КЫРГЫЗСТАН ЭКИНЧИ ЧИКАГОГО АЙЛАНАБЫ?

Кыргызстан жылдан-жылга криминалдын очогу болуп бара жаткандай. Жөнөкөй кылмыш бул жакта турсун, аткаминер көрүнүктүү адамдарды таламандын тал түшүндө атып кетип жаткандыктары ойлонтот. Маалыматтарга көз жүгүртүп жатып, “ушул жол менен Кыргызстан экинчи Чикагого айланбы?” деген да коркунуч туулат.

Апрель, 2005-жыл

Кара тизменин башында белгилүү каскадёрлор тобунун башчысы Үсөн Кудайбергенов турат. Үсөн Кудайбергенов 24-марттагы революцияда өзүнүн эрдиги менен айырмаланып, көптүн көзүнө түшкөн. Феликс Кулов менен Ак үйдү кайтарууга катышып, башкы жардамчыларынын бирине айланган эле. Каргашалуу 10-апрель күнү өз үйүнө кирип бара жаткан жерден жалданма киши өлтүрүүчүнүн огуна кабылган. Ошол эле жылдын бешинчи апрелинде Ош шаарында полковник Уран Алиев да киши колдуу болгон. Түштүк аймагында бараандуу фигуралардын бири болгон офицерге беткапчан адам төрт жолу ок узаткан. Экөө тең ошол замат каза болушкан.

Июнь, 2005-жыл

Баш калаабыздын борборунда парламенттин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев да киши колдуу болду. Айта кетчү нерсе, Ж.Сурабалдиев дагы 24-мартта активдүү роль ойногон. Орус драма театрынын жанынан эки беткапчан адам чыга келип Макаров тапанчасынан он төрт жолу ок чыгарганга үлгүргөн. Депутат Сурабалдиев абройлуу бизнесмен жана Бишкек шаарындагы чоң унаа базардын кожоюну болчу. Ошондой эле “Алга, Кыргызстан!” партиясынын башчысы эле.

Сентябрь, 2005-жыл

Кезектеги курмандык парламенттин депутаты Баяман Эркинбаев болду. Элдин эсинде болсо, Эркинбаев үч жолу депутаттык мандат алган. Кыргызстандагы белдүү жеке ишкерлердин бири болгон. Ушул эле жылы ага дагы бир жолу 22-сентябрь күнү саат ондордо өз үйүнө кирип бара жаткан жерден кол салынган. Айдоочусунун айтымында, жалданма киши өлтүрүүчү жашынып турган жеринен ок чыгарган да, көздөн кайым болгон. Жарат алган Эркинбаев “тезирээк... ооруканага” деп айтуу менен эсин жоготкон. Мойнуна жана жүрөгүнө таамай тийген ок аны куткарган эмес. Ушул эле айда жеке ишкер жана бизнесмен, Кара-Суу шаарындагы базардын ээси Абдалим Жунусов да киши колдуу болгон эле. Таң атпай куралчан адамдар үйүнө кирип келишип ок чыгарышкан.

Октябрь, 2005-жыл

Депутат Тынычбек Акматбаев да октон курман болду. №31 колонияда чыккан көтөрүлүштү басаңдатуу максатын көздөгөн Тынычбек Акматбаев 20-октябрда ал жакка жол алган. Бирок көтөрүлүшчүлөр андан бетер чыр чыгарышып, кандуу жаңжал коштогон атышуу башталган. Капысынан ок жаңылган Тынычбек Акматбаев менен бирге анын үч жансакчысы каза болгон. Эркинен ажыратылган адамдарда кайдан курал пайда болгону ушул күнгө чейин табышмак болуп келет. Ошол эле жылдын 15-октябрында Ош шаардык Кеңешинин депутаты Айбек Алимжанов да курман болгон. Шаардын борборунда жайгашкан “Ала-Тоо” кафесинде жакын санаалаш достору менен сүйлөшүп отурган эле. Караңгылыктын кучагынан суурулуп чыга келген беткапчан адам Алимжановго карай ок узаткан. Башына ок тийген Айбек Алимжанов ошол замат жан берген.

Январь, 2006-жыл

Депутаттардан өтүп, кезек эми спортчуларга жеткен белем. Атактуу балбаныбыз, грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Раатбек Санатбаев жарык дүйнө менен кошотошуп кете берди. Өлөрүнө аз күн калганда Улуттук олимпиадалык комитеттин башчылыгына өзүнүн талапкерлигин койгон эле. Эл аралык класстагы спорт чеберибизди 8-январда Бишкектеги 7-кичирайонунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылганы менен, бул кылмыштын бети алигиче ачылган жок. Азыр жыл сайын Раатбектин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өткөрүлүп келет. “Көзү тирүү болсо, Раатбек Санатбаев элине далай эмгек кылмак”,- деп эскеришет замандаштары.

Март, 2008-жыл

Майрамдык кечеден кийин үйүнө кайтышкан “Вечерний Бишкек” гезитинин журналисти Юрий Александров жубайы экөө дайынсыз жоголушкан. Экөөнүн жансыз денелерин бир нече күндөн кийин табышкан.

Сентябрь, 2008-жыл

Депутат Жусупжан Жээнбековдун баласы Бактияр Амражанов белгисиз адамдардын аракети менен уурдалган. Буга улай эле Жогорку Кеңештеги СДПК фракциянын мүчөсү Руслан Шабатоев 30-сентябрда дайынсыз жоголду. Учурда депутат Шабатоевдин жана депутат Жээнбековдун уулу Бактияр Амражановдун жоголушу, аларды издөөнүн жүрүшү боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө.

Март, 2009-жыл

Алматыдан келе жаткан КРнын Президентинин администрациясынын экс-башчысы Медет Садыркулов кырсыктын курманы болду. Четте токтоп турган машинага Ауди үлгүсүндөгү машина күч менен келип кагылган. Натыйжада, экөө тең күйүп кеткен.

Апрель, 2009-жыл

“Ак жол” партиясынын мүчөсү, депутат Санжар Кадыралиев киши колдуу болду. Күбөлөрдүн айтымында, С.Кадыралиев үйүнөн чыга бергенде белгисиз бир адам алдынан тосуп чыгып сүйлөшкөндөй болгон жана ошол замат «тарс» деген үн чыгып, депутат жерге кулап түшкөн. Ага ок аткан адам көп кабаттуу үйлөрдү аралап качып кетүүгө жетишкен. Жанындагылар Санжарды сактап калууга үлгүрбөй калышкан.

Маалымат “www.pozit.ru” сайтынан алынды.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 338, 24-30-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан