ШУМАХЕР ДА ЖАРЫШТЫ КАРТИНГДЕН БАШТАГАН

22-23-сентябрда Токмоктогу “Скорпион” аэродромунда картинг боюнча Кыргызстандын Ачык чемпиондугу өтөт. Мелдешке Казакстан жана Орусиянын күчтүү картингчилери келишет. Мелдеш алдында бул спорт тууралуу түшүнүк берип, картинг аркылуу төбөсү көрүнүп калган кыргыз уулу Улукбек Байзаков менен маек курдук.

БАЙЗАКОВ УЛУКБЕК БАКЫТБЕКОВИЧ
Туулган жылы – 2003-жыл, 15-январь
Туулган жери – Нарын шаары
Жетишкендиктери – 7 жаштан 12 жашка чейинки картингчилер арасында Кыргызстандын чемпиону (Бишкек), “Долина” Эл аралык кубогунда күмүш байге алган (Казакстанда)
Учурда – Бишкектеги “Илим” билим берүү борборунун 3-классында окуйт

АТАКТУУЛАРДЫ ООРУТКАН КАРТИНГ
Картинг спорту тарыхы боюнча автожарыштардын ичинен Формула-1ден кийинки эле баскычта турат. Картинг Эл аралык автожарыштар федерациясына 1960-жылы киргизилип, 1964-жылы Римде алгачкы мелдеш өткөрүлгөн. Англис тилиндеги “cart” (араба) сөзүнөн алынган спорт түрүн Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин америкалык механик Арт Инглис жарыкка апкелген. Ал дөңгөлөгү, мотору жок арабалар менен муз үстүндө жарышкандарды көрүп, ага дөңгөлөк, мотор орноткон.
Бул жарыштарга болгон кызыгуунун туу чокусу Формула-1 мелдеши менен аяктаган мисалдар көп. Мисалы, Формула-1дин германиялык жылдыздары Михаэль Шумахер, Себастьян Феттель, испаниялык Фернандо Алонсо, Айртон Сенна сыяктуу автожарышчылар башта картинг менен алектенип, кийин Формула-1ге секиришкен.

КЫРГЫЗСТАНДА АБАЛЫ НАЧАР
Кыргызстанга картинг 70-жылдары жеткен. Ошондо эле тың чыкмалар Өлкө чемпиондугун уюштуруп, Совет өлкөлөрүнүн арасындагы чемпиондуктарга катышышчу. Совет доору ыдыраган соң 1992-жылдан тарта 1996-жылга чейин картинг жоголуп кетүү коркунучу астында калган. 1996-жылы Вячеслав Зарецкий аттуу механиктин демилгеси менен мелдештер өтүп баштаган.
“Башында мелдешке өтө аз киши катышты. Сандар акырындык менен өсүп, үч жылдан кийин эл аралык деңгээлге көтөрүлдүк”,- дейт Зарецкий. Бул киши өзү картингчи эмес, бирок карттарды оңдоо, жасап чыгуу жагынан 30 жылдык тажрыйбасы бар. “Бизде башкы көйгөй – картинг өтүүчү майдандын жоктугу. Бул маселени 2010-жылы айтылуу граф, токмоктук миллиардер Алижан Ибрагимов чечип бермек. Токмокто аэродромдун долбоорун даярдатып жатканда революция боло калып, ишке ашпай калды”,- дейт Вячеслав мырза. Бирок кубантканы – азыр өзүнүн картингдерди оңдоочу устаканасы бар.

Улукбек Байзаков:
“ЧЕМПИОНДУКТУ БЕРБЕЙМ ДЕП ТУРАМ”
Бул жигит – Кыргызстандагы көрүнүктүү жаш картингчи, картинг менен машыккан жалгыз кыргыз болгону үчүн “улуттук пилот” атка конгон Улукбек Байзаков. Жогоруда аты аталган машыктыруучу Вячеслав Зарецкийдин шакирти болот. 8 жашынан тарта “Калипса” картинг клубунда оюн көргөзүп келет. 9 жаштан 12 жашка чейинки картингчилер арасында "Пионер" классы боюнча былтыр Кыргызстандын чемпиону аталган.
Мүнөзү ачык, шайыр келген Улукбек 9 жашта болгонуна карабай биз менен оңой тил табышып, жакшы маек куруп берди. Казакстанда “Долина” кубогунда Эл аралык "Мини" классында 2-орунду алгандагы эрдигин да айтты. Казактар анын унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 50 см3 болгону үчүн аны “баары бир артта келет” деп, артка жылдырып коюшкан. Анткени ал жерде 80 см3 унаалар жарышып жаткан. Ага карабай ал 2-орунду алып, казактарды таң калтырган. Эми азыр өзү ошондой типтеги унаага ээ болуп отурат. 22-23-сентябрда Токмоктогу аэродромдо өтүүчү мелдеште дал ошол унаасы менен чемпиондук наамын коргоо үчүн жарышка түшөт. Калган даярдыгы тууралуу өз оозунан уксак.

– Салам, Улукбек. Мелдешке даярдыктар кандай?
– Жакшы. Ар жекшемби сайын Токмоктогу аэродромдо 1-2 сааттан машыгып жатам.

– Мелдеште алдыңа кандай тапшырма койдуң?
– Чемпиондукту бербейм деп турам.

– Жарышка чыгар алдында силерди карап чыгышат дешет...
– Биз медициналык кароодон өтөбүз. Анан салмагыбызды өлчөшөт. Биздин категорияда унаа менен жарышчынын салмагы кошулуп 96 килограмм болуш керек. Ага жетпей калса, унаага уюган коргошундарды илдиребиз.

– Жарышта жогорку ылдамдык колдонулат. Коркпойсуңбу?
– Жок, коркпойм. Жарышта көп эле кагышабыз. Бирок минтип кийинип алган соң коркпойм да (каскасы менен мээлейин көрсөтүп).

– Машина айдаганды билесиңби?
– Ооба. Мага машинага караганда картинг жагат. Анткени ал машинадан катуу жүрөт (ред. – картинг менен саатына 260 чакырымды басып өтүү мүмкүн). Бир жолу атам менен прокатка берилүүчү картингге барганбыз. Атам жылгыча айдап кетип, бир айлампаны айланып келип, кайра ашып кеткем.

– Кумириң ким?
– Михаэль Шумахер.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
9 жаштагы картинг чебери Улукбек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AFRODITA-89
2012-09-17 23:44:31
аиий десе "кичине дебе мени, которуп чабам сени" дегендейго. Молодец ушундайынан жакшы ийгиликтерге жетишиптир! Алдыдагы сынактарга ийгилик жана жениш кааламакчымын!!!
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан