МУЛЬТФИЛЬМДЕ ҮН КОШТОГОН КААРМАНДАР

Учурда көптөгөн көркөм тасма, сериал жана мультфильмдер кыргыз тилине которулуп берилип жатканы көңүл жылытат. Биз балдар баса калып көрчү мультфильмдерде үн коштогон каармандар тууралуу билүүгө кызыкдар болуп, “Дөөлөт” жана Оштогу котормо студиядан маалыматтарды алдык.

“Дөөлөт”студиясынын продюсери
Орозбек Мусакеев:
“БИР АЙДА БИР МУЛЬТФИЛЬМ ДАЯР БОЛОТ”
– Узактыгы 90 мүнөттүк бир мультфильм бир жумада которулуп, бир айга жакын убакытта үн кошулуп, монтаждалып даяр болуп калат. Студияда 10 кызматкерибиз бар. Кээде бир эле мультфильмде 3-4 каармандын үнүн бир кызматкерибиз коштоп коёт. Бир жолу “Карлсон” мультфильминдеги Карлсондун үнүн коштоого Күмөндөр Абыловду чакырган элек, убактысы аз болуп, келе албай калды. Анын ордуна Майрамбек Осмонов үн кошсо, жапжакшынакай болуп чыга келбедиби. Мультфильмди тандоодо да кылдат мамиле кылабыз. Адамды жексурлукка, зордук-зомбулукка үндөгөн, атышуу-сайышуу жөнүндө мультфильмдерди которуунун кажети жок болуш керек. Кээде өзүм да мультфильмдерде үн кошуп калам. Мени өкүндүргөнү, Совет кезиндеги кыргыз тасмаларынын көпчүлүгү орусча тартылып калган. “Биринчи мугалим” алигиче которула элек. Ал фильмде роль жараткан кишилердин да көзү өтүп кеткен.

Лунтик, Бемби, Машанын үнүн коштогон
Айнаш Аширова:
“БИР МУЛЬТФИЛЬМГЕ ЖАЛГЫЗ ҮН КОШТОГОМ”
– Кичине кезимде эле жан-жаныбарлардын үнүн туурап калчумун. Андан кийин Куурчак театрында иштеп, үнүм каныгып калган болуш керек. Балдар менен иштешүүдөн өзүнчө бир рахат алам. 1994-жылдан бери ушул студияда эмгектенип келем. Өзүмө жаккан каармандарым – Лунтик, Бемби жана Маша. Эсимде, “Беш тыйын” деген мультфильмдеги беш каармандын баарынын үнүн ар кандай кылып өзүм коштогом.

"Барби жана Ажыдаарда" Рапунцелдин (Барби) үнүн коштогон
Кыял Төрөгулова:
“КЫЗЫМ АПАМ БАРБИ ДЕП МАКТАНАТ”
– “Дөөлөт” студиясында он жылдан бери эмгектенип, акыркы эки жылдан бери режиссёр болуп иштейм. "Марипоса", "Барби жана Ажыдаар" мультфильмдеринде үн коштогом. Өзүмө Барбинин ролу жагат. Жакындарым, туугандарым телефон чалып “Барби, кандайсың?” деп сурап, тамашалап калышат. Кызым да курбуларына "менин апам Барби" деп мактанат экен.

Уйкудагы сулуу”, “Күлчү кыз” мультфильмдеринде үн коштогон
Жазгүл Имакова:
“ЧЫГАРМАЧЫЛ ТОП МЕНЕН АРАЛАШЫП ЖҮРҮП ЭЛЕ ҮН КОШТОП КАЛДЫМ”
– Бул студияда менеджер болуп иштейм. Анча-мынча мультфильмдерде экинчи пландагы каармандарга үн кошуп калчумун. “Уйкудагы сулуу”, “Күлчү кыз”, “51 планета” мультфильмдеринде үн коштогом. Кичинекей 5 жаштагы уулум да келип мультфильмдерде үн коштойт.

ЭлТРдин котормо студиясынын режиссёру Олжобай Бубатаев:
“КУУРЧАК ДҮЙНӨСҮНӨ КИРГЕН АДАМ ЧЫГА АЛБАЙТ”

– Олжобай агай, котормо, үн коштоо иштеринде кандай кыйынчылыктар бар?
– Көп жылдан бери котормо менен иштеп, эми сандан сапатка өтөлү деп жатабыз. Өзбекстанда үн берүү, котормо дегендер укмуш өнүккөн. Бирок алар Япония, Корея, Индия, Америка, кайсы өлкөнүн киносу же мультфильми болбосун, баарын өздөрүнүн идеологиясына салып которушат. Өздөрүнүн накыл кептерин, афоризм сөздөрүн башка кинолорго да кошо беришет. А биздин элге ошондой которуп берсек, кабыл алышпайт, көрбөй коюшат. Кыргыз элинин маданий деңгээлинин жогору экени мына ушундан да байкалып турат. Орустун маданиятын орустарча, кытайдыкын кытайча кабыл алабыз. Дагы бир бизди кыйнаган нерсе – Американын кинолорун, мультфильмин которуп жаткандагы орунсуз сөгүнүүлөр. Алардын тили аябай одоно жана ыплас. Эки сөзүнүн биринде эле сөгүнө беришет. Буларды “англосакстар” деп коюшат, биз аны жакшылап, кыргыздын эмес, улуу британиялыктардын тилине салып, кагазга ороп, сыйдаңдатып туруп которобуз.

– Мультфильмде жаш балдарга ылайык назик үндөр керектелет эмеспи, ал учурда эмне кыласыздар?
– Андайда бизге Куурчак театрынан жардамга келишет. Алар чоң адамдар болушса да, жан дүйнөсү наристеге, мультфильмге жакын болот. Ал учурда мультфильмге сүңгүп кирип кетебиз да, жыргай түшөбүз, эс алабыз.

– "Күлчү кыздагы" чычкандын үнүн ким коштогон?
– Ал жерде эки чычкан бар, бирин Алишер Бубатаев, экинчисин мен өзүм коштойм. Куурчак дүйнөсү башкача да, аралашпаган адамга айтып да жеткирүү кыйын, аралашкан адам ал дүйнөдөн чыга албай калат. Айта кетчү нерсе, театрда бир өкүнүчтүү жагы – жаштардын жок болгону. Эң жаш дегенибиз 30га барып калган. Жаштар келсе да, эртеңкиге дымагы жок. Ошол себептен студиябызга тажрыйба алам деп келген жаштарды жакшылап үйрөтүп чыгаруу пландарыбыз бар.

– Бул тармактын кыйын жагы деп бир эле адам бир канча дүйнөгө кирерин айтып жатасызбы? Чычкан, бака боло калат дегендей...
– Ошондой. Дубляжга кирип, ичинде жашаш үчүн театрдын нанын жеген адам болуш керек. Ошого кызыккан, жан дүйнөсү менен берилген адам болсо, бул башка нерсе. Анан сыналгыдан котормо кино көрүп отуруп, "мен ушуга үн берем" деген ой менен гана келсе, анда өгөй болуп калышат. “Казанда болсо, чөмүчкө чыгат” дегендей, эгер которулган чыгарма кызыктуу болсо, үн берген актёрлор да ошого жараша аралашып кетиши керек. Биз татыктуу деп которуп, үн берген мультфильмдер “Бака ханыша”, “Күлчү кыз”, “Кунг-фу Панда”, “Тырсылдак бала” болду. Булар менен балдардын жан дүйнөсүнө кире алганыбызга кубанам.

Лунара Бекиева
Уулбү Каныбекова
Ташболот Досалиев
balakai@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мультфильмде үн коштогон каармандар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Love_kg
2012-09-21 12:29:45
Лунтикти с кыргызсим переводом коргондо алар пожалуйста дегенди совсем неправильно которгонсунар, негизи пожалуйста - кичипейилдике деп которулатда. а силер байболгур деп которгонсунар...
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан