1
9-сентябрь күнү Бишкек шаарында Замира Молдошеванын уюштуруусунда “Сулуулук жаратуучуларынын күнү” деген аталышта мода күнү болуп өттү. Фестиваль кызыл килемден V.I.P. коноктордун өтүшү менен башталып, 2 ай бою ат салышып келаткан командалардын баш байге үчүн күрөшү менен уланды. Алардын эмгектери коноктор менен калыстарга тартууланып, 8 кишиден турган калыстар тобунун чечими менен “ELVIRA” командасы баш байгеге коюлган 100 миң сомду жана Парижде өтө турган мода жумалыгына жолдомого ээ болушту.
Калыстардын курамын дизайнер, стилист, сүрөтчү-фотографтар толукташты.
Кызыл килемдин көркүн кыргыздын атактуулары ачышты. Анын ичинен Кыргызстандын биринчи канайымы Раиса Атамбаева менен экс-өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун жубайы Рита Бабанованын жана ырчы Мирбек Атабековдун сүйүктүүсү менен кызыл килемден өтүшү чоң жаңылыкка айланды.
А биз атактуулардын кийимдерин сынга салып көрдүк. Бул жаатта бизге САБИНА СУЛТАНОВА аттуу стилист жардамга келди.
Кара көздөр, кармангыла! Мирбек ашыгы Мээримди эл алдына алып чыгып,
жүрөгү бош эмес экенин көрсөттү.
Стилист: – Мирбек элеганттуу кийинген. Баары туура, бири-бирине шайкеш келет. Смокингдин боорун ачып кийсе болот. Мээримдин стили – европалык стиль. Мындай көйнөккө ар кандай чач жасалга жараша берет. Чачын жайбай, азыр Бишкекте мода болуп жаткандай өрүп деле алса жакшы көрүнмөк.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg