Каракол шаары боюнча 6 ай аралыгында 18 миң метр куб таштанды чыгарылат. Шаар тургундарынан бир кишиге айына 15 сом өлчөмүндө каражат чогултулат. Айрым тургундар таштандыга акы төлөбөй келишет. Бир эле район бүгүнкү күндө 410 миң сом таштанды үчүн карыз. Эми карыздарын төлөбөгөндөргө мыйзам чегинде жоопко тартуу каралууда.