ТОНОП КЕТҮҮЛӨР КҮЧ АЛДЫ

8-сентябрь күнү кечке маал Кара-Балта шаарындагы унааларга май куюучу жайды белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Бет кап кийген эки адам май куюучу жайдын оператору отурган жерге кирип келишкен. Бет капчандардын бири аял киши болгон. Кылмышкерлер тиги кызматкерди уруп-сабап, ден соолугуна олуттуу зыян келтиргенге чейин барышкан. Андан соң арам максатын ишке ашырып, кассадан 41 миң сомду алып кеткен бойдон көздөн кайым болушкан. Жабырлануучу адамдын айтымында, кылмышкерлер 20-25 жаштардагы адамдар болушкан. Европа түспөлүндөгүлөр деп болжолдогон. Учурда Бишкек жана Чүй облустарынын ИИБи тарабынан издөө иштери жүрүүдө.
Ал эми Сокулук районунда бирөөнү уруп, коркутуп, акчасы менен унаасын алып кеткен адам колго түштү. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Капар аттуу адам түн ортосунда Күн-Туу айылындагы 55 жаштагы А.А. аттуу аялдын үйүнө кирип барып акча талап кылган. Аялды уруп, 3500 сом акчасын жана Москвич үлгүсүндөгү унаасын минип кеткен. Ыкчам иликтөө иштери учурунда шектүү катары 48 жаштагы аталган жаран кармалган. Бул иш боюнча да учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан