Сейитказы Андабеков, KРнын Эл артисти: «ТӨӨ МИНИП ГАСТРОЛДОГОН КҮНДӨР КАЙДА КАЛДЫ?»

КОШ ЖЫЛДЫЗДАР
Ар бир адамдын өмүр таржымалы өзүнчө бир кызык китеп. 1948-1980-жылдардын аралыгы Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын ооматы келген мезгил болду десек жарашчудай. Эки артисттин бул алтын доорунда ырдаса үнү шаңшып, бийлесе кыймылы учкун чачып, миңдеген көрөрмандардын жүрөгүн уялап келишти. Сейитказы менен Койсун сахнага чыкканда жаш-кары дебей умсунуу, тамшануу менен тиктеп, жубайлардын өнөрүнө суктанышчу. Ал эми ошол талант ээлери кайда? Эсиңиздеби?
“Сексен жашка чыкпадым,
Бүгүн туура кырктамын.
Тайрактаган төө дебе,
Так текедей буттарым.
Эскирдик деп турбайлы,
Эми кайра жыргайлы,
Койкоңдогон кош колум,
Келин бойдон турбайбы”,
- деп тамашалуу ырды аткарышкан кош жылдыздар дээрлик бүт өмүрүн театрга арнашкан.
Тамашалуу ырларды аткарып, кыргыз элине эле эмес, Москва, Ташкент, Алматы, Тбилиси шаарларында өнөрлөрүн көргөзүп келишчү. Сейитказы агай 10 жашында театр дүйнөсүнө аралаша баштаган. Ал башкалардан ышкыбоздугу, ачыктыгы менен айрымаланчу. Башталгыч мектепти аяктап калганда кадимкидей бой тартып калган баланын өнөрүн байкаган айылдыктар "Сейитказы, багыңды байлабай, театрга эле кир" дешсе, күнүмдүк көр оокаттын кызыкчылыгын көздөп, тапшырбай кетип калат.
Буйрукка айла жок экен. Баягы Сейитказы алгач элге таанылып, окууга жиберели десе качып кетип, Нарын театрына арадан 8 жыл өткөндө, кырчылдап кыл чайнашкан согуштун жалынын кечип келген соң кайра туш болот. 1946-жылы так өзүнө түспөлдөш айылдык жигит Акмат тракторчунун образы менен Сейитказынын профессионал театр өнөрүндөгү тушоосу кесилет. Ошол театр чөйрөсүнөн Койсун Карасартова менен жалпы журтка ажырагыс өнөрпоз жубайлар катары таанылып баштайт.
Кош жылдыздар баш кошкондон кийин чыгармачылык турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болгон. Жылдан жылга репертуары байыган өнөрпоздор өздөрү аткарган элдик тамашалуу ыр-бийлер, дуэттер аркылуу жүздөгөн, миңдеген көрүүчүлөрдүн терең урматтоосуна татышкан. Сахнанын кош жылдыздары кыргыз элинин чыгармачылыгы менен чектелбей, казак, өзбек, уйгур элдеринин тамашалуу ырларын бөтөнчө бир эргүү менен аткарышкандыктан, алар ооздон оозго алынып келет. Ага казактын «Кыздар, ай», уйгурдун «Кыпылдама» аттуу ырлары мисал боло алат.

ЭЛГЕ АРНАЛГАН АРМАНСЫЗ ӨМҮР
Аттиң!.. Кантсе да суудай куюлган өмүр жашы, кечээ эле такаларынан учкун чачыратып, шаңкылдаган үнү, чимириле бийлеген бийлери менен көргөн жанды толкундатуучу, кыргыздын кыйырына таанымал өнөрпоз айым Койсун Карасартованы шум ажал 87 жашында 2008-жылы арабыздан алып кетти. Өз өлкөсүнө өтөлгөлүү эмгек сиңирген инсаныбызды эскере жүрүүгө милдеттүүбүз.
Кайталангыс талант ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Койсун Карасартова Ат-Башы районундагы Кошой айылында туулуп-өскөн. Көркөм өнөргө жакын ал эмгек жолун 14 жашында баштап, Нарында жаңыдан уюшулган колхоз-совхоз театрына келип кирген. Жаш артист эң алгач Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» спектаклинде Какейдин образын жараткан. Өзүнүн чыгармачылык турмушунда элүүдөн ашуун ар кандай ырларды, жүзгө жакын драмалык образдарды түздү. Өмүрүнүн көпчүлүгүн театрга арнап, 58 жылдык чыгармачылык тажрыйбасында жүзгө жакын ар кандай каармандын жаркын образын жараткан.
КРнын Эл артисти, Манас орденинин ээси Сейитказы Андабеков учурда Нарын шаарында кичүү уулунун колунда. Жарым кылым жанашып, ээрчишкен жубайлардын биринин жылдыз сымал учуп кетиши жумурай журтту кайгыга салбай койбойт. Ал эми Сейитказы агайдын ичиндеги муң-зарын айтпаса да белгилүү.

КЫЛЫМДАП КАЛЧУ ИЗДЕР, БААЛАНБАГАН АСЫЛДЫК…
Заманыбыздын залкар адамы Теңир-Тоо жергесинде жашап жатканына кубанып, агайдын үйүнө учурашуу үчүн барып калдым. Өзү жашаган анча чоң эмес көчөнүн аталышы агайдын ысымынан С.Андабеков көчөсү деп илинип турат. Буга чейин ал тараптан көп өткөн болсом да, маани бербегенимди эми сездим. Албетте, агайды көрүп бир чети кубансам, бир чети карылыкка моюн сунган алсыз абалын көрүп капаландым. Агай менен жылуу учурашып, саламаттыгын сурап, бир топко баарлаштык. Убагында алган сыйлык менен медалдары өзүнчө бир музейдин текчеси болчудай. Кезинде төө минип Нарындан Казарманга чейин гастролдоп, бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнаган Сейитказы Андабеков “биз кылган эмгек кайда?” деп өткөн убакытты айтса, “андай эмгекти азыркы театр адамдары жасаса бааланып, баркталып, бир топ наам алмак болуш керек” деп ойлоп кетесиң. Анткени кечээ эле келген айрымдар Койсун Карасартова жана Сейитказы Андабеков алган наамды алып койгондору да жок эмес.
Улуттун учун улаган маданияттын мыкты кызматкери катары залкар инсандын абалын сурап, көңүлүн көтөрүп коюуга жогору жактан эч ким деле келбейт экен. Болгону, согуштун ардагери катары облус жетекчилиги тараптан сыйлоо болуп, бир жылда бир күн гана кубаныч тартуулаганга жетишет экенбиз кыргыз эли. Дал ушул кыргыздын кош жылдыздары кылымдап из калтырчу инсандар экенин унутпасак...

Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jan_27
2012-09-20 09:50:25
Эх десен???
0
zboobekova
2012-10-09 11:48:36
змне деген залкар адамдар
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан