Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова акыркы жылдары мыкты устат катары кино жана театр жаатында жаш актёрлорду тарбиялап келет. Актрисанын туурунан учкан алгачкы балапандары бул жаатта биринчи ийгиликтерин жаратып, эл оозуна алына баштады. Ал тургай "балдарым эл аралык фестивалдарга байма-бай катташууда" дейт актриса кубана. Анан да бул балдардан келечектин Сүймөнкулу менен Таттыбүбүсү чыгарына ишенет.
Андыктан Жамал Сейдакматова кино жана театр артисттерин даярдоого сынак жарыялоодо. Быйыл сынактын талаптары катуу болуп, катышуучулардын үнүнөн баскан-турганына чейин сындалмакчы.