ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (17-сентябрдан 23-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Убакыттан уттурбайын десеңиз, бул аптада башкалардан жардам күтпөй, иштериңизди өзүңүз бүтүрүүгө тырышыңыз. Сүйүү жаатында бойдоктор издеген адамына кезигет. Жумуш боюнча айрымдар иш сапарына чыгуулары мүмкүн. Апта соңу ден соолугуңузга кам көрүп, эс алууга убакыт бөлүңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Каржы тартыштыгы жаралбаш үчүн акчаны үнөмдүү колдонуу керек. Жардам сурагандарга жок деп айтканыңыз оң. Болбосо мойнуңузга минип алуулары мүмкүн. Жумушта көзүңүз жетпеген ишти бүтүрүүнү колуңузга албаңыз. Ал эми үй-бүлөдө пикир келишпестик орун алышы мүмкүн. Чырды ырбатуудан этият болуңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көптөн бери эңсеп жүргөн сапарга аттанууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аны менен бирге мурдагы тааныштарыңызга, айрымдар жүрөктө калган адамына жолугуп, өткөн күндөрүн баракташат. Жума күнү документ иштери менен алектенүүгө туура келет. Жекшембиде тиричилик буюмун сатып алуу үчүн базарга баш багасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичи иштин көптүгү менен оор болсо да, жыйынтыгы жемиштүү болмокчу. Кыймылсыз мүлк сатып алууну көздөгөндөрдүн тилеги орундалып, кубанышат. Бейшембиде бойдокторду жагымдуу таанышуулар күтөт. Кээ бирлердин жылдызы келишип, үй-бүлө очогун тутантууга кадам таштоолору мүмкүн. Дем алыш күндөрү төрүңүздөн коноктордун орун алышы күтүлүүдө.

АРСТАН (23.07-23.08)
Алдыга койгон пландарыңызды ишке ашырууга аракет кылыңыз. Ишти жалгыз баштагандан кооптонуп жатсаңыз, жакындарыңыздын жардамына таяныңыз. Апта ортосунда сүйүү жаатында күтүлбөгөн окуяга кабылышыңыз мүмкүн. Бирок убактылуу азгырыктан баш тартыңыз. Болбосо үй-бүлө очогуна өзүңүз суу сээп аласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүндө бош болосуз. Андыктан эс алып, ден соолугуңузду бекемдөөгө киришиңиз. Илим жана билим жаатындагылар көптөн күткөн маалыматтарга ээ болушат. Шаршембиде буюмуңузга сак болуңуз, жоготуп алууңуз ыктымал. Апта соңу алыстагы жакындарыңызга сапар тартып, кабар аласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө орун алган күтүүсүз окуя жашооңузга өзгөрүү алып келет. Айрымдар окуяга тиешеси жок болсо да, чыгым тартып калуусу күтүлөт. Аларды кийинкиге калтырыңыз. Жума күнү каржылык абалыңызды жакшыртууга кызыктырган сунуштардан оолак болуңуз. Алдамчылардын тузагына илинип калбаңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта бир катар кыйынчылыктар менен коштолот. Материалдык жактан жардамга муктаж болосуз. Алыскы сапарга аттана тургандардын сапары кийинкиге жылып кетиши мүмкүн. Апта соңунда баштан өткөн кыйынчылыктарды жеңүүгө кеңеш берген адамга жолугуп, жеке жашооңузга тиешелүү олуттуу чечим кабыл алууга жетишесиз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ийгиликке жетүү үчүн бирге иштешкендер менен талашып-тартышууга жол бербей, тилин табыңыз. Иш боюнча сунуштар түшсө ойлонбостон макул болуңуз, капчыгыңызды кампайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бейшемби – бойдоктор жактырып жүргөн адамына сүйүүсүн ачыктоого ыңгайлуу күн. Апта аягында бейтааныш адамдар менен чатакташуудан качыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аткара турган иштериңизди пландап алсаңыз, убакыттан уттурбай, оңтойлуу жыйынтыкка ээ болосуз. Акчага байланышкан иштерде сак болуңуз, алдатып же жоготуп алышыңыз мүмкүн. Эс алуу күндөрү алыстан келген конокторду тосуп алууга даярдана бериңиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жаңы иш баштайм дегендер адистердин кеңешин угуп алганы оң. Болбосо катачылык кетирип, ойдогудай жыйынтыкка ээ болбой каласыз. Кумар оюндарына аралашпаңыз. Мунун артында жакын адамдар менен мамилеңизге доо кетирип аласыз. Жекшемби күнү жакын санаалаштардын биринин тоюна чакыруу келет. Натыйжада чөнтөк жукарат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада ишиңизде, окууда чоң ийгиликтерге жетишесиз. Муну менен маанайыңыз көтөрүлүп, өзүңүзгө болгон ишенич артат. Апта ичинде мурда кимдир бирөөгө берген убаданы аткарууга туура келет. Апта аягында көптөн күткөн буюмуңузду сатып алууга шарт түзүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
amir9100
2012-09-18 01:49:40
биринчи жолу жакшы гороскоп окудум озум тууралу))))
0
Culik
2012-09-19 03:05:26
Оо менин жылдызымдын айткандары туура келип жатат
0
Zair5522
2012-09-21 23:48:57
озу дайыма жумушту аяктап акча алганда бир деме болуп чонток жукара берет
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан