“Нур” тобу: “БАРСЫҢАРБЫ?” ДЕП КЫЙКЫРТПАЙ ЭЛЕ ДҮРКҮРӨТҮП КОЛ ЧАБЫШЧУ”

Бир кезде “Гүлмая”, “Алия, “Сени күтөм”, “Жок, жок, алдаба!” деген аталыштагы ырларды баарыбыз сүйүп угуп, ырдап калар элек. 1993-94-жылдары популярдуулуктун туу чокусуна жетип, элдин эсинде калган “Нур” тобу азыр кайда деп кээде баш катырып жүрсөңүз, анда бул соболго алардын өз оозунан жооп аласыз.

Самар Шабданов,
ырчы, аткаруучу
Туулган жылы – 1980-жыл, 9-февраль Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы Учурда “Нур” тобунун ырчысы

Самаган Кочкоров,
обончу, аткаруучу
Туулган жылы – 1975-жыл, 2-июль Үй-бүлөлүү, 2 кыз,1 уулдун атасы Учурда “Нур” тобунун жетекчиси

– Топко кандайча келип калгансыздар?
Самар Шабданов: – Үй-бүлөм чыгармачылыкка жакын адамдар. “Нурга” келгенге чейин “Жаш кыял” эстрадалык тобунда иштеп жүрдүм. 1998-жылы топко келип кошулуп, азыркы күнгө чейин ырдап келе жатам.
Самаган Кочкоров: – Сынак жарыяланып калды. Күчтүү каалоом болгондуктан катышып, бирок алдыңкы орундарга жеткен эмесмин. Ошол жерден топту уюштуруучулардын бири Алманбет Исаков үнүмдү жактырып калган экен, мени чакырып, топ түзөрүн айтып калды.

– Ошол мезгилде “Нурдун” популярдуу болушу күтүлдү беле?
С.К:
– Ал мезгилде шоу-бизнес мынчалык өнүккөн эмес эле. Популярдуу болуу оюбузда жок. Алгач “Биз” тобу, андан соң “Жаш кыял”, анан “Нур” тобу эл көзүнө көрүнө баштады. Ал кезде азыркыдай шарт жок, кадимки кассета менен ыр укчубуз. Ырларыбызды угуп, топтун курамын жүзүнөн таанышпаса да, айтор, угармандарыбыз көп болчу. Кийинчерээк гастролдоп аймактарды кыдырганыбызда гана көрүп жатышты жүзүбүздөн. Андан кийин клиптерди чыгара баштадык. Ал кезде бир дарактын түбүндө туруп алып ырдасак, ошол клип деп эсептелер эле.

– Топтун популярдуулугунан бир элес...
С.К: – Азыркыга чейин ошол учурдагы кыздардын жазган каттарын, баракчаларын сактап жүрөм эстелик деп (күлүп). Клара ал мезгилде 5-класстын окуучусу эле. Эл аралап ырдап жүргөнүбүздө кээ бир замандаштарыбыз “сендей кыз болсун, оозуна түкүрүп кой” деп балдарын көтөрүп келишчү. Клара андай нерсени көргөн эмес да, оозуна түкүрүп коёр эле. Азыр Самаган деген атты уксам, туулган жылын сурайм, кубанып калам.

– Күйөрмандарды кызыктырган суроо – “Нур” тобу эмнеге көрүнбөй кетти?
С.К: – Биз бул суроого ар дайым “чыгып эле жүрөбүз” деп жооп беребиз (күлүп). Кыргызстанда кайсы жерде кандай маданият үйү бар экенин, ага кайсы жерден бурулат, баарын билем.

– Ошол кездегидей популярдуулукту сагындыңызбы?
С.К: – Албетте, сагынат экенсиң. Ал кезде эл сурантпай эле дүркүрөтө кол чабышчу, колдоо ар дайым дем-күч болот эмеспи. Сүрөткө түшсөк да концерттен кийин сахнанын артында түшчүбүз. Азыр болсо ырчыларды сахнадан эле кучактап калып жатышпайбы. Анан да сурантып, “барсыздарбы?” дедиртип жатып кол чаап калышпадыбы.

– Ал учурда дүркүрөгөн кол чабуу дем болгон болсо, азыр сиздерге эмне күч берет?
С.К: – Кайда концерт койсок да биздин ырларды сүйүп уккан ыр ышкыбоздору концерттерибизге жетип келип калышат. Ошол эле күйөрман, кол чабуу, ошол колдоо азыр да жок эмес.

– Күйөрмандардын чектен чыкканы деле болбой койбосо керек?
С.К: – Болот экен. Былтыр Кочкор-Ата шаарынан бирөө номеримди таап алыптыр. Чалып “сизден төрөгөн кызым быйыл 4-класста окуп калды. Бир жумадан кийин Москвага кеткени жатам, көрүп калыңыз” дейт. “Макул, жолугалы” десем чалбай калат. Анан кайра чала баштайт. Ошентип бир жумача чалды коркутуп. Акырында өзүм да ишене түштүм. Жубайым угуп калып, барып көрүп, “кызды алып калалы анда” деди. Ага макул болуп тиги айым менен байланышайын десем телефону өчүк, дайынсыз жоголду. Жалган айттыбы же чынбы, түшүнбөй калдым.

– Анын чын-төгүнүн сиз билсеңиз керек...
– Ха-ха... Мен да ойлоп коём, “4-класста окуп калса, мен анда жаш бала элем го” деп (каткырып).
С.Ш.: – Кудай сактасын, менде андай учур боло элек.

– Жеңелер кызганат турбайбы анда?
С.К.:
– Ким билет, кызганса кызганат болуш керек, бирок байкатпайт мага.
С.Ш.: – Жо-ок, мен да жубайымдын ишениминен тая элекмин.

– Кубандырчу жаңылыктар барбы?
С.К.:
– Буюрса, “Нур” тобунун 20 жылдыгына карата Бишкекте отчёттук концерт бергени жатабыз. Азыр ошону менен жүгүрүп жүргөн убагыбыз. Анан да Орусиянын Новосибирск шаарынан атуулдарыбыз чалып “концерт берип кеткиле” деп жатышат.

– Жаш ырчыларга ой-пикириңиздер кандай?
С.Ш.:
– Үнү бары да, жогу да ырдоого шыктанып кетишти. Бирок арасында күчтүү ырчылар бар.

“Нур” тобунун ырларын жаңыча ырдап чыгабыз дегендерге макул болосуздарбы?
С.К.:
– Расул Маматкулов бир жолу “Айгерим карындашың “Кызганамын” деген ырыңды ырдап чыгайын деп жатат” деп кайрылды эле, макул болдум. Ошондо ал ыр элге кеңири тараганда абдан кубандым. Эгер Айгеримдей жеткиликтүү ырдай алышса берем.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Gul.08
2012-09-21 03:04:58
Самаган Кочкоров аябай Сонун ырдайтда ийгилик дагы да алдыга умтула бериниздер))))))
0
koroleva_zimy
2012-09-21 09:06:55
Самар байкенин жубайы орус улутунан да.. Ошол жагы жакпайт...Самаган Кочкоровдун мунозу, мамилеси жайында. Аябай жакшы инсан!
0
Nora
2012-09-23 01:40:55
biz Tokmokto okup jurgondo Nur tobu koncert koiup kelip kaldy, biz oshtuk bolobuz dep Vika degen podrushkam ekoobuz, saxnany suzup kirip taanyshkanybyz esibiede,bizdi jakshy kabyl alyshyp, alar menen kopkoo cheiyn suiloshup oturgan elek, al ubakta sotka degen jok, kyiyn biri biribizdi jogotup aldyk.
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан