БАЛЫКЧЫДА АРДАГЕРЛЕРДИН АКЧАСЫ КӨБӨЙДҮ

Балыкчы шаарында карыларга көңүл бөлүнүп, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн ардагерлерине 300 сом эсебинде кошумча акча кошуу жергиликтүү бюджеттен каралды. Маалыматка ылайык, пенсионерлер айына орточо эсеп менен 3000-3500 сомдун тегерегинде акча алышат. Балыкчы шаарында жалпысынан 4 миңге жакын ардагер жашайт. Мындан ары айына ар бир жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн кары адамдарынын пенсиясына 300 сомдон кошулуп берилет. Алар көбүнчө согуштун ардагерлери жана тылда эмгектенгендер. Муну менен эле токтоп калбастан, эми пенсионерлер үчүн шаар ичинде маршруттук жол кирени бекер кылуу жагы да каралууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан