Cуучул Эсен Пратов: «СУУДАН ӨЛҮК ДЕНЕНИ АЛЫП ЧЫККАНДА ЫЗА БОЛОМ»

27-августта Чолпон-Атада Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун алдында суу астына чумкуучулардын окуу тренинги башталган. Аталган саамалыкка биз да күбө болуп, жагымдуу эмоциялар менен кайттык.

КЫРГЫЗДАР ДА СУУ АСТЫНА ТҮШӨ АЛАБЫ?
Ысык-Көлгө баратканда ушул суроону кызуу талкууга алып, баарын өз көзүбүз менен көрүүгө чыдамыбыз жетпей бардык. Ошентип күтүлгөн саат да келип, КМШдан тышкары Кытай, Марокко сыяктуу өлкөлөрдөн да суу астына чумкуучулар келишти. Иш-чараны Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ачып, башка өлкөдөгү суучулдар менен тажрыйба алмашуу маанилүү экенин белгиледи. Чет өлкөлүк коноктор кереметтүү Ысык-Көлгө суктанганын жашырбай, Кыргызстан жакынкы арада суу астына чумкуу боюнча ийгиликтерге жетишерине ишеним билдиришти. Расмий бөлүктөн кийин көргөзмөлүү чыгууларга орун берилди.
"Мөлтүр" аттуу буу кемесинин үстүндө туруп кыргыз суучулдарынын өнөрлөрүнө күбө болдук. Баштапкы таң калуу сезимибиз сыймыктануу менен алмашты. Ата мекендик суучулдарыбыз сууга кирүүнүн техникасын көрсөтүп гана тим болбостон, чет элдик кесиптештерине мастер-класс да көрсөтүштү.

“СУУГА ЧӨККӨНДӨРДҮ 5 МҮНӨТ ИЧИНДЕ КУТКАРЫП КАЛСА БОЛОТ”
Чолпон-Атага болгон сапарыбыздын алкагында Кыргызстандагы №1-суучул менен маек курдук. Эсен Пратов суу астындагы жашоо, чөккөн денелерди алып чыгуу жана пайдалуу кеңештер тууралуу айтып берди.

– Саламатсызбы? Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз...
– Улутум кыргыз. Бишкекте туулуп-өскөм. Мектепти аяктагандан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодскоедеги куткаруучуларды даярдоочу окуу жайын аяктагам. Аталган министрликте 2005-жылдан бери эмгектенем. Кесибим өзүмө аябай жагат. Үй-бүлөлүүмүн, жубайым жана кызым бар.

– Кичинеңизден эле ушул кесиптин ээси болууну самачу белеңиз?
– Кичинемде бардык жаш балдардай учкуч болом дечүмүн. Учкучтар сууга түшүп машыгышат да. Андыктан мен учкуч болууга өзүмдү даярдап жатам деп ойлоп калам. Келечекте, балким, космоско учуп калам, ким билет?..

– Суу астына чумкуу оңой эмес. Суучулдук кесип да бир топ оор болуш керек?
– Ооба, суу астына түшүү үчүн жүрөк, өпкө, көз, ооз, мурун, баары таза, ден соолугуң чың болушу керек. Суу астында басым болот. Организм ошого чыдай ала турган болушу кажет. Адам кайсы убакта чөгөрүн билбейсиң да. Андыктан дайыма даяр туруш керек.

– Кесибиңиз өзүңүзгө жагат экен. Ошентсе да жакпаган жагы, түйшүгү эмне сиз үчүн?
– Мага жакпаган жери, бизди адам чөгүп кеткенден кийин чакырышат. Өлүк денени таап алып чыгабыз. Ошого ыза боло берем. Анан маркумдун жакындары ар кандай кептерди айтышат. Бул психологиялык жактан абдан оор.

– Эл ичинде силер жөнүндө “канчалык акча көп берсе, чөккөн адамды ошончолук тез таап чыгышат...” деген сыяктуу түрдүү кептер айтылып жүрөт...
– Ооба, мен да угуп жүрөм. Бирок анын баары ушак. Ушул жерден элге кайрылып кетким келет. Бизге акча сунбагылачы?! Куткаруу – биздин милдет. Денени таап чыгуу бекер. Чакыргыла, болду, эч кандай акчанын кереги жок. Биз КРнын ӨКМсынын алдында иштейбиз жана өкмөттөн айлык алабыз.

– Сууга чөгүп кеткендердин ичинен убакыт өтсө да аман калгандары болгонбу?
– Ооба, болгон. Бирөө сууга чөккөндө чакырышты. Дароо барып, сууга кирерибиз менен таптык. Ал кишинин сууга чөккөнүнө 4 мүнөт болуптур. Денеси муздай элек экен. Жээкте дарыгерге чейинки жардамды көрсөтүп, аман алып калганбыз. Негизи, адам сууга чөгүп кетсе, 5 мүнөт убакыт ичинде куткарып калса болот. Андан көп жатып калса, кеч болуп калат.

– Сууга чөккөн адамдын денеси кийин суу бетине калкып чыгып калат дейт...
– Ооба. Сууга чөккөн адамдын ашказанындагы тамактар күндүн ысыгынан жана убакыттын өтүшү менен ачып, андан бөлүнүп чыккан газдар адамды көтөрөт. Бирок 20 метр тереңдикке чейин чөккөндөр эле. 20 метрден ылдый чөккөндөрдүн чыгышы кыйын. Анткени суу абдан муздак болот. Анан адамдын денесин табарсык да көтөрөт. Дене арт жагы менен суу бетине чыгып калат, башы сууга кирип, далысы чыгып.

– Канча тереңдикке чейин түшкөнсүз?
– Тоң району жактан техникалык жумуштарга байланыштуу 40 метрге түшкөм. Негизи, дүйнөлүк практикада акваланг менен сууга чумкуунун рекорду 200 метр.

– Кышында да сууга түшөсүңөрбү?
– Кышында деле түшөбүз, кадимкидей эле музду кесип. Сууктан сактай турган костюмдар бар. Кышпы, жайбы, дайым формада болуп, сууга түшүп турушубуз керек. Ар кандай кырдаал болуп калышы мүмкүн.

– Суукта бут түйүлүп калат го. Мындайда эмне кылуу керек?
– Айта кетчү нерсе, көбү бут түйүлгөндө ийне менен сайышат. Антпеш керек. Жөн гана бутту түздөп, бармактарынан кармап жазыш керек. Эгер ийне сайса нерв клеткалары өлөт да, убакыттын өтүшү менен ошол жер эч нерсе сезбей калат.

– Чөгүп жаткан адамды куткармакчы болсоң, ал паникага алдырып сени да чөктүрө баштайт эмеспи. Ошондойдо кандай кылуу зарыл?
– Ооба, чөгүп бараткан адам сени чөктүрүп, сага асылып болсо да суудан чыгуунун айласын көрөт. Куткаруучу өзү чөгүп кетпеш үчүн алгач ал адамды чөктүрүшү керек. Чөктүргөндө ал суудан чыгуунун аракетин кылып, куткаруучуну коё берет. Анан акырын артынан мурду менен оозуна суу кирбегендей кылып кармап, сүзүп алып чыгуу зарыл. Кээ бирөөлөр айтышат, “менин салмагым 50 килограмм болсо, 100 килограммдыктарды кантип алып чыгам?” деп. Сууда адам жеңил болот. Алып чыкса болот.

– Маегиңизге рахмат. Суу астына ӨКМнын техникалык иштери боюнча эле түшүп жүрө бериңиз.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чет элдик суучулдар Ысык-Көлдө окушат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sanzhar
2012-09-30 18:49:54
Ырахмат,жакшы маалымат экен.
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан