АНЖЕЛИКА НЕГЕ ЧЫЧАЛАЙТ?

Кенедейинде чоң сахнанын босогосун аттап, Айчүрөк Иманалиеванын колдоосу менен ырдап чыккан Анжелика кыргыз элинин көз алдында чоңойду. Сулуу кызга суктангандар да, көз арткандар да көп болот эмеспи, андыктан бул ырчы кыздын жеке жашоосу дайыма көңүл чордонунда келе жатат. Алгач мектепти аяктай электе турмуш жолуна аттанганы кызуу талкуу жараткан. Азыр ал эки кыздын бактылуу энеси.
Чырайлуу ырчынын артынан ээрчиген кептер ал турмушка чыгып, эне болгонунда эле токтоп калган жок. Устаты Айчүрөк Иманалиева менен чырдашып, ал Чубактын чуусундай көпкө узарып, Анжеликанын үй-бүлөлүк тынчтыгына коркунуч жаралып, акыры “мен сахнаны эмес, үй-бүлөнү тандадым” деп бизге маек берип, ырчылыкты жыйыштырып салган болчу. Ошол маегинде
“күйөөм 5 маал намаз окуйт, мен да ниеттенип жатам” деген. Кийинчерээк уккан-көргөнүбүз боюнча чын эле намаз окуп, атүгүл узун көйнөк-жоолукчан жүрө баштаган.
Ал маектен көп өтпөдү. Үй-бүлөсүндөгү маселелер жай-жайына түштү белем, ырчы кыз сахнага кайтты. Өзгөчө бир ыр менен болбосо да, шоу-бизнес чөйрөсүндө активдешип, ар кандай кечелерге катышып, өзүн алпаруучу катары да сынап көрдү. Ал эми азыр Анжелика дин жолундагы айым эмес, чыгармачылык менен кошо бизнести да жакшы жолго койгон, аны менен катар шоу чөйрөдөгү ар кандай кечелердин көркүн ачкан “светская львица” десек жарашчудай. Өмүрүндөгү мындай өзгөрүүлөр эмнеден улам экенин сурап кайрылып талуу жерине тийдикпи, айтор,
“мен бирөөлөр үчүн намаз окубайм, окусам өзүм үчүн окуйм!” деп так секирди. “Намаз окубадың” деп бирөөнү бирөө айыптамак беле?.. Сыягы, ырчы бизди түшүнбөдү көрүнөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
kerim
2012-09-20 00:16:30
Анжеликаны эле мактай бересинер анын жообу болсо кечке куйоосун мактайт байлыгын мактанат Анжеликадан тажадым
+1
ANASA
2012-09-20 00:40:21
Туура айтас.
0
Murok
2012-09-21 20:46:43
ANASA, сизге кошулам!
0
ANASA
2012-09-20 00:41:11
Кошулам сизге,башка ырчылар кобко жаза турган Анжеликадан болок.
0
snejinka
2012-09-20 10:00:53
Акыркы убакта кайсы гезитти ж-а журналды караба- бут жерде Анжелика эми еще и куйоосу, интернеттеги жайнаган суротторду айтпай эле койойун. бир кыйратып аткарган ыры жок, озу деле уялса боло- ушунча сахнада журуп- хитке айланган ыры жоктугунан.
0
Eliza
2012-09-20 15:41:17
snejinka, не забывайте что ОНА знаменитость!!!!жогорку жызуу сизге жазылган....
0
MiraHon
2012-09-22 05:17:28
Eliza, kaisy znamenitost? Emne dyinoluk synaktarda birinchi oorundu alyp jugon beken..kaidagy bir 95 Jyldary yrdap kalyptyr..krizis ubaktarda..al kezde estrada da konkurent jok kezde.chygyp algan eken..sizge ele znamenitost bolboso..bagy bar eken jakshy adamga tysh kelgen..je bolboso men anjelikany jakshy bilem..
0
Eliza
2012-09-20 15:37:07
Анжелика- Кыргызстандагы эн алгач кыргыз уйлонуу улпот салонун биринчилерден болуп ачып,татыктуу иш алып барып жатканы да сиздерди патриот катары кубандырбаса....ал сиздин кылаарга ишиниз жок эч нерсени тушунбой жазып жатканынызды билдирет!Ал эми куйоосун айтпаса да эл жазып,сурап кызыгуу кучоп жаткандыктан вот и везде я дкмаю!!!
0
prima
2012-09-21 00:12:10
oooooiiii ozun4o ele dramma- roman- epopeya kilip jibergensiner go urmattu koro albagan adamdar... ushu Anjelikaga jetip alyp anan 4on suilosonor bolo deyt elem! Ona molodec!!! A u vas prosto o4erednaya neugomonnaya ZAVIST'!!!
0
dina
2012-09-21 09:38:51
Бирөнүн жашоосу менен ишибиз канча?!
Анжеликанын сулуулугу, өзүн алып журүүсү көп ырчылардан алдыда турат. Аны теледен көргөндө жагымдуу маанайда болом. Сахнага же эл алдында жаман сапаттарын көрө элекмин. Мен үчүн ошондой бойдон калат. Ал эми сахнанын артындагы жашоосу менин ишим эмес. Көрө албастыктын да чеги болот. Кумурскадан пил жасап коюш бат эле.
-1
dina
2012-09-21 09:39:55
Ал эми ушундай үй-бүлө куруу көптөрдүн колунан келе бербесе керек.
0
Love_kg
2012-09-21 10:58:04
она молодец красавица, умница, примерная жена и мать, зачем ее осуждать у каждого своя голова на плече, и Аллах только судья !!!
-1
ANASA
2012-09-22 00:00:13
Акчасы болсо озун корсотуб реклама кылатда.Айчурок эже алыб чыкбаганда эчким таанымак эмес Анжеликаны.рахмат айткандын ордуна урушуб ушак куушуб журотко.апасы тен аял мн.
0
kerim
2012-09-23 13:08:41
Пулун болсо кулунмун деген созго такалдык деген ушул заман Апасындай болуп тарбиялап сахнага алып чыккан Айчурок эжени жамандап чыкты Суу ичкен булагына тукурбо деген соз!!!
0
nazikcan
2012-09-24 08:45:16
Айчурок эжекен периште бекен. Кептин баары ошодо, кенедей кыздын артынан мен чыгардым деп милдет кылып журот. Чыгырса ошол убакта пайдасын коргон. Анжелика азамат апасы туура тарбия берген, рахмат ошол кишиге. Анжелика коргон кишиге жагумдуу маанай жаратат.
0
Bishkek
2012-09-25 06:06:20
ech nerce dep aita albaim birok anjelika azamat baktyluu jashagany jashonu bilet
0
Papinadochka
2012-09-25 23:41:22
Ууууу Мирбек ты супер!! Все остальное меня не волнует !!! Живите и радуйтесь!!!!!
0
Datka7777
2021-01-17 15:29:00
Чычандап жургон чыр эски
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан