15-сентябрда Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын 74-жаңы сезонунун ачылыш аземи болот. 11:00дө башталчу бул аземде Куурчак театрынын окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Мындан сырткары “Бардыгын билгим келет” деген аталыштагы жаңы спектаклдин бет ачары болуусу күтүлүүдө. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.