МИҢ ТУРНА –ТЫНЧТЫКТЫН СИМВОЛУ

Мындан 67 жыл мурун АКШнын куралдуу күчтөрү Экинчи дүйнөлүк согушта Япониянын Хиросима жана Нагосаки шаарларына атомдук бомба таштаган. Эки шаардын 170 миңдей тургуну өзөктүк куралдын айынан каза болуп, ал окуя тарыхта кара так бойдон кала берди. Ушул аптада Хиросима шаарынын жаштары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кат жана кагаздан жасалган миң турна белек жөнөтүштү.

Ушул жылдын август айында президент Нурсултан Назарбаев “Aтом” деген долбоорун баштады. Ал долбоор өзөктүк куралдарга каршы багытталган. Хиросима шаарынын жаштарынын жиберген катынын себеби да ушунда.
Жаштар катта жер жүзүндө 20 миңдей өзөктүк курал бар экенин айтып, коомчулукту ушул коркунучтан коргоону суранышкан. Казакстан президенти хиросималык жаштардын бул сунуштарын колдоорун айтып, адамзаты өзөктүк куралдардан арылуу менен гана келечек ээлерине тынчтык жашоо тартуулай ала турганын билдирди.
1945-жылдын 6-августунда атомдук бомбанын жарылганына күбө болуп, нурдануудан жабыркаган япон кызы Садаконун аянычтуу тагдырынан улам дүйнө жүзү кагаздан жасалган миң турнаны тынчтык менен үмүттүн символу катары кабыл алган. Япондордо илгертеден келе жаткан ишеним бар. Эгер адам кагаздан миң даана турна жасап, аны адамдарга тартууласа, каалаган тилеги орундалат.
Садако Хиросимада атомдук бомба жарылганда 2 жашта эле. Апасы экөө жашаган үй жарылуунун эпицентринен 2 чакырым алыстыкта болсо да аман калганы ушул күнгө чейин таң калычтуу. Бирок Садаконун өмүрү узак болгон жок. 10 жашында нурдануунун азабынан ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Ооруканада дарыгердин миң турна тууралуу айтып берген баянынан улам Садако колуна тийген кагаздан турналарды жасай баштайт. Япон кызы 644 гана турна жасаганга үлгүрүп, 11 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Анын достору Садаконун бүтпөй калган ишин бүтүрүп, кагаздан жасалган миң турнаны кыздын денеси менен кошо жерге беришкен. Анын турналарды жасап жаткандагы кыялы эмне болгондугун эч ким билбейт, бирок ошол күндөн баштап кагаздан жасалган миң турна тынчтыктын жана үмүттүн символуна айланган.
Кийин Хиросима шаарында Садако Сасакинин урматына эки эстелик орнотулган. Ушул күнгө чейин ар кайсы өлкөдөн келген туристтер түстүү кагаздан турна жасап, эстеликтин алдына таштап кетишет. Ал эми ар жыл сайын 6-август күнү Садако Сасакини эскерүү үчүн көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да кагаздан миң турна жасалып, Хиросима шаарына жөнөтүлүп турат.

35 ӨЛКӨ КОРКУНУЧТУУ
Учурда дүйнө жүзүндөгү 35 өлкөдө өзөктүк, биологиялык, химиялык жана радиологиялык куралдар бар. Алардын катарына АКШ, Улуу Британия, Орусия, Кытай, Казакстан, Сауд Арабиясы, Израиль, Индия, Франция, Иран өңдүү өлкөлөр кирет.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан