Түп районунда бул жылга 53 миң гектарга айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Түп райондук айыл чарба департаментинен билдиришкен. Маалыматка ылайык, 1000 гектар жердеги дан өсүмдүктөрү комбайндын барасына илинбегендиктен, дыйкандар түшүмдү жыйбай таштап салууга аргасыз. Райондогу элдин көпчүлүгү буудай, арпа себүү үчүн насыя алып, жерди ижарага алып иштетишкенин айтышат. Жер аянттарынан түшүм болбой, эми ижара акысын жана насыяны төлөө кыйынчылык туудурууда. Айласы кеткен айылдыктар алган насыяларын эмки жылкы түшүмдүн эсебинен кайтарууну суранууга мажбур.