КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АЙЛЫГЫН ЖЕГЕНДЕР КАРМАЛЫШТЫ

Токмок шаарындагы №2-психоневрологиялык жатак-үйүнүн жетекчилиги 349 миң сом акчаны өз кызыкчылыктарына иштетип жиберишкен. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Токмок шаардык соту бул иш боюнча аталган жатак-үйдүн мурдагы кассири Галина Намолованды 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 7 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Тергөө учурунда төмөнкүлөр белгилүү болгон: Галина Намолован аталган мекеменин башчысы Дүйшөнкул Алтымышев жана башкы эсепчи Наризат Жуманазарова менен сүйлөшүп алып, интернат кызматкерлеринин 349 миң сом маянасын өзүнө алып койгон. Өз ишине шалаакылык мамиле кылганы үчүн сот мекеменин жетекчиси менен башкы эсепчини айыптуу деп тапкан. Жыйынтыгында бирөө соттолуп, экөө кызматынан бошотулушту.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан