичте аба калбоосу керек. Бул көнүгүүлөр адам дем алуусун калыпка келтиргиче жасала берет.
6. Рухту азыктандыруучу көнүгүүлөр (булар адистин көмөгү менен ишке ашат).
7. Денедеги тамекинин уулары, шлактар чыгуусу үчүн атайын диета кармап, суюктуктарды көп ичүү зарыл. Винегрет салаты (кызылчасы менен капустасы көп болуусу кажет) жана ширелер пайдалуу. Мончого түшүп же жумуш кылып тердеп, ууларды тери аркылуу чыгарууга да киришүү абзел.
8. Нерв чекиттерине таасир этүү менен укалоо (адис ишке ашырат).
9. Тамекини чеккиси келгенде кумарын басуу үчүн муздак душ кабыл алуу, кулактарды толук укалоо зарыл.
10. Аромотерапияны колдонуу. Тамекинин даамын таткысы келгенде (биротоло таштаганча жана андан кийин да) жыпар жыттуу атырларды (мечиттерде да сатылат) жыттоосу же себинүүсү зарыл. Болбосо, сормо момпосуйларды соруу кажет.
11. Үйбүлөсү моралдык колдоо көрсөтүп, анын тамекини таштоого кудурети жете тургандыгын, жакшы иш кылып жаткандыгын айтып, рухун көтөрүүсү зарыл.
12. Ичкиликти кошо таштоо зарыл. Болбосо, таштоо абдан кыйын.
Эгер адам жогоруда айтылгандарды 7 күн колдонуп, тамекини бир жолу да колуна кармабай чыдап койсо, анда тамекини таштап коё алат.
Эскертүү: Кыйналып кетип, “бир жолу чегип койсом эч нерсе болбос” деп бир ирет чегүү жаңы­лыштык. Анткени адам таштай албай калат. Андыктан 7 күн ичинде бир ирет да чекпөө зарыл.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 338, 24-30-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан