КӨП НИКЕЛҮҮЛҮККӨ КӨЗ КАРАШЫҢЫЗ КАНДАЙ?

“Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат” деген макал сизге тааныш эле болсо керек. Учурда кыргыз жигиттери чын эле байып, анан 2-3 аялдуу болуп жатышабы? Же башка себептери барбы? Дегеле бул жагдай биздин элге туура келеби?

– Динден ажыратылган мамлекет болгонубуз менен, биз – мусулманбыз. Исламга баш иебиз. Шарият боюнча көп аял алууга уруксат берилгени туурабы, Өзбек ажы?
– Шарият боюнча, эгер аял оорукчан болуп калса, бала төрөй албаса, акылы жагынан эркекке деңгээли туура келбесе, анда төрт аял алууга чейин жол берилген. Мисалы, Манас Карабөрк менен Акылайды алганда акылы жагынан Манаска кеңешчи боло алышкан эмес. Ошондуктан Каныкейге үйлөнгөн.
Бүбүсара Рыскулова:– Тарыхты билебиз. Сиз бүгүнкү күн менен сүйлөсөңүз.
Өзбек ажы: – Мисалы, мен жаш кезимде сүйүп үйлөндүм. Анан 3-4 балалуу болгондон кийин көз карашыбыз бири-бирибизге дал келбей калды. Анан аны төрт баласы менен көчөгө чыгарып коймок белем. Андан көрө экинчи аял алып алганым сооп эмеспи.
Бүбүсара Рыскулова: – Биринчиден, биздин мамлекет динден бөлүнгөн.Мамлекеттик мыйзамдар менен жашашыбыз керек. «Шариятта 2-3 аял алууга жол берилген» дегенибиз менен, динге аябай берилген Араб өлкөлөрүндөгү эркектердин бардык жагын алып караганда 2-3 аял алууга 0,5 пайызынын гана мүмкүнчүлүгү бар экен. “Интеллектуалдык деңгээли төмөн болуп калса, 2 аял алыш керек” деп жатпайсызбы. Динге берилген жигиттер аялды алгандан кийин аны сырткы чөйрө менен кабардар кылбай, “бала менен гана отурасың” деп үйгө «камап» коюшат. Анан үйдө отурган аялда кайдагы маалымат, кайдагы өсүш болмок эле? Сүйүү төрт-беш жылдан кийин кааласак да, каалабасак да басаңдайт. Бизде аял менен эркектин укугу бирдей. А эмнеге эркектер сүйүүсү басаңдагандан кийин аялын басынтып, жаш кыз алышы керек?!
Өзбек ажы: – Токтосоңуз, эгер аял көп жылдан бери төрөбөй жатса, бирөөнүн баласын багып алгандан же башка бирөөнүн уругун салып бойго бүтүргөндөн көрө өз канынан жаралган баланы бакканы жакшы эмеспи. Ачык айтсам кечирип койгула, тема өзү ошондой экен. Мага келип: “Аялым төрөбөй жатат, башканын уругун салса күнөө болбойбу?”- деп сурашат. Шариятта мындай ишке барышка эмес, жадакалса башка бирөөнүн баласын багышка жол берилбейт.
Бүбүсара Рыскулова: – Аялдардын таламын талашкан коомдун жетекчиси катары айтсам, аялы төрөбөй коюп, анан 2-3 аял алгандар чанда кезигет. Жигиттер 2-3 аялды башка себептер менен алып жатышат.
– Мухаммед пайгамбарыбыз (САВ) жар­дам берүү максатында жетим-жесир, кедей-кембагал кыздарга үйлөнчү турбайбы. Сиз эки аялыңызды көңүлүңүзгө жаккан үчүн алгансызбы же жардам берүү максатындабы?
Өзбек ажы: – Көп аял алуунун келип чыгуу себептери бар. Мисалы, илгери согуштар көп болгон. Ошондо курман болгон эркектердин аялдары жесир калган. Аялга да, эркекке да жашоодо жалгыз өтүү кыйын. Мен өзүмө токтоло турган болсом, экөөнү тең көңүлүмө жаккан үчүн алгам.
Бүбүсара Рыскулова: – Сөзүңүзгө аралжы, азыр 2, 3, 4 аял алып жаткан адамдарды караңыз, алар балдары бар, кыйналган жесир аялдарды алыштыбы?! Баары жаш кыздарга үйлөнүшөт.
Айжан Газиева: – Мен сизге суроо бергим келип жатат, Өзбек ажы, аялдарыңыз сизден канча жаш кичүү?
Өзбек ажы: – Бирөө 12 жаш, бирөө 18 жаш кичүү.
Айжан Газиева: – Биринчи аялыңыз сиз бутуңузга тура электе кубанычыңызды да, кайгыңызды да тең бөлүшүп, сизге жаштыгын арнаган. Анан жашоо деңгээлиңиз оңолгондон кийин андан жашыраак аял алып алганыңыз туура эмес да. “Мен сулуу эмес экенмин, менин акылым аз экен” деп ойлонуп жатып анын психологиясына доо кетиши мүмкүн, туурабы? Сиз ушул жагын ойлондуңузбу?
Өзбек ажы: – Эркек «аялымдын психологиясы бузулат» деп экинчи аял албай, ойнош күтүп кетсе жакшыбы? Силердин башыңарды батыш ээлеп алган. Силер үчүн ойнош күтүү нормально, ал эми бирөө 2 же 3 аял алса, баса каласыңар.
Нурдөөлөт Копоев: – Дин жолунда жүргөн адам эмес, мисалы, мен деле 2-3 аял алууну колдойм. Биздин айрым кыздар чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жатышат. Алардын жашоосу чын эле бир топ кыйын. Кытайга, Кореяга барып азап тарткыча, өзүбүздүн эле кыргыз жигитинин 2-3-аялы болуп жүрө беришсин.
– Жакшы. Бүбүсара эже “сүйүү деген төрт-беш жылдан кийин өчөт” десе, Замир, сен башыңды ийкеп, макул болуп отурдуң. Сенин деле үйлөнгөнүңө төрт-беш жыл болуп калды. Экинчи аял алуу оюңда барбы?
Замир Арыкбаев: – Башымды ийкеп эженин айткандарын кубаттаган жокмун. Жөн эле угуп отургам. Аялым менен жашаганыма беш жыл болду, бирок “сүйүүм өчтү” деп айта албайм. Жакшы жашап жатам, эки жаштагы кызым бар. Экинчи аял алууну пландаган деле жокмун.
– Айжан, айтсаң, сен бир адамды сүйүп калдың. Бирок анын үйбүлөсү бар. “Үйлөнөлү” десе макулсуңбу?
Айжан Газиева: – Мен турмушка чыга турган адам ажырашкан же үйлөнө элек болуш керек. Эч качан 2-3-аял болуп турмушка чыкпайм. Анткени «бүгүн тигил аялына кетти, мага качан келет?» деп күтүп отура албайм.
Өзбек ажы: – Сен ушул боюнча эле сулуу, жаш болбойсуң да. Жашың өтүп кетсе 2-3-болуп эле турмушка чыгасың же ойнош күтөсүң.
Айжан Газиева: – Мен качан “ойнош күтөм” деп айттым? Күтпөйм. Мага ажырашкан эркек болсо туура келмек. Анткени мен өзүм ажырашкам.
– Замир, айтсаң, биздин элге 2, 3 аял алууну мыйзамдаштырсак кандай болот?
– Мындай нерсе кыргыз элинде калыптана элек. Дин жолунда жүргөндөр шарияттын мыйзамдарын окуп, өздөрүн ошол нерсеге даяр кылышкан. Бирок жалпы эл ага даяр эмес.
– Нурдөөлөт, сиз көп никелүү болууну колдойт экенсиз. Ушул нерсени мыйзамдаштыруу керек деп ойлойсузбу?
– Мен чынында аны турмушта болуп жаткан көрүнүштөрдөн улам айтып жатам. Мыйзамдаштыруу керек деп ойлойм. Анткени жашырынып ойнош күтүп жашап, балдарын элден корунуп баккандан көрө экөө тең ачыкка чыкса, аялдын да, эркектин да укугу корголот эле.
Айжан Газиева: – Кечирип коюңуз, Өзбек ажы, сизге суроо берсем. Баары бир эки аялыңыздын бирин жакшы көрөсүз. Аны жашырганыңыз менен, эки аялыңыз тең сезет. Экөөнө бирдей мамиле кыла аласызбы?
Өзбек ажы: – Балдарыңдын ичинен деле бирин жакшы көрүп жатпайсыңбы, бирок ал ичибизде гана болот. Ошонун сыңары, аялдарымдын бирин жакшы көрсөм да, мен аны билгизбей, экөөнө тең бирдей мамиле кылам.
– Өзбек ажы, “эки аялым, балдарым менен чогуу жашайм” деп жатасыз. Төшөк маселеси кандай чечилет?
Өзбек ажы: – Бир короодо жашайбыз. Бирок эки аялымдын үйү эки башка. Шарият боюнча бүгүн биринчи аялымдыкында болсом, эртеси экинчисиникинде болушум керек. Кээде кайын журтум же туугандарым келип калат дегендей, мындай тартип дайыма сактала бербейт.
– Бүбүсара эже, сизге акыркы сөз...
– Кандай болгон күндө да мен биздин эркектердин 2-3 аял алышына таптакыр каршымын.
Замир Арыкбаев: – Ар ким шартына ылайык болсо дейм. Колунан келгендер ала беришсин.
Нурдөөлөт Копоев: – Ушул маселени мыйзамдаштырып эле койсо, балким, кыздар арасында бойдон алдыруу азаймак.
Өзбек ажы, акыркы суроо, үчүнчү аял алуу оюңузда барбы? Болсо, аны жубайларыңызга кеңешип туруп аласызбы?
Өзбек ажы: – Ал нерсе оюмда бар. Алсам, жубайларыма кеңешпей туруп эле алам.
Окурман, бүгүнкү талкуу, балким, сиздин да жан дүйнөңүздү козгоп койду. Кандай болгон күндө да туура чечим кабыл алып, туура кадам таштоого аракет кылыңыз.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 338, 24-30-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан