7-9-сентябрь күндөрү Крымдын Ялта шаарында өткөн "Чыгыш базары" сынагына Кыргызстандын атынан катышкан ырчыбыз Азамат Сарыбаев куру кол кайткан жок. Үчүнчү орунга жеткен ырчылардын арасына илинип, диплом жана Түркиянын Стамбул шаарына эс алууга жолдомо алды.
"22 өлкө катышкан сынакта 1-күнү "Күңөтай" аттуу элдик ырды созуп дүркүрөгөн кол чабууларга арзып, 2-күнү Муса Баетовдун "Сагынам" ырын ырдап калыстардын мактоосуна татыдым",- дейт ырчы. Азаматка "азаматсың!" деп, дагы да чыгармачылыкта ийгиликтерге жетишине тилектешпиз.
Эске салсак, гран-приге Азербайжан, ал эми 1- орунга Казакстан менен Беларусь, 2-орунга Якутия илинген.