ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева: «ИШКЕРДИКТИ 100 ДОЛЛАРДАН БАШТАГАМ»

ЖКда саналуу гана айымдар бар. Алардын ичинен эркектерден кем калышпай талкууларга аралашканы, чынын айтуу керек, аз гана. Ошолордун бири, СДПК фракциясынын мүчөсү, ийгиликтүү ишкер айым Дамира Ниязалиева.

“Депутат болуу ойдо деле жок болчу”

– Дамира эже, парламенттин азыркы курамында депутаттыкка бизнестен келгендер көп. Алардын катарына сизди да кошуп жүрүшөт. Депутаттыкка кантип келип калдыңыз эле?
– Жеке ишкердик менен алек болуп жүрүп, депутат болуу оюмда деле жок болчу. Мен айылга жердештериме барып калган сайын “сен бизге колуңдан келген жардамыңды берип жүрөсүң. Ушул Жумгалдан деле бир кызыбыз депутат болуп, көйгөйлөрдү көтөрсө болот эле” деп айтып калышчу. Анын үстүнө өзүмдүн күчүмдү да бир сынап көрөйүн дедим. Негизи, кыргыз айымдары ишмер жана чыдамкай келишет эмеспи. Мен да элимдин ишеничин актап, иштеп кете аларыма ишендим.
– Ушундай өзүнө ишеними күчтүү айымдын балалыгы кайда өттү экен?
– Өзүм Ош шаарында төрөлгөм. Бирок Жумгал районунун таза абасында бир үйдүн эрке кызы болуп чоңойдум. Менин бардык жетишкен ийгиликтериме апам Бүбүайдын эмгеги, салымы зор. Апам өзүмө ишенүүнү, алдыга максат коюуну үйрөттү.
– Эми кайрадан Жумгалга сапар алып, мектептеги окуучу кезиңизди эстей кетсек...
– Мектепте алдыңкы окуучулардан болчумун. 10-классты бүткүчө бир да жолу “2” алып көргөн эмесмин. Мектеп бизден 18 чакырым алыстыкта болгондуктан, мектеп окуучуларын бир эски автобус ташычу. Эскилигинен уламбы, көп бузулчу. Апам мени аяп “барбай эле кой” дегенине болбой көгөрүп, эл ташуучу автобусту күтүп, экинчи-үчүнчү сабакка болсо да барчумун. Ал эми тараганда үйгө жөө келчүмүн. Кичине кезимде абдан оюнкараак элем. Үйдө сабак окуганды жана ойногонду гана билчүмүн. Азыр эстесем үй оокаттарына кийлигишчү эмес экенмин. Ошол кезде “Топташ”, “Лапта”, “Кызыл жоолук” деген оюндарды көп ойночубуз.

“Эки саат гана уктачумун”

– Совет мезгилинде балдарда учкуч, кыздарда врач болууну каалагандар көп болчу эле. Сизде да мындай кыялдар болду беле?
– Ооба, мен да кичине кезимде врач болом деп кыялдана берчүмүн. Ошондуктан Медициналык институтка тапшырганы баргам. Ал жерден мен СССРдин карамагындагы чоң шаарларга окууга мүмкүнчүлүк бар экенин билип, көп ойлонбой эле Москва шаарын тандап алдым. Ал убакта Москва көпчүлүк жаштардын кыялында гана жашачу. Экзаменде Кудай жалгап үч сабактан “4”, бир сабактан “5” алып өтүп кеттим. Бирок ата-энем “өзүң кыз болсоң, анан алыс барып окуган коркунучтуу”дешип, бул чечимиме каршы болуп туруп алышты. Ошентип, Москва шаарынын ордуна Алматыдагы Медициналык институтта окуп калдым. Башында абдан кыйналдым. Жатаканада жашачубуз. Менин чоң турмушка өз алдынча болгон сапарым ушул студенттик күндөн башталды.
– Жалаң эле даңгыр жол болбогон чыгар...
– Ошондой десем да, жаңылышпайм. Окуу башталганда эле органикалык эмес химиядан текшерүү ишин жазып, эки группалашыбыз эле “3” алып, калганыбыз бүт “2” алып калдык. Мурда окуудан мындай абалга кабылып көрбөгөндүктөнбү, айтор, өзүмдү жаман сезип жүрдүм. Бирок ошол күндөн баштап турмуштун рулун өз колума алдым. Күндүз окуп, анан сабак бүтөрү менен жумушка чуркачумун. Бир ооруканага мээрман айым болуп орношуп алгам. Мен ооруканадан жумуштарды бүтүрүп коюп, сабак даярдаганга үлгүрчүмүн. Анан саат 4төн 6га чейин уктап алчумун. Кайра жатаканага келип, кийинип алып сабакка жөнөчүмүн. Кээ бир оорулуулар шоколад, таттуу тамактарын катып коюп беришчү. Мени “студент кызыбыз” деп эркелетишчү. Ал адатым биротоло сакталып калды көрүнөт. Азыр деле аз эле уктайм. Анткени депутаттык ишмердикти алып барыш үчүн ар тармакты өздөштүрүп билишиң керек. Ошол себептен кайрадан уйкунун ордуна студент кездегидей окууга туура келип жатат. Сайттарды, гезиттерди калтырбай карап, мыйзамдарды көп окуйм. Себеби ар бир мыйзам чын эле элге ийгилик, жеңилдик алып келе ала турганын тастыктап билүүм керек да.

Канчалаган казактардын ичинен кыргыз жигитин тандадым”

– Дамира эже, канчалык ийгиликке жетиш­песин, аялзаты үчүн эң эле жагымуу да, баалуу да нерсе үйбүлө, баланын жыты эмеспи. Кепти ушул багытка бургум келип турат. Жолдошуңуз менен тааныш­ка­ныңыз эсиңизде барбы?
– Чынын айтканда, сүйөм, күйөм дегендер көп эле болгон. Азыр деле классташтар чогула калганда бир топ классташтарым “тиги бала, бул бала сени абдан сүйчү” дешип, көмүскөдө калган сырларын айтып калышат. Алматыда окуп жүргөндө бир топ казак балдар сүйүүлөрүн арнашты. Бирок көңүлүңө туура келбесе, алардын санынан деле пайда жок экен. Окууну бүткөндөн кийин Токмок шаарындагы Медициналык орто окуу жайына мугалим болуп орношуп иштеп жүргөм. Ал жерден Өмүрбек деген жигит менен таанышып калдым. Нике кайып кылып, ага турмушка чыктым.
– Өмүрбек байке канча баланын бактылуу атасы?
– 2 уул, 1 кызыбыз бар. Көкүрөк күчүгүбүз Эсентур 1-классты аяктап жатат.
– Жолдошуңуз кайда иштейт?
– Азырынча үйдө. Ден соолугуна байланыштуу дарылануу курсунан өтүп жатат.

“Ишкердикке 100 доллар менен пайдубал кургам”

– Сизди ийгиликтүү ишкер айым дешет. Бизнесте аялзаты менен эркек айырмаланышы мүмкүнбү?
– Негизи, аялзатын экинчи орунга коюп койгондор жакпайт. Эркек менен аялдын ишкердүүлүктө эч кандай айырмасы жок. Алар кылган ишти биз деле жасай алабыз. Тескерисинче, аялдар эркектерге караганда чечкиндүү жана чыдамкай келишет. Анткени алар жеке сырттагы гана жумушту аткарбастан, үй-тиричилигине жана балдарга тарбия берүүгө да жетишет. Бул сөзүмө мырзалар каршы чыгышпаса керек деп ойлойм.
Бирок «мен бул ишти 100 доллардан баштагам» десем башкаларга күлкүлүү угулар. Союз жоюлгандан кийин көпчүлүк коммерцияга өтө баштабадыбы. Бир таанышым “100 доллар тапсаң, жакшы иш баштайбыз” деп калды. Мен ушул акчаны карыздап жүрүп, араң таптым. Ошентип, биз пионерлердин галстуктарын, тыбыт жоолуктарды, пальтолорду жана башка союздан чыккан товарларды алып барып, кытай товарына айырбаштап келе баштадык. Кийинчерээк Түркия, Индия, Араб Эмираттары, Италия, Франция жана башка мамлекеттерге каттай баштадым. Мындай соода-сатык менен 1996-жылга чейин алек болдум. Өзүмдүн кесибим фармацевт болгондуктан, дары-дармектер менен иштеп көрүүнү ойлондум. Алгачкылардан болуп өлкөбүздө дарыканаларды ачып, калкты эң керектүү дары-дармектер менен камсыз кылып иштей баштадык. Учурда 40тан ашык өлкөлөрдөн: Орусия, Венгрия, Словения, Кытай, Бельгия, Индия жана башка өлкөлөрдүн белгилүү заводдорунан дары-дармектерди алып келебиз. Фирмада 80ге жакын адам эмгектенет.
– Кризис деген балээ сиздин бизнесиңизге таасирин тийгизген жокпу?
– Бүт дүйнө жарандары сезип жаткан кризис бизге кантип таасирин тийгизбей койсун?! Бизде деле сооданын деңгээли төмөндөй түштү. Бирок кризистен чыдамкайлык, аракетчилдик, эмгекчилдик менен чыкса болот.
Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизге ийгилик.

Бахиана Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 338, 24-30-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан