Рысбек Токтобаев: «МУЗЫКАЛЫК БИЛИМИМ ЖОК, БИРОК ЭЛДИН ЖҮРӨГҮНӨН ОРУН ТАБА АЛДЫМ»

Таланттуу ырчылардын катарын Рысбек Токтобаев да толуктайт. Таланттуу экенин ырдаган ырынан эле эмес, тойлорго тынбай чакырылып, элдин купулуна толо алганы да далилдеп турат. “Кош чака кармап колуңа” аттуу ыры кимдин гана жүрөгүнөн орун алган эмес. Мына ушул ырчы Рысбек Токтобаев менен болгон маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

– Саламатсызбы, Рысбек, көрүнбөй кеттиңиз го...
– Саламатчылык. Концерт бере элекмин, бирок чакырган жерге барып ырдап эле жүрөм. Жаңы ырларды да жаздырып жатам.

– Аккан арыктан суу агат дейт, сиз да бирөөнүн арыгын улап келе жаткандырсыз?..
– Мен эч кимдин арыгын улабай элемин. Менден кийинкилерге булак башы болуп жатсам керек. Үй-бүлөдө ырга шыктуулар жок, мен өзгөчөлөнүп калган окшойм. Менин музыкалык билимим жок. Бирок фортепиано менен гитарада ойнойм. Музыкалык окуу жайда досторум билим алышчу, ошолор менен жүрүп эле үйрөнүп алгам. Кызыгуу, талант күчтүү болсо, аны токтото албайт окшойсуң. Музыкалык билимсиз деле талантың менен элдин жүрөгүнөн орун ала аласың.

– Музыкалык окуу жайда билим алган досторуңуздан эл оозунда жүргөн ким бар?
– Оргуштап эл арасына чыкпаса да, мектептерде алган билимин окуучуларга үйрөтүп иштеп жаткандары бар. Чыгармачылыктан таптакыр алыстап, башка тармак менен кеткендери да болду. Эми Кудайдын айтканы болот экен да.

– Жеке жашооңузга кайрыла кетели...
– Бир уул, бир кыз, бир аялым бар. Уулум Бекбол төрт, кызым Жанымгүл эки жашка чыкты.

– “Кош чака кармап колуңа, койкойгон келин болупсуң...” деген саптардан турган ырыңыз эл арасына бат сиңип кетти. Бул ырдын мазмуну жеке жашооңуздан алынганбы?
– Ырчылыкты мен мындай түшүнөм. Кээ бирлер “ырды эргүү келгенде түнү же жалгыз калганда жазам” дешет. Мен ырчылыкты жумуш катарында көрүп, мезгилди күтпөйм, эргүүнү да күтүп отурбайм. Жакшы ыр жазышым керекпи, ошол учурда “Ямаха” же гитараны кармап алып жаза берем.
“Кош чака” деле ошентип айылдын турмушунан жазылып калган ыр. Ырдалып жаткан ыр ошол ырдап жаткан ырчынын гана жашоосу эмес, ал, балким, бирөөнүн жашоосун ырдап жаткандыр... Бул ыр жеке менин жашоомдон алынган эмес. Болгону, айылдагы жигиттердин башынан өткөн окуя баяндалган. Сөзүн лейлектик Эсен Кудайбердиев деген агам жазган. Обону өзүмө таандык.

– Үй-бүлөдө эч ким музыкага жакын болбосо, сиздин обончу болуп, ырдап калганыңызга эмне түрткү болду?
– Жаштайымдан эле музыкага шыктуу болдум. Атам менин ырдаганыма аябай каршы болгон. Айылда Акыл Рахманов деген киши бар болчу, ошого эле бара берчүмүн. Ал музыкалык билими бар, 5-6 аспапта ойногон таланттуу инсан. 3-4 жылдай ошол кишинин жанында жүрдүм. Атам карыдыбы же тажадыбы, менин ырдап жүргөнүмө көңүл бурбай койду. Мектепти аяктаганымда башка кесипке окуткан, аны 5 айдай окудум да, таштап салып музыканын арты менен жүрүп алдым.

– Максатыңызга жеткен экенсиз, шок бала болгонсуз го анда?
– Шоктук жагынан биринчи орунда элем. Менин үстүмдөн арызданып атама күндө адам келип турчу. Бала кезде тентек болбогон эч ким жок болуш керек. Досторуң бирөөнү көрсөтүп “ур” десе, кыйындыгыңды көрсөтүп урасың. Көрсө, андай куракта башкалардын акылы менен жашап, кийин гана туруктуу мүнөзгө ээ болот экенсиң.

– Спортко кызыгасызбы?
– Күрөшкө кызыгам. Футбол ойнойм, көк бөрү тартам. Жылкы өстүрүүчү фирмам бар. Азыр чыгармачылыкка караганда убактымды ошол жакка көбүрөөк бөлүп жатам. Жылкыларды Орусиядан алдыртам, ошол жактын породасы. Учурда 4 жылкым бар.

– “Өзгөнгө барып балык кармап келдик” деп калдыңыз. Балык уулоодо чебер окшойсуз?
– Достор чогулуп балык кармап, эс алганы барганбыз. Эки күндүн биринде балык кармаганы барып турбасам болбойт. Бул мага салт болуп калган. Көбүнчө жалгыз барам. Мен сыяктуу балык уулоого кызыккан досторум жок. Эгер досторумду ээрчитип алсам, бир аздан кийин эле кеттик дей башташат. Андайда менин көңүлүм чөгөт. Ошол себептен көпчүлүк учурда жалгыз барам.

– Маегиңизге рахмат. Сизден жакшы ырларды күтөбүз.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
zhorobekt
2012-09-18 09:00:54
Жылкы остуруучу “Фирманызда“ жылкыларыныз кооп болсун, чыгармачылыгынызга ийгилик.
0
Emil.
2012-09-18 09:02:04
Чыныгы таланттуу ырчы. Иштеринизге ийгилик!
0
solnyshko
2012-09-18 11:13:49
хе хе бир аялым бар дейт го...
0
konya
2012-09-19 01:54:15
Жылкы остуро турган ферма болушу мумкун, сиздин фирманызга тушуно албай турам....
0
nurbek_posol
2012-09-19 14:27:20
Чыгармачылык ийгилик каалайм. Апакем деген ыры аябай жагат, жакшы ырдаган.
0
tishka
2012-09-19 17:25:07
"Кош чака"аттуу ырдын обону башка эле бироонуку го.Бул ыр менин билишимче 1993-жылдары чыккан эле.Болгону жаныча стилде гана ырдап чыкты.
-1
koroleva_zimy
2012-09-19 19:45:16
tishka, туура айтасын! Бул ырдын обону башка бироонуку. Адашпасам Чаткалдык бир байкеники эле(ысымын эстей албай койдум кашайып). Жайында лагерьде эс алып жургонубуздо,ошол байкеге кошулуп обон созуп калар элек. Автор байкуштар чекеде калып калса капа болушат да..
-1
jhanibek
2012-09-19 22:40:13
koroleva_zimy, чаткалдык КОЗУБАЕВ БАКЫТ деген брат ырдап журчу созу да ошонуку
-1
prezent
2012-09-22 18:36:50
Эл-журт,кантсе да Рысбек мырза ырдап чыкты,даана так эл оозуна алынды,эми буткон ишке сынчы коп боло бербегиле!! ушул смайликти коруп,род на замке болсун!!Рысбек,,эркек ырчы..кыбыраган кыш ашат.брат сизге оомат каалайбыз
+1
Asulbek
2012-09-23 12:40:50
рысбек токтобаевдин жаны ырларынан жуктогулочу
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан