Башталышы – 18:30 (30 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 250-350 сом
Көрүүчүлөр – Филармониянын 50 пайызы (9-сентябрь күнү)
Алпаруучу – Төкмө акын Азамат Болгонбаев
Мыкты номер – Сыймык Бейшекеевдин комуз менен ырдаган ырлары
Тогологунан келген сылык мүнөз Сыймык Бейшекеевдин туулган күнүнө арналган концертине эл аз келди. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүн улуу муун түзгөнүн айта кетейин. Аз келгенине карабай шатырата кол чаап, “Күзгү нөшөр” ырын Сыймык ырдабай эле, залда отургандар ырдап салышты го, чиркин. Акыркы концерттерде элдин да активдүү болуп баратканын байкадым.
Конок катары чакырылган көптөгөн ырлардын автору Жанышбек Кочкоров үн созгондо залда отургандар "айт-уйт" деп коштоп, ырчыга дем берип турушту. Сыймык Токтогул ырчы өзү чапкан комузун анын урпактары белек кылганын айтып мактана да кетти. Дал ошол комузда “Ким элек, ким болдук?”, “Бийликтеги досума” деген ырларын ырдап элди ойго салып койду. Кызыгы, "Бийликтеги досума" деген ыры кимге арналды болду экен?" деген суроо туулду. Бирок андан кийин жаңы чыккан ырларын аткарып берип, ал маанайды жууп кетти окшойт.
Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап Роза Аманова “Маржан” тобу менен, Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Аскат Мусабеков өңдүү ырчылар келишти. Сахнада тердеп-кургап, улам-улам жүз аарчысы менен аарчынып ырдаган Сыймыкка эл ыраазы боло бир топко тынымсыз кол чабышты. Калк кадырлаган таланттарга калайык өзү эле ушинтип сураттырбай кол чабышат.
Толик сынчы