Ырчы Каныкей чет өлкөдө жүргөн мекендештерибизге "кайда гана жүрбө, жашоо белек экенин бил" деп Нью-Йорктон кайрылуу узатты. Дегенибиз, ырчы АКШда тартылып жаткан "Салам, Нью-Йорк!" тасмасына саундтрек жаздырып келди.
Талапка ылайык, "Садагам" деген бул ырдын клибинин бир бөлүгү аталган шаарда тартылган. Клиптен метродон, Атлантика океанынын жээгинен жана Бруклин көпүрөсүнөн тартылган кадрларды кезиктирүүгө болот.
Бул тасманы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" наамын алган "Бишкек, мен сени сүйөм!" фильминин жаратуучуларынын бири Руслан Акун тартууда.