7-сентябрь күнү НБТ каналынын “Музканал” берүүсүнө 3 жыл толгонуна карата концерт уюштурулган. Дал ушул концертке чакырылган айрым ырчы-коноктор 8-сентябрь күнү Спорт Ордосунда боло турган Динара Акулованын жеке концертине да катышмак экен. Мындан улам “Музканалдын” продюсери Мирлан Муратов менен Динара Акулова ырчыларды талашып, Динара эжекебиз ал берүүнүн туулган күнүнө чакырылган жаш ырчыларга "катышпагыла" дегендей сес көрсөткөнүн угуп калгам. Андыктан бул эки концертти салыштыруу иретинде чогуу жазбасам болбостур.
“Музканал” уюштурган концертке афишада жазылган “Нон-Стоп” дуэтинен башка ырчылардын баары келишти. Дуэттин келбей калганынын себебин уюштуруучулар да билбейт көрүнөт, эл алдында “бул жоругу сиздерди сыйлабагандыкпы же жүйөлүү себептерден уламбы?..” деп чала-була чымчылап өтүштү. Концерт биз күткөндөй шаңдуу болбой, өзгөчөлүк жок. Кызыл килемден өткөн Ынак Осмоналиевди сахнадан көрбөдүк. Азыр чыгып “Мумиёсун” бир созот го десем чыкпады же кезегин күтө берип тажаганынан кетип калганбы?..
Алпаруучулар баягыдай эле элди оң жана сол тарапка бөлүп кол чаптырып жатышканы менен, ырчылар чыгып ырдаганда андай кол чабуулар угулбады. Айчүрөк айымда бир адат пайда болуптур, ырдап жатканда бир жаш баланы тартып чыгып ырдатып-бийлетмей. Бул өнөрүн “Кыз-Бурактын” концертине барганда да байкагам. Ак кепкачан жаш баланы сахнага сүйрөп чыгып ырдата албай убара болгон Айчүрөк айым ага тийише кепкасын микрофонго иле коюп, бир мурдунан чымчый коюп, айтор, жаш жигитти бир топ жүдөттү. Не болгон ырчыга, жаш мырзаларга кызыгып калганбы?..
Анын эле эртеси, 8-сентябрь күнү Динара Акулованын концертине барып, Спорт Ордосунун сахнасы дароо өзгөргөнү байкадым. Ооба, сахна жасалгасы мактоого арзыйт.
Бек Борбиевдин сахнага чыгып аккордеону менен 90-жылдардагы хит ырларын созгону концерттин кульминациясы болду көрүнөт. Ушуну гана күтүп тургандай, эл бир жарылып алды. Аягында
Бек жандуу ырдап чарчап калып, элди "чала тоют" кылып кетип калды. Артымда отургандар “про-осим!” деп кыйкырышты эле, укпады өңдөнөт.
Кызыгы, концерттен Динара айымдын кызы Маликаны көрө албадык. Конок катары чакырылган ырчылар Динара Акулованын репертуарындагы ырларды ырдап, келген элди ретро дүйнөгө жетелешти. Бирок афишада жазылган айрым ырчыларды концерттен кезиктире алган жокпуз. Эжекесин куттуктап Дайыр Исмадияров, Айбек Замирбек уулу, Арсен, Анжелика, Кундуз Канатбек кызы, Мээрим Мураталиева, Курал Чокоев, “Нон-Стоп” дуэти, Гүлбү Иманалиева, Айгүл Чалова, Чолпонай, Сайкал келди. Концерт 2,5 сааттан ашык болгонуна карабай элдин үшкүрүнө чыкканын байкадык. "Концертке чакырылган коноктор келбей, жаштарга микрофонду көп берип койду" деп да нааразылык айткандар болду. Буга кошумча редакциябызга Үмүт аттуу окурман чалып, концерт тууралуу "Динара 2-3 жолу эле ырдады. Калгандары биз тааныбаган жаш ырчылар. Эмне, Динара ошол ырчыларды тарбиялап коюптурбу, аларды чакырып ашар концерт бергидей? Билетти 200-500 сом деп коюп 700-800дөн сатышты" деген капачылыгын айтты. Ооба, ашар концерт болду дегенге ооз барбайт, бирок ошого окшош концерт болду.
Толик сынчы