ЖАШ БАЛДАРГА АСЫЛГАН АК КАНДУУЛУК ООРУСУ

ООРУГА АНЫКТАМА
Ак кандуулук оорусу (лейкемия) рак ооруларынын катарына кирет. Мында кан пайда кылуучу органдарда (сөөк чучугунда, кемиктерде) жана башка органдарда (бөйрөктө, нервдерди бойлото, териде) өсүп жетилбеген клетка элементтери көбөйүп, организмде дени сак клеткалардын пайда болушуна тоскоолдук жаратат. Натыйжада кан пайда кылуучу систем бузулуп, айрым органдар (боор, көк боор) шишип, кан азайып, иммунитет начарлап, ак кандуулук оорусу пайда болот.

РАДИОАКТИВДҮҮ КАЛДЫКТАРДЫН КЕСЕПЕТИ
Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Дамира Байзакова мындай дейт:Ак кандуулуктун негизги себептеринин бири болуп радиация-нурдануу эсептелет. Кыргызстан боюнча мындай ооруга чалдыккандардын дээрлик көпчүлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары. Себеби аталган аймактарда радиоактивдүү (уулуу) заттар көп кездешет. Жалал-Абад аймагында радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн жайлар көп. Ал эми Ош облусунун тургундары тамеки талааларында көп иштешкенинен, күндүн ысыгынан инфекциялык оорулардын көп кездешкенинен жана социалдык абалдын начардыгынан бул илдет келип чыгууда. Ошондой эле аталган аймактарда Союз учурунда пахта талааларына учак менен химиялык жер семирткичтерди чачышкан. Бүгүнкү күндө наристелердин ак кандуулук оорусу менен төрөлүп жатканына дагы бир себеп ошол кезде пахта талаасында иштеген кыз-келиндердин ден соолугуна байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан түштүк жергесинен келип жаткандардын саны көп.

СӨЗСҮЗ ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТҮҮ КЕРЕК
Эгер адамда жогорудагыдай оорунун белгилери пайда болсо, дароо дарыгерге көрүнүп, текшерүүдөн өтүү зарыл. Убактылуу көрүнүш катары карап жүрө берсе, адамдын өзүнүн каны жоголуп, таза кандын ордун ак кан басат да, оору өтүшүп кетет. Оорусу өтүшүп кетсе, дарылоо да кыйынчылыкты жаратат.

ООРУГА ЧАЛДЫККАНДАР ҮЧҮН ӨЗҮН АЛЫП ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕСИ

  • Ачуу тийген күндүн нурунан сактануу керек.
  • Суукка урунбай, жылуу жүрүү зарыл.
  • Ар кандай инфекциялык ооруларды жуктуруп алуудан этият болууну биринчи орунга коюусу шарт. Себеби иммунитет төмөн болгондуктан, коркунуч жаралат.
  • Чала бышкан азыктарды колдонуудан алыс болгону оң. Себеби организмге азык аркылуу инфекция кирип кетиши толук мүмкүн.
  • Химиялык дарылануу мезгилинде (дары-дармек кабыл алууда) куурулган жана туздуу тамак-ашты менюсунан алып салуу туура.
  • Көбүнчө канды көбөйтүүчү азыктарды колдонуу сунуш кылынат.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
Ак кандуулук менен жаш балдар көп оорушат. Андыктан оорунун алдын алуу үчүн алардын тамак-ашына, жашаган жеринин экологиясына көңүл буруу зарыл. Наристелердин аталган оору менен төрөлүп жатышы энеге да байланыштуу. Кош бойлуу кезинде тамеки чегип, спирт ичимдиктерин колдонуусу, аз кандуулуктан жабыркоосу да себепкер. Баласынын ден соолугу чың болушун кааласа, тамеки, спирттен алыс болуп, витаминдүү азыктарды колдонушу шарт.

СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТ

  • Ак кандуулук менен көбүнчө жаңы төрөлгөн наристелерден тартып 15 жашка чейинки балдар жабыркайт.
  • Кыргызстан боюнча 10 жылдан бери аталган оору боюнча каттоодо турган жаш балдардын саны 600-700гө чукул.
  • Кыргызстанда жылына жаңы төрөлгөн балдардын арасында рак ооруларына чалдыккандардын саны 200гө жетет. Алардын ичинен 40-50 наристе ак кандуулук менен төрөлөт.
  • Оорусу жеңилирээктер Кыргызстандын шартында дарыланып, айыгышат. Бул көрсөткүч 60-70 пайызды түзөт.
  • Оорусу жеңилирээк бир баланы дарылоо үчүн 2 жыл убакыт керектелет жана дары-дармегине 3-4 миң доллар сарпталат.
  • Ал эми оорусу өтүшүп кеткендер жана оорунун татаал түрү менен ооругандар Италияга операция жолу менен айыктырууга жиберилет. Италия мамлекети акыркы 10 жылдын ичинде жардам иретинде кыргызстандык 80ге жакын баланы бекер дарылап берген. Ал жакта бир баланы толук дарылоого 200-300 миң доллар каражат бөлөт. Анын ичинде жол киреси, тамагы, жашаган жери да каралган.
  • Ал эми Кыргызстанда Балдар онкологиялык бөлүмүнө дары-дармек алуу үчүн 2012-жылга карата мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнгөн эмес.

Кубаныч Сыдыков
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаш балдарга асылган ак кандуулук оорусу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Nazika_1990
2012-09-17 17:09:19
Кудай сактасын.....
0
litpa
2012-09-17 17:18:34
Урматтуу супер инфонун журналисттери!
Бул макаланар калкка маалымат беруу жагынан пайдалуу макала болуптур, бирок устуртодон эле жазып тим болбой, жакшылап иликтоонорду сунуш кылат элем. Аты аталган дарыгер Кыргызстан боюнча балдардын рак оорусун даарылаган жападан жалгыз врач болгондуктан, ак кандуулук оорусуна чалдыккан балдардын ата энесинен кандай гана акчаларды алып, акчанын коломуно жараша мамиле кылаарын билбесенер керек...
+1
litpa
2012-09-17 17:23:20
Италияга дарылоого алып кеткен балдардын бири да айыгып келбептир, же ошол жактан, же Кыргызстанга кайтып келгенде чарчап калыптыр. Ата - энелерге кылган мамилесин коруп Кудайым жакындарымдын бул ооруга чалдыгуусунан сактай кор деп тиленесин...туура мамлекет чеке жылытаарлык каражат болуп бербейт экен, бирок гумжардамга келген нерселерди да жакшылыктуу таратпайт экен, баардыгын оорулуу балдарын сактап калуу учун баарына даяр ата энелери толойт. Айта берсе арман коп..
0
litpa
2012-09-17 17:26:35
Балдары чарчап калган ата энелердин ызасына, куйутуно конул айтып гана тим болгондун ордуна, мен сага айтпадым беле баары бир олот деп, деп анкылдайт экен... Мед академияда окуган студенттер окуп калышса, сураанарым ал аялдын озун Кудай сездирбей, ушул балдардын рак оорусун айыктыра алгандай адис болуп чыкканга чон аракеет кылгыла дейт элем :((
+1
litpa
2012-09-17 17:32:32
Ошол балдар даарыланган бейтапканда бир эле кунунорду байкоочу катары откорсонор ( дарыгер бар учурда) баарын тушуносунор. Ак кандуулук оорусу менен ооруган балдардын иммунитети томон деп зыяратчы туугандарын киргиздирбейт, бирок дааватчысы деле, христиан миссионерлер деле, гум жардам берип атышат деп америкалык туристтер деле кирип журо беришет. Даават кылганы даават кылып, америкалыктары экзотика коргондой балдар жана ата энелер менен баарлашып. Кыскасы нарушениялар ото коп...
+1
kumushai
2012-09-18 15:08:04
кудай сактасын менин эжемин баласы да ушинтип ооруп калды,.. бишкекте даарыланып жатат бирок биз жакта экология таза
эле болчу дагы эмнеден болушу мумкун, айыгып кетиши мумкунбу?
0
Sandra
2012-09-19 02:59:42
kudaiym saktasyn,menin ejem bul ooru menen kyroschyp jatyp kaza bolup kaldy.5balasy jasch kaldy
0
evgeniya
2012-09-19 03:57:18
мен кесип тандай албай аткам,мына эми билем мен врач болом кучумдун баарын колдоном кыргызымдын келечеги учун балдар биздин келечегибиз ,азыр деле алар оорубаса экен деп тиленем мага койсо бекер эле даарылайм ,адамзаты миллиондогон акчаларды тапса болот бирок жаш болобу,чон болобу адамдын омурун таба албайсын же кайтара албайсын аман бололу эч качан оорубасын жаш ,кичинекей бобоктор!
0
nazgul8076
2012-09-19 13:22:19
Кудайым сактасын, эх жаш наристелер оорубасын. Автор рахмат, кызыктуу материал экен.
0
tatakozy
2012-09-20 17:59:22
Кудай сактасын.
0
ayildik_kiz
2012-09-26 12:41:09
Ооруп калган адамдарга Кудайым шыпаа берсин!Оорулуулардын жакындарына чыдамкайлык менен сабырдуулук,анткени оору багыш ото кыйын нерсе!Силер да кыйнаган оорудан кутулуп арабызга баатыраак кошулушунарды тилейм!
0
ayildik_kiz
2012-09-26 12:44:49
Туура эн жирный месталар врачтар учун булар:онкология,туберкулезный диспансер,нарко диспансер,хирургия,псих.диспансер.Ушулар жонундо да маалымат жазсаныздар,мен да врачтардын шалаакылыгын,паракорчулугунун кубосу болгом!
0
AGAT
2012-09-26 13:53:51
ayildik_kiz, сунушуңузга рахмат.
Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коем.
0
ainura21
2013-05-06 00:58:19
эн биринчи ден-соолук , кудай дарт берсе шыпаасы менен берсин . ден-соолугун болбосо дуйно карангы, озун да кыйналасын, жакындарынды да кыйнайсын.ден-соолук, ден-соолук жана ден-соолук калганынын баары табылат.
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан