КАРАКОЛДО «КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖУМАЛЫГЫ»

Шаардык мектептерде, орто жана жогорку окуу жайлар үчүн 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын кароо-сынак өткөрүлөт. Сынакка катышкандар кыргыз тили жөнүндө дил баяндарды, ырларды жазышат. Шаардык мекемелерде, уюмдарда иш кагаздар жана шаар ичиндеги бардык көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде болуусуна басым жасалат. Бул тууралуу Каракол шаардык социалдык-саясий секторунун башчысы Азамат Чыныбаев билдирди. Анын айтымында, тил жумалыгынын алкагында шаар боюнча жеке уюмдар үчүн кыргыз тилин өнүктүрүүгө басым жасалат. Ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен мамлекеттик тил мыйзамдарын ишке ашырыш үчүн атайын кыргыз тили боюнча адис кабыл алынды. Ал эми “Кыргыз тили жумалыгы” сынагынан жеңген жеңүүчүлөрдү ар бир мекеме өзүлөрү сыйлашары айтылууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан