10-сентябрда саат 23төр чамасында Жайыл районунда дагы бир жол кырсыгы катталды. Бишкектен Ошту көздөй бараткан Ауди-100 унаасынын айдоочусу каршылаш келе жаткан унаанын жолуна чыгып кетип, Хундай-Портер унаасы менен кагылышкан. Аудинин ээси 33 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болсо, Портердин айдоочусу 38 жаштагы Военно-Антоновка кыштагынын тургуну болгон. Окуя болгон жерден Хундай-Портердин айдоочусу жана жанындагы бир жүргүнчү дароо каза болушкан. Ауди-100дүн айдоочусу жана ичиндеги эки жүргүнчү оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.