Жакында эле Кытайда өткөн мелдеште 8 өлкөнүн ичинен Кыргызстандын желегин мушкер Азамат Каныбек уулу желбиретип келди.
– Кандайсың, Азамат? Жеңишиң кут болсун!
– Рахмат, бул жеке эле менин жеңишим эмес, бүтүндөй кыргыз элинин, Ысык-Көлдүн жеңиши.
– Спортко качан аралашкансың? Устатың барбы?
– Чынын айтсам, биз мектепте окуп жүргөндө айылда азыркыдай спорттун көп түрү жок болчу. Бир гана бокс бар эле. Ошондо классташтарым, теңтуш балдарым “бокско катышып жатабыз” десе мен да кызыгып, алгач жөн гана кызык үчүн катышканымды жашырбайм. Студент кезде спортко болгон эргүүм күч алып, окуудан тышкаркы убактымдын көбү спорт залдарда өттү. Бокс менен достошуп, машыгып келе жатканыма 7 жылдан ашуун убакыт болуп калды. Биринчи устатым окуучу кезимде Марат Термечиков болчу. Азыр Разаков Мухидин агай болгон аракетин жумшап, мага өзгөчө көңүл бөлүүдө. Ошондуктан аз да болсо бийиктиктерге жетишим агайымдын аркасы менен деп баса белгилер элем.
– Демөөрчү тапкан чыгарсың...
– Өзүм бир май куюучу ишкананын кызматкери болгондуктан, ишкананын жетекчилери материалдык жактан дайыма колдоп келишет. Ал эми Кытайда болгон таймашка команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов жиберген эле.
– Кел, мелдештер тууралуу кеп козгойлу...
– Негизи, көп эле мелдештерге катыштым. Үстүбүздөгү жылдын май айында Орусияда өткөн мелдешти өзгөчө деп атар элем. Анда 3-орунга ээ болгом. 2011-жылы бокс боюнча өлкө биринчилигинде чемпион болдум. Быйыл август айында Кытайдын Ордос шаарында өткөн “Мыкты сегиздик” мелдешинде дагы 3-орунду багындырып кайттым. Анда Кытай, Италия, Таиланд, Моңголия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан катышкан. Мелдеште 1-орунга 1500 доллар, 2-орунга 800 доллар, 3-орунга 300 доллар каражат каралган. Куру калбай, үйгө жүзүм жарык, 300 доллар менен келдим. Буюрса, кийинки мелдештерде 1-орун меники болуп, желек менен бирге өлкөбүздүн гимни жаңырса деп тилек кылып жатам.
– Алдыда кандай максаттарың бар?
– Максатымдын эң бир орчундуусу – ушул эле чөйрөдө ордумду кеңейтсем дейм. 2013-жылы июнь айында Казакстандын Астана шаарында Дүйнөлүк чемпиондук болот. Ошол мелдеште баш байгеге ээ болсом, арманым жок эле.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg