БАТКЕНДЕ ФУТБОЛДУ КАЙРА ЖАРАТКАН АБДИРАЗАК АГАЙ

Сапаров Абдиразак Абдираимович

  • 1963-жылы 30-декабрда Баткенде туулуп-өскөн.
  • КМДТСАны аяктап, физикалык даярдык боюнча окутуучу адистигин алган.
  • Футбол боюнча КРнын Биринчи Лигасында Алай-Гүлчө (1994-1995-жылдары) жана Ноокат (1997-1998) командаларында ойногон.
  • 1989-жылдан бери футбол жана футзал боюнча машыктыруучулук менен алектенип келет. КРнын Футзал федерациясынын негиздөөчүсү.
  • “Туран” футболдук клубунун кожоюну. Үй-бүлөлүү, 2 кыз,
    1 уулдун атасы.

Баткен дегенде атагы алыска тараган өрүкзарлар, легендарлуу “Биз” тобу, Саламат Садыкова жана кайталангыс спортчулары ойго келет. Баткенде миллиондогон адамдар сыяктуу футбол деген “айыкпас дарт менен ооруган” Абдиразак агай аттуу көпчүлүк тааныган футбол машыктыруучусу бар. Сүйгөн ишине берилген агай менен көк чай үстүндө маек курдум.

Агай, баары кантип башталган?
– Баары кичине кезимде теледен айтылуу Валерий Лобановский машыктырган “Динамо” (Киев) командасынын ийгиликтерине күбө болгондо эле башталган. Теледен көргөндөрүбүздү көчө чаңытып иш жүзүнө ашырууга аракет кылар элек. Көчөмө-көчө мелдешип, ортого значокторду байгеге коюп ойночубуз. 8-классымда машыктыруучу болууну чечтим. Анткени бизди эч ким машыктырчу эмес. Кийин атам Ташкенттеги жатак спорт үйүнө алпарды. 80 талапкердин ичинен аягында экөөбүз иргелип калганда өзбек улутундагы балага токтолушуптур. Андан ары максатымды көздөй Бишкектеги жатак спорт үйүнө бардым. Бирок ал жакта футбол бөлүмүнө кабыл алуу бүтүп калыптыр. Анан бокс бөлүмүнө тапшырып өтүп, окуу башталган күнү эле футболчуларга кошулуп алгам. Жогорку билимди
КМДТСАда алдым.

ЖОЖду бүткөндөн кийин дароо футбол машыктыруучусу болуп иштеп баштадыңызбы?
– Баткенге келсем, гандбол жана жеңил атлетика боюнча машыктыруучу керек экен. Убактылуу гандбол боюнча иштеп турууга аргасыз болдум. 1 жылдан кийин спорт комитеттин уруксаты менен футбол боюнча топ түзүп, машыктыруучулук менен алектене баштадым. Ушинтип 22 жылдан ашты. Учурда машыктырган 4 тобум бар.

Атын сыймыктануу менен атаган тарбиялануучуларыңыз бар да?
– Абдураимов Данияр деген окуучум футзал боюнча КРнын курама командасынын курамында Азия биринчилигинде коло медаль тагынган. Эл аралык класстагы спорт чебери. Андан тышкары Ражабалиев Нурлан, Маманов Марат жана Матказиев Бакыт деген спорт чебери болгон окуучуларым бар.

Машыктыруучу кандай сапаттарга ээ болушу керек?
– Машыктыруучу өз ишине берилген, өз ишин мыкты билген, билимдүү адам болушу керек. Спортто машыктыруучунун ролу зор. Себеби ал келечек ээлерин тарбиялайт. Менин өз эрежелерим бар. Мисалы, мектепти бүтө элек шакирттеримди сөкпөйм. Мектепти бүттүбү, болду, чоңойду. Туура эмес бирдеме жасашса сөгүш угушат.

Ишиңиздин эмнеси жагат?
– Балдардын мелдештерге барып, аз да болсо жеңишке жетип кубанганы мага чексиз рахат тартуулайт. Ошондо алар өзүлөрүнө батпай, ушунчалык бактылуу болушат. Анан да тарбиялануучуларымдын жаман жолдорго барбай, тамеки-ичимдиктен алыс жүргөнү кубандырат.

Чынын айтсам, Баткенде Европага чейин барып келген футболчулар бар деп укпаган экенмин...
– 1989-жылы КРнын Футзал федерациясын түптөгөнбүз. Акыркы жылдары футзал боюнча европалык союздун желеги астында уюштурулуп жаткан эл аралык мелдештерге катышып келатабыз. 2010-жылы Болгарияда өткөн Европанын ачык чемпиондугуна, 2011-жылы Барселонада өткөн Улуттар кубогуна катышып келдик. Чемпион болбосок да татыктуу ойноп, айрым оюндарды жеңип, жеңиштин даамын татып калдык. Буюрса, жакында да кезектеги эл аралык мелдешке бармакчыбыз. Тилекке каршы, каражат жетишсиздигинен Европага сапарыбыз суроо астында турат.

Чет өлкөгө чыгуу үчүн каражатты кайдан табасыздар?
– Ошол жагы чоң маселе. Өзүбүз демөөрчү издейбиз. Мисалы, менин шакиртим, учурда ЖКнын депутаты Алмаз Кочкоров жардам берип турат.

Үй-бүлөнү багыш керек эмеспи. Өзүңүз балдарга демөөрчү издеп жүрсөңүз, жеңебиз “футболуңду жыйыштыр” деп жини келбейби?
– Жок, жини келбейт. Ал баарын түшүнөт. Эми Кудай берген ырыскы менен жашап келатабыз. Шүгүр. Машыктыруучулук менен алектенип жүрүп жумушумда таарынышуулар болуп, турмуштун кыйынчылыгынан Орусияга иштейм деп кетип калган күндөр болгон.

Баткенден качан футболдук команда түзүлүп, өлкө чемпиондугуна катышат?
– “Туран” деген командабыз бар. Ойнойм деген таланттуу балдар деле бар. Каражаттын жоктугунан чемпиондукка чыга албай жатабыз. Демөөрчүлөргө карап отурбай өзүм лотерея ойнотуп, команда түзүп, каржыласамбы деп жүрөм.

Аягында кызыктуу окуялардан бир шиңгил таштаңыз эми...
– Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары. Кыргызстандын түштүк зонасынын кезектеги турунда жогоруда айтылган “Туран” командасы Оштун “Динамо-ИИМ” командасы менен Баткенде ойноп жатабыз. 1-бөлүмдө 4 гол киргизип, тыныгууга чыктык. Экинчи бөлүмдө коноктор 3 гол киргизип, эсепти кыскартууга жарашты. Оюндун бүтүшүнө саналуу мүнөттөр калганда топ жарылып калбаспы. Башка топ жок. Беттешти улап, топ менен камсыз кыла албаганыбыз үчүн техникалык жеңилүү жазылган. Ошентип, утуп баратып, жарылган топтун айынан жеңилип калганбыз. Бул окуя союзга тарап, дуу болгон. Кызыгы, эртеси аким чакыртыптыр. Барсам “топ жокпу?” дейт. “Жок” десем, “эх” деп так санын билбейм, иши кылса аябай көп топ алып берген.

Базарбек Абдураимов
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nevajno
2012-09-18 14:18:44
топ жарылып башка топ жок болгонуна негедир аябай кулуп алдым!Ишинизге ийгилик азаматсыз
0
wwwwalmaz
2012-09-18 16:34:36
лейлек алгаааааааа
0
tatakozy
2012-09-20 13:18:08
Баткен алгаааааааааа!
0
jumamidin
2012-09-21 02:45:38
Batkendikter tiktegen tobu jarilip kalgan turbaiby:)) Alga!!
0
zilish_kg
2012-10-04 16:20:36
Баткен FoReVeR............
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан