ЧИФИР БЕЛ КУБАТТЫ ТӨМӨНДӨТПӨЙБҮ?

– Мен көп жылдан бери чифир ичем. Буга көнүп калгандыгымдан жакындарымдын кой дегенине да болбойм. Аялым болсо“чифир сени төшөктө алсыз кылып коёт болуш керек” деп корко берет. Аялымдын бейпайга түшүп жатканынын жөнү барбы? Самарбек, Кант.

– Негизи, көп жылдап чифир ичүү гормондордун иштөөсүнө таасирин тийгизээри чын. Бул болсо төшөк кумарына болгон талаптын азайышына жеткирет. Антсе да бул эркектин организмине көз каранды болот. Мисалы, аталган абалга саламаттыгы чың эмес эркектер кабылышат. Ал эми дени сак эркектерде мындай көрүнүш сезиле бербеши мүмкүн. Ушундан улам сиз өзүңүздүн ал-ахвалыңызга, төшөккө болгон талабыңызда өзгөрүүлөр болсо, ага карап жыйынтык чыгарып алсаңыз болот.


ЭТЕК КИРИМДИН КЕЛЭЭРИН ТҮШҮМДӨН БИЛГЕНИМ МИСТИКАБЫ?

– Бир жылдан ашык мезгилден бери ар ай сайын бир нерсени байкап келем. Үч күн катары менен этек киримдин келип жатканы түшүмө кирет да, төртүнчү күнү этек кирим чындап келип калат. Бул эмне, мистикабы? Жанара, Көкжаңгак.

– Негизи, мындай түш мистика болуп эсептелбейт. Анткени, организм этек кирдин качан келээрин сезип-туюп турат. Болгону, сиз организмиңиздеги өзгөрүүнү түнкү уйкуңуздагы түш аркылуу сезип жатасыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан