Чүй облусунун аймагында ташып кетүү коркунучу бар 18 көл жайгашкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Быйылкы Тез-Төр көлүнүн ташып кетүүсүнөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак менен Талас облусунан баштап кооптуу делген көлдөрдүн үстүнөн иликтөө иштерин жүргүзгөндүгүн айтат министрдин орун басары.
"Жалпысынан 2013-жылы 13 көлдүн ташып кетүү коркунучу бар. Аларды болтурбоо үчүн көлдөрдүн тосмолорун бекемдеп, суу өткөрбөөчү дамбаларды куруу пландалууда. Ала-Арча суусунун жанында суу өткөрбөөчү дамбаны куруу сунушу айтылып, учурда каражаты эсептелип жатат. Эсебин чыгаргандан кийин сунуштарды беребиз. Азыр Ала-Арча тоо кыркаларында эле 18 ташып кетчү коркунучтуу көлдөр саналууда",- дейт.